МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ

  • 14.05.2020
  • 0

 Эл аралык долбоорлордо эмгектенген учурунда  Ош менен Жалал-Абаддын ондогон мектептеринин, бала бакчаларынын чатырларын жаңылап, таза суу киргизип, ашканаларын оңдоп, окуучулар  үчүн билим алууга зарыл шарттарды түзүүгө эбегейсиз  зор салым кошкон кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Арабидин Абдилат уулу 11-майда чын дүйнөгө сапар алды.

МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ

Арабидин Оштун күн чыгыш тарабындагы илгерки Калинин колхозунун Маданият айылында туулуп-өскөн. Атасын курсташыбыз Макамбай ‘Андропов» деп койчу. Ал киши тубаса билимдүү, акыйкаттыкты баалаган, өтө адилет адам эле. Арабидин адамдык көп асыл сапаттарды атасынан алган деп ойлойм.

МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ
1978-жылы тагдыр биздин жолду бир кылды. 1-сентябрь болсо керек, сабактын башталышын күтүп, инфактын фойесинде турабыз. Ошондо биринчи жолу Маяковскийдей узун бойлуу, Жоомарт Бөкөнбаевдей тармал чачтуу, чымыр денелүү, көз айнекчен жигитти көрдүм. Көз айнегине карап,   «китепти көп окуган го» дедим ичимден.

Кийин билсем, куду мен ойлогондой болуп чыкты. Атасы колхоздун коюн баккандыктан, Арабидин жаштайынан Кара-Суудагы Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатта окуп калат.  «Бөлмөдөгү балдардын баары уктап калганда, каалганы бир аз ачып коюп, коридордогу электр жарыгына китеп окучумун» деп айтып калчу.

Мен ошондо аны менен бир группада окуп калам деп түк ойлобопмун. Эки-үч жыл катары менен тапшырып,  акыры өзү самаган окууга өткөн Арабидин башынан жакшы окуду. Группанын старостасы болду. Окууда болсун, пахта теримде болсун, студенттик курулуш отрядында болсун, алдыңкы катарда жүрдү.

Айрыкча айыл чарба иштеринде анын эң мыкты адамдык, жолдоштук сапаттары байкалды. «Биз жогорку окуу жайда окуйбуз, бири-бирибизге карамдуу бололу!» дечү. Өзү да бул жагынан бизге дайыма үлгү!

МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ

Макамбай экөөбүз балдардын арасында эң кичүүсүбүз. Онду жаңы эле бүткөнбүз. Бир жолу кырманга чоң машина толо жүктөлгөн жер семирткич келди. Арабидин, Абдыманап, Рахим акелер: «Силердин сөөгүңөр ката элек. Биз эле түшүрөбүз. Силер чайнекке суу ташып тургула!» дешип бизге агалык кам көрүштү.

Эми ойлосом, бул адамгерчиликтин туу чокусу экен! Азыр  классташ балдардын бири-бирин аёосуз  сабашканын укканда, студенттик кездеги биздин жогоркудай сый мамилебиз аргасыз эсиме түшөт.

Арабидин мага дайыма биздин балдардын атасындай сезилчү. Өзү да баардык балдар-кыздар экзамен-зачетун тапшырып бүтмөйүнчө, жатаканага басып кетчү эмес.
Мындай жолдоштук сапаттары кийинки турмуштук жолунда өөрчүп-өнүгүп олтурду.

МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ
Окууну ийгиликтүү бүткөн соң, эки жылдай айылдык мектепте англис тил мугалими болуп иштеди. Анан элге жардам берсем деген тилеги орундалып, Бишкектеги Президенттин алдындагы Башкаруу академиясына окууга өттү.

Бул жерден Кыргызстандын түш  тарабынан келген жаштардын арасында Канадага барып, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүп келди.

Кийин ошол билиминин кереги элге тийди. Түштүктө эл аралык долбоорлорду жетектеп, эчен мектептерге, бала бакчаларга эсепсиз жардам берди. Билим берүүгө көңүл бурулбай калган Акаев доорунда мындай каржылык колдоого мектептер аябагандай муктаж болчу.

Ошко бир сапар барганымда, досумдун мурунку обком имаратындагы кеңсесинде жардам сурап келген элдин көптүгүнө таң калгам.
Арабидин мында келгендердин ар бирине көңүл бөлчү.  Бирок акыркы чечимди  жерине барып таанышып келгенден кийин гана  чыгарчу. Мен бир кишинин арызданып келгенин укканым жок. Бирге окуганбы, окубаганбы, анысына карабай, баарына тегиз мамиле кылар эле.

МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ

Жасап жаткан опол тоодой эмгегин көрүп, биз, курсташтары, сыймыктанып калчубуз.
Арабидин өзү да курсташтары тууралуу жакшы пикирде болчу. Ийгиликтерине кошо кубанар эле. «Каракулжалык Маалимканды билесиң. Өзүнө тың директор болуптур. Долбоорун жактырып, мектептин чатырын жаңылап бердик» дегени эсимде.
Дагы бир жолу: «Каныбек ооруп калыптыр. Болбосо жыйырма жылдыкка келмек» деп, жолугушууга келгендерди баштап алып, Ала-Букага  барып келгенбиз.
Деги эле курсташтардын бир да жолугушуусу Арабидинсиз өтчү эмес.
Биздин жээр тамагыбыздан, жатаар жерибизге чейин даярдап, күн мурунтан баарына телефон чалып, келер-келбесин тактап турчу.

Досубуздун мекенчилдик сезими да бийик болчу. Өздөрү кыргыз мектебинен билим алып, балдарын өзгө тилдеги мектепке жетелеп баргандарга таң калчу. «Мындайлар туура эмес кылышканын кийин түшүнөт» дечү.

Арабидин достукка да бекем эле. «Алимжан, Ош жакка качан келесиң? Сенин келишиңе карап балдарга кабар берейин» дейт телефондон.  Үйгө жеткенде дагы кабар алып: «Бүгүн эс ал. Эртең жолугалы!» деп телефон чалар эле.

Анан эртеси Кара-Суунун «Встреча» чайханасында дасторкон үстүндө курсташтар чер жазып сүйлөшүп, сагынычыбызды жазчубуз. Ошко канча барбайын, Арабидин: «Сен алыс жолдон келдиң!» деп мени төргө өткөрчү.

МАКТАСАК СӨЗ ЖЕТКИС АДАМ ЭЛЕ

Акыркы жолугушуубуз Сүйүн досубуз  уулун үйлөгөн тушта ноябрь айында өттү. Кийинкиси Нооруз майрамына улай  болмок. Бирок коронавируска байланыштуу  жолукпай калдык. Алдыда жолугабыз деген ниетибиз бар эле. Аттиң дүйнө!
Тилегибиз ойрон болду…Шум ажал алтындай досубузду арабыздан жулуп кетти. Азыр баарыбыз кайгырып турабыз…
Чогуу окугандардан келген аза каттарына орун бере кетейин: «Чоң жоготуу! Арабидин элге эмгеги сиңген адам эле» (Гүлмира Абылкасымова), «Арабидин биздин курсташтардын жүрөгү эле» (Алтынай), «Азыр окуп алып, ишене албай турам» (Максуда), «Арабидин аке жакшы адам эле» (Айсулуу), «Ушунчалык адамгерчиликтүү, мактасаң сөз жеткис, кол жеткис бийик адам эле» (Айтбүбү), «Арабидин жигиттин мырзасы эле» (Нажимидин).
Акыркы билдирүү Орусиянын Саратов шаарынан келиптир. Дагы да келүүдө…

Мен да группалашы, досу катары курсташтарымдын аза кайгысын тең бөлүшөм. Аяшыбыз Берметке, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Досубуздун жаткан жери жайлуу болсун!
Арабидиндей адамгерчилиги бийик жигиттер эл эсинен эч качан чыкпайт!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер