АСКАР ТООДОЙ АТАЛАР!

  • 25.05.2020
  • 0

Редакциядан: Елжас Ертай уулунун «Эң мыкты ата» аттуу китебин педагогика илимдеринин доктору, Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, бир нече китептердин автору Кыялбек Акматов кыргыз тилине которду.

Эгер уулуңуз эр жигит, кызыңыз ыйбалуу болсун десеңиз, бала тарбиясына түз аралашыңыз! “Бала тарбиясы аялдын милдети” деген жалган ойдон арылыңыз! Бала тарбиясы биринчи кезекте АТАНЫН МИЛДЕТИ. Балдарыңыздын келечегине, мүнөзү менен тартибине СИЗ жооптуусуз. Аялыңыз өтө укмуш инсан болушу мүмкүн, деген менен ал атанын ордун баса албайт, СИЗ берүүңүз керек болгон тарбияны бере албайт.

Баланын жашоосунда атанын орду өзгөчө. Ошол орундун ээнсиреп бош калуусуна жол бербеңиз!

Уулуңуз менен кызыңызга СИЗДЕН ашкан баатыр, СИЗДЕН ашкан үлгү жок! СИЗ алар үчүн жалгызсыз! Аларды үлгүсүз калтырбаңыз!

Уулуңуз бой жеткенде жакшы үй ээси болууну СИЗДЕН үйрөнсүн, кызыңыз болочок жарын тандоодо СИЗДИ башкы көңүлгө алат. Алардын эртеңине балта чаппаңыз!

Үй ээси, ойгонуңуз!

Колуңуздагы телефон, алдыңыздагы сыналгы өсүп кетпейт, СИЗ карабай койсоңуз иренжип калбайт, өзүн бактысыз сезбейт. Алар сизсиз да өмүр сүрө алат. А балдарыңыз чоңоюп кетет, кээде кандай чоңоюп кеткенин байкабай да каласыз! СИЗ аларга карабасаңыз, иренжийт, жараланат, өздөрүн БАКТЫСЫЗ сезет. СИЗ аларга керексиз! Мага ишенбесеңиз, барып өздөрүнөн сурап көрүңүз!

Аскар тоодой АТАЛАР! Балдарыңыздын жаныңызда жүрүп өздөрүн АТАСЫЗ сезүүсүнө жол бербеңиздерчи!

Кызын кучактап, мээрим менен

сүйө албаган аталардын кыздарына

боорум ачыйт. Анткени бул жашоодо эч бир эркек

кызды атасы кучактагандай мээрим менен

кучактай албайт!

Бөлүшүү

Комментарийлер