ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАНДЕМИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ ОҢ БАА БЕРДИ

  • 26.05.2020
  • 0

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова Би-би-сиге берген маегинде коронавирус илдетинин жайылышына каршы Кыргызстанда көрүлүп жаткан чараларды дурус деп мүнөздөдү.

ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАНДЕМИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ ОҢ БАА БЕРДИ

Дүйнөлүк абройлуу бул уюмдун кызматкери өлкөбүздө 2020- жылдын январь айынан башталган коронавирусту ооздуктоо аракеттери өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берип жатат деп эсептейт.
— Көп адамдар COVID -19 илдетине каршы иштер Кыргыз Республикасында кантип башталганына этибар албагандай. Бул оору Кыргызстанга келе электе эле Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Өкмөт бизге кеңеш сурап кайрылган. Биз баардык донорлор, саламаттыкты сактоо кызматтары жана өнөктөштөр менен биргелешип кеңешме өткөрдүк, — дейт ДССУнун өкүлү.

ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАНДЕМИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ ОҢ БАА БЕРДИ
Андан ары ал Кыргызстанда коронавирусту ооздуктоо боюнча алгылыктуу иштер кандай жүргүзүлүп жатканына токтолду.
— Эң башкысы, республикалык штаб түзүлүп, баардык көйгөйлөр ачык талкууланып жатты. Бул биздин иштин өтө маанилүү жагы. Ооругандар, айыгып чыккандар, каза болгондор жөнүндө маалымат күндө элге жеткирилип жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өз кезегинде коронавирустун жайылышы жөнүндө, баардык 199 өлкөдөгү болуп жаткан кырдаал тууралуу маалыматты Өкмөткө берип турабыз, — деди Назира айым.

ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАНДЕМИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ ОҢ БАА БЕРДИ
Маанилүү маекте Кыргызстанда кабыл алынган чаралар иштиктүү болуп жатканы айтылат.
— Кабыл алынган чаралар иштиктүү болуп жатат. Чек аралар жабылды. Карантин жарыяланды. Чет мамлекеттен келгендер, эгерде алар келген өлкөлөр карантин категориясына туура келсе, 14 күн карантинде болушу керек. Андан сырткары, ооруган адамдын ким менен байланышта болгону такталууда. Бул да өтө маанилүү, — деп белгилейт ДССУнун өкүлү.

ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАНДЕМИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ ОҢ БАА БЕРДИ
Би-би-сиге берген маегинде Назира Артыкова алгылыктуу иштери үчүн медициналык кызматкерлерге рахмат айтып, ыраазылык билдирди.
— Мен медициналык кызматкерлерди коронавирус менен ооругандарды биринчи тосуп алып, алдыңкы чекте жүргөн баатырлар дейт элем. Алар өздөрүнүн ишине кесипкөйлүк менен мамиле кылууда.

ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ПАНДЕМИЯГА КАРШЫ КҮРӨШКӨ ОҢ БАА БЕРДИ
Ошондуктан бизде өлүм-житим деңгээли Борбор Азия аймагында эң төмөн — 1.1 ,% ! Ал эми саламаттыкты сактоо системасы өнүккөн башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 7-10% га чыгып кетти. Дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын глобалдык жетишсиздигине карабай Кыргызстанда бүгүнкү көрүлүп жаткан чаралар жакшы жыйынтыктарды берди, — дейт Назира Артыкова.
А. Алибеков, ‘Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер