МАТЕМАТИКАНЫ САПАТТУУ ОКУТКАН ОНЛАЙН-ЭЛЕКТРОНДУК ПЛАТФОРМА

  • 16.05.2020
  • 0

Россиялык чоң окумуштуу, профессор А.И.Зайцев баштаган автордук коллективдин “01Математика” онлайн-электрондук окуу китебин Бишкектеги Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинде колдонуу пландары талкууланууда.

 Дүйнө жүзүн бүт каптаган эпидемиядан улам болуп жаткан коомдогу өзгөрүүлөр адамзатка ошол кырдаалга жараша жаңы изденүүлөрдү жана жаңы ачылыштарды жасоого жол ачып жатканы баарыбызга айдан ачык байкалууда. Ушуга жараша биздин өлкөдө да билим берүү айдыңы четке сүрүлүп калбай, аралыктан окутууну өз убагында жолго коюу аракетин көрүүдө. Коом бири-бирине эриш-аркак болуп, бирин-бири толуктап турганда гана өнүгөт эмеспи.

МАТЕМАТИКАНЫ САПАТТУУ ОКУТКАН ОНЛАЙН-ЭЛЕКТРОНДУК ПЛАТФОРМАОшондой жакшы иштин бир айкын мисалы болуп жакында Россиядагы Сколково эл аралык гимназиясынын математика кафедрасынын башчысы, профессор А.И.Зайцев жетектеген автордук коллективдин “01Математика” долбоорун колдонуу боюнча биздин лицейде башталган иштерди айтсак болот. Кыргызстандын Россиядагы элчиси А. Жекшенкулов жана өзүбүздүн Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу сунуш келгенден кийин, биздин педагогикалык жамаат бул заманбап платформа менен интернет аркылуу таанышып, өзүбүздүн мектепте аны колдонуу жагын талкуулап баштадык.

Ошондой эле платформанын жетекчиси А.И.Зайцев мырза менен Zoom (https://us02web.zoom.us/j/83975690295) аркылуу биздин мектептен түзүлгөн чакан команданын конференция жолугушуусун өткөрдүк. Анда А.И. Зайцев бул платформа менен тыкан тааныштырып, анын негизги артыкчылыктарын вебинарда толук жеткиликтүү айтып берди.

 

МАТЕМАТИКАНЫ САПАТТУУ ОКУТКАН ОНЛАЙН-ЭЛЕКТРОНДУК ПЛАТФОРМАОнлайн окуу китеп, видео сабактар, көрсөтмөлүү графика

 

1) «01Математика» онлайн-электрондук окуу китеби окуу материалдарын терең түшүнгөнгө, математика предмети боюнча жогорку сапаттагы билимге ээ болгусу келген мектеп окуучуларына арналып иштелип чыккан аралыктан билим берүүчү платформа болуп саналат. Эгерде Сиздин окуучунуз математика сабагынан жакшы жыйынтыктарга ээ болсо, анда биздин программа боюнча иштөөнүн жардамы менен болгон көндүмдөрүн дагы бир текшерип бекемдеп алууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

2) Мындай жыйынтыктарга ээ болуш үчүн, биз, бардык темаларды так иштеп чыктык. Мында ар бир тема төрт бөлүмдөн турат – теория, адаптивдүү окутуу, практикалык тапшырмалар жана текшерүү жумуштары. Системадагы ар бир тапшырманын окуучулар үчүн чыгарылыштары жана көпчүлүк тапшырмалардын видеочыгарылыштары берилет. Мындай ыкмада окуучу кайсы жеринен түшүнбөй жатканын анализдеп билип, билимин толуктап алат. Тапшырмалардын татаалдык деңгээли жай башталып акырындык менен жогорулап олтурат, ошондуктан биздин системада каалаган окуучулар кирип иштесе болот.

3) Биздин онлайн-окуу китебинин жардамын менен ата-энелер өзүнүн баласынын окуп жатканын толук көзөмөлгө ала алышат. Колдонуучунун кабинетинде ата-энелер баласынын канча убакыт окугандыгын, кайсы темалар боюнча кандай баалар алынганын көрүп турушат. Ата-энелер репетиторлорго кайрылып убара болбойсунар, окуучуну жөн гана компьютерге олтургузуп класс боюнча темаларды тандап алып видеочыгарылыштарын коюп берүү менен жакшы жыйынтыктарга жетишсе болот. Мындагы видеочыгарылыштарда биздин такшалган мугалимдер коюлган маселени чыгаруу процессин шашпай жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүп беришет.Урматтуу ата-энелер, балдарыңар биздин билим берүү платформасынан видеосабактардын, көрсөтмөлүү графиканын жардамы менен сиздерди кыйнабай эле өз алдынча математика сабагын жогорку деңгээлде өздөштүрө алат деп практикада аныкталып, жакшы жыйынтыктарды берип жаткан системанын иштөөсүнө кепил боло алабыз.

4) Ошондой эле биздин электрондук окуу китептерибизди мектептерде аралыктан жана күндүзгү аралаш окуу системаларында колдонсо болот. Мында окуучулар электрондук китептерди класста деле, үйдө деле колдонуп окуй беришсе болот. Электрондук китептер сабактарды ооруп кое берип жиберип окубай калган же ден соолуктарына байланыштуу мектепке бара албаган окуучулар үчүн дагы ылайыкташылган система болот. Мындан башка биздин платформада текшерүү жумуштарын аткарууга, жаңы жекече тапшырмаларды берип окутууда жүргүзүлөт да окуунун жыйынтыктары статистикасы мугалимге дагы, ата-энеге дагы каалаган мезгилде кароого мүмүкүнчүлүгү болот. Ошентип, «01Математика» онлайн-электрондук окуу китебин ишеничтүү түрдө, апробациядан өтүп алдыңкы жыйынтыктарды көрсөткөн билим берүү платформасы катарында мектеп математикасын тереңдетип окутуу сунуштайбыз.

Биздин «01Математика» платформабызда:

—  21000ден ашык математикалык тапшырмалар;

— 1500ден ашык видеочыгарылыштар;

— 80ден ашык мектеп, 500дөн ашык класстар онлайн-электрондук китептерин окуу процессинде колдоно башташты;

— 50000ден ашык катталган колдонуучу болду.

Мындай кеӊири тааныштыруудан кийин алдыдагы жасай турган иш-чаралардын багыттарын  кызуу талкуулаганга жетише алдык. Аралыктан окутуу алкагындагы бул иштер азыр эле эмес кийинки окуу жылында олттуу чоң өзгөрүүлөрдү жана бийик жетишкендиктерге алып бараары талашсыз кендигин айтууга болот.

Чейректин аягына чейин мугалимдер «01Математика» билим берүү платформасы менен таанышып, интерфейс менен иштөөнүн көндүмдөрүнө ээ болуу менен кийинки окуу жылына карата системаны окуп үйрөнүп окуу процессине колдонуу максаттары талкууланды.

Жыйынтыктап айтканда, орто мектепте математика предметин окутуудагы санариптик технологиянын жардамы менен аралыктан окутуунун принциптери иш жүзүнө ашырыла баштайт. Эӊ башкысы окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө электрондук окуу материалдары түзүлүп, өз алдынча иштөө аркылуу билим сапатын көтөрүүгө заманбап санариптик технологияны колдонуу менен жетише алышат.

Азыркы учурда профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде базистик окуу планындагы предметтер боюнча 43 электрондук китептердин (https://edu-nlsit.jet.kg/?module=login) варианттары иштелип чыгып, жалпы республиканын окуучулары 4 чейректин окуу электрондук материалдарынан пайдаланып, аралыктан окуп билим алып жатышат.

Жогоруда айтылган «01Математика» долбооруна кошулуп иштөө электрондук китептердин сапатын дагы бир деӊгээлге жогору карай көтөрөт деп ишенимдүү айта алабыз.

 

Муратбек Касмалиев, Улуттук инновациялык технологиялар лицейинин директору

Бөлүшүү

Комментарийлер