“АТАМ, АПАМ жана МЕН, КИТЕП ОКУЙБУЗ БААРЫБЫЗ ТЕҢ”

  • 12.05.2020
  • 0

Уюштуруучу:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги

Аткаруучу:

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору

 Бир айлык үй-бүлөлүк китеп окуу онлайн – сынагынын

ЖОБОСУ

  1. Онлайн-сынактын максаты:

  • Үй-бүлөдө китеп окууну пропагандалоо;

  • Балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу;

  • Окуучулардын таанып-билүүсүн, сүйлөө кебин жана эмоционалдык өнүгүүсүн өстүрүү;
  • Балдардын угуу жана көңүл буруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
  • Ата-эне менен баланын мамилесин жакшыртуу, тарбия процессин активдештирүү;
  • Окуучулардын руханий жан дүйнөсүн байытуу жана кругозорун өстүрүү.
  1. Убактысы:
    — Үй-бүлөлүк китеп окуу долбоору 2020-жылдын 15 апрелинен тартып
    20 майына чейин уланат.

  2. Онлайн-сынакты өткөрүү тартиби, шарттары:

  • Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин жарыялайт (1-тиркеме);

  • Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат;

  • Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет;

  • Катышуучу, китеп окуп жаткан видеону жана китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырат;

  • Үй-бүлө менен биргеликте китеп окуган видео материал менен эссе 3 минутадан ашпашы керек;

  • Видеоматериалда бирге китеп окуп жаткан үзүндү болушу шарт;

  • Катышуучулар бул сынакка социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек;

  • Китеп окуу сынагына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат, китеп окуган катышуучунун жаш курагы 6 – 12 жаш болушу шарт;

  • Жыйынтыгы 6–12 жаш курактык категорияда төмөнкү критерийлер менен бааланат:

  • Китеп окуу: китептен үзүндүнү окуу, окуган сөздөрү так, ачык айтылышы керек, сүйлөмдөр ритми менен, интонация жасалып көркөмдөлүп, образдуу берилиши шарт.

  • Китептен үзүндү окуган видеонун, окуган китебинин аты, автору, эссе жазган катышуучулар аты-жөнүн, жашын, кайсы аймактан, району, мектеби жазылган так маалыматты салышы керек. Так маалыматы жок видео менен эсселер кабыл алынбайт.

  1. Материалдарды: видеолор, эсселер: + 996 0555130444, 0551 727269

Whats App (кыргыз тилинде), 0555 769 672 Whats App (орус тилинде),

же : nadejda.cmc@ gmail.com, ira.[email protected] (кыргызча),

[email protected] почталарына салсаңыздар болот.

  1. Жыйынтыгы:

  • Онлайн-сынакка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат;

  • Эң активдүү катышкан бир үй-бүлөгө Билим берүү жана илим министрлиги «Билимдүү үй-бүлө» номинациясын ыйгарат;

  • Катышуучулар маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турат;

  • Катышуучулардын китеп окуусун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, искусство жана коомдук ишмерлерден турган компетенттүү калыстар тобу баалайт;

  • Видеоматериалдар менен эсселер Фейсбук, Инстаграмм баракчаларына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег аркылуу жайгаштырылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер