АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

  • 12.05.2020
  • 0

 

Турмуштун демейки агымын чектеп койгон карантин шартында кайратынан тайыбай, мурдагыдан да катуураак изденип, өжөрлөнө иштеген агай-эжейлерге канчалык алкыш айтсак да аздык кылат.

Өз ара байланышып, бир эле өзүнүн мектебинин ичинде эмес, бүтүндөй республикадагы кесиптештеринин тажрыйбасына көз салып, жакшы табылгасын жалпы “казанга” салган, өзү билбегенин башкалардан сураштан арданбай, улам барган сайын аралыктан окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кенен колдоно баштаган мугалимдерибиз көп экенин көргөндө, баарыбыз кубанабыз.

Онлайн сабактарды, вебинарларды уюштургандар кээде жүздөгөн угуучуларды камтууда. Биздин гезиттин сайтына күн сайын өлкөбүздүн туш тарабынан түркүн түмөн видео сабактар, текст түрүндөгү сабак иштелмелери тынымсыз келип жатат.

Аралыктан окутуунун ыӊгайсыз жактары менен катар артыкчылыктары да бар экенин эл кичинеден байкай баштады. Мугалимдин айткан-дегенин, жазган-сызганын дээрлик бүт бойдон ватсапта, зумда жазып сактап коюп, керегинче кайталап угуп-көрүүгө болот. Мында кайсы мектептин, гимназия же лицейдин чыныгы деӊгээли канчалык экенин, кайсы мугалимдин чыгармачыл даремети жана чеберчилик деӊгээли кандай экенин усулчулар менен райББ кызматкерлери эле эмес, жалпы коомчулук байкап көрө алгыдай өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Албетте, маалыматтын кирген дарыядай күргүштөгөн агымында, Маяковскийдин белгилүү сөздөрүн бура тартып колдонсок, “жакшысынан” “ар кандайы” көптүк кылары бышык. Саман-топондон кызылдай данын ажыратып, өз алдынча билим алууга ар бир адам бала чагынан эле үйрөнүп, көнүгө баштаганы оӊ. Телефон карматпагыла, интернетке киргизбегиле деп бир беткей тыюуну жактаган айрым ата-энелер менен мугалимдер эми өздөрү да эӊ керектүү маалыматтарды издеп табуу, алуу, башкалар менен бөлүшүү ыкмаларын өздөштүрүп, балдардын изденүүсүнө ортоктош болуп жаткан кез.

Кокуй, биздин мектептен начар бирдеме сайтка чыгып кетип, уятка калтырбасын деген намыскөй деректирлер, окуу бөлүм башчылары, усулчулар кесиптештеринин сабактарына көз салып, алардын ишин жакшы нукка салууга умтулуп келет.

Эмесе биздин гезит менен ушул кыйла оор күндөрдө үзгүлтүксүз иштешип, азыркы кыйынчылыктарды кайрат менен көтөрүп, жалпы кесиптештерине өрнөк болуп жаткан мугалимдер менен билим берүү тутумундагы бир катар кызматкерлердин, мыкты психологдордун ысымдарын атай кетели. Албетте, бул тизмени улам толуктап, алдыӊкы чекте тургандарды бүтүндөй республикабызга тааныта беребиз – алар азыркы айтылгандан жүздөгөн эсе көп десек, эч жаӊылбайбыз!

Дилгир мугалимдер:

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Гапыр Мадаминов, Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын деректири, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген мугалим. Гапыр агайдын ысымындагы ютуб канал эӊ жигердүү иштеп жатат.

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Бийик РЫСКУЛОВ, Ленин районуна караштуу №55 жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими.

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Бактыгүл ЖАПАР КЫЗЫ, Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов ат. мектеп-гимназиясынын география мугалими.

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Нургүл ТАЙИР КЫЗЫ, Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Ашира КУЛИШЕВА, Ала-Бука районундагы Кара-Үнкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Шайназар НУРАЛИ Уулу, Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова ат. мектеп-интернатынын тарбия иштери боюнча завучу.

Мария ГАПИРОВА, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти, Эл агартуунун мыктысы, бир катар сыйлыктардын ээси

Наргиза ЭРКЕБАЙ КЫЗЫ, Ош шаарындагы Барпы Алыкулов ат. №38 мектеп-гимназиясынын социалдык педагогу.

Илгиз ШАМЫРЗАЕВ, Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Бектурган НИЗАМИДИН УУЛУ, Ош шаарындагы №°52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин мугалими. (Азыр бул жигит Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында жатып алып түрдүү сабак иштелмелерин даярдап, бизге жөнөтүп жатат).

Гүлүмкан ТУРГАНБАЕВА, Ат-Башы районунан Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими.

Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими.

Замира АТАКУЛОВА, Кара-Суу районундагы И. Кулиев ат. мектептин башталгыч класстар мугалими.

Бүайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаарынын №94 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими.

Асылбек МаАДАЛИЕВ, Санарип академиясынын административ деректири, Кадамжай шаарынан

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ менен мугалим журтуна эӊ пайдалуу вебинарлары менен көмөктөшүп жаткан жердешибиз, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВду  өзүнчө бөлүп көрсөтөбүз.

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

 

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Булар менен катар түрдүү темалардагы вебинарларды демилгелеп, уюштуруп келаткан «Зет мууну» ЖЧКсынын деректири Асылбек Жооданбековду, «Тутумдашуу нокотторун издөө» компаниясынын программалык деректири Кеӊешбек Сайназаровду да атайбыз.

Мыкты деректирлер:

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Кыялбек АКМАТОВ, Ош ш. «Жетиген» мектеп-лицейинин деректири, педагогика илимдеринин доктору.

 

 

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Муратбек КАСМАЛИЕВ, Бишкек шаарындагы улуттук инновациялар технологиялар мектеп лицейинин деректири

Миргүл БАКИРОВА, Ош ш. «Олимп» мектеп-гимназиясынын деректири.

Дана АБДУВАХАБОВА, Ош ш. №24 Фрунзе ат. мектептин деректири

Нуржан КОЗУБАЕВА, Талас шаарынан №2 Р.Рысакова ат. мектебинин деректири

Аида ДАВЛЕТОВА, Бишкек шаарындагы №63 мектептин деректири

Анара Абдураимова, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиянын деректири

 

Ишине тыӊ жетекчилер:

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Алымкан МЫРЗАЛИЕВА, Кара-Көл ш. билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты. (“Өтө демилгечил жетекчи. Көптөгөн жеткчилер министрликтен тапшырма күтүп олтура берет. Бул киши жакшы идеяларды өзү издеп табат”, — дейт ал жөнүндө гезитибиздин кызматкери Алимжан Алибеков).

Галина БЕЗРОДНЯЯ, Бишкек ш. билим берүү башкармалыгынын башкы адиси

Сабийра ЧЕЛПАКОВА, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун деректири

Дария МУСИНА, «Балажан» окуу-усулдук тарбиялык борборунун деректири

Жаркын БАПАНОВА, РБИТА деректири

Галина ПОЛЯНСКАЯ, РБӨЭЧТБ деректири

Рахманберди НАЗАРОВ, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун деректири, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын Ош облусу боюнча координатору

Нелля АМАНТАЕВА, «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун деректири

Гүлмира ЭСЕНГУЛОВА, «Ак Шоола» балдар хорунун деректири

(“Бул жетекчилердин баары күндөп-түндөп иш менен алек, кимге кандай жардам же кеп-кеӊеш, маалымат керек экенин дайыма билип, зарыл кадамдарды ыкчам уюштуруп жатышат. Айрыкча Сабийра Мусилимовнанын жигердүүлүгүнө суктанам”, — дейт ушул топтогулар менен көбүрөөк байланышып турган кызматкерибиз Гүлнара Алыбаева)

Көӊүлдү гүлдөй баккандар:

Бүгүнкү кыйла оор мезгилде “Кут Билимдин” окурмандарына практикалык психология боюнча абдан пайдалуу маалыматтарды даярдап берип жаткан адистер:

Айнура ТОКТОШЕВА, “Danel” коомдук уюмунун төрайымы.

Чынара ТЕРМЕЧИКОВА, «Данакер» үй бүлөнү бекемдөө борбору коомдук фондунун жетекчиси, психолог, Бишкек ш.

Акчач ЖОЛДОШЕВА, ОшМунун доценти, п.и.к., психолог-консультант.

Дөөлөткан КАБЫКОВА, саламаттыкты сактоонун мыктысы, психолог-терапевт (Ош шаарындагы “Нейролайф” клиникасында иштейт)

 

Жигердүү колледж мугалимдери, деректирлер, декандар:

Жыргалбек ШАРШЕМБИЕВ, К.И.Скрябин ат. КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин деректири, т.и.д., профессор

Бактыгүл БАЙТИКОВА, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин тилдер кафедрасынын башчысы.

Асылбек АЛЫМКУЛОВ, Көлбаев ат. Автожол колледжинин деректири, т.и.к.

Максат ДЮШЕБАЕВ, БКАМС деректири

Улан КУРМАНОВ, И.Абдраимов ат. Авиациялык институттун деректири

Эльмира АТАБЕКОВА, К.И.Скрябин ат. КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин орус тили жана адабияты мугалими

Рахат СУЛАЙМАНОВА, КУУнун педагогика факультетинин деканы, п.и.к.

Жоопкерчиликтүү ЖОЖдор

ОшМУ, ОшТУ, ОГПИ, КММА, КМТУ, КМУ, КМКТАУ, БМУ Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Кыргыз улуттук агрардык университети аралыктан окутууну алгачкылардан болуп колго алып, түрдүү вебинарларды өткөрүп жатышат.

Мыкты жетекчилер, рай/шаар ББ кызматкерлери:

Кундуз АБДРАЕВА, Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, оперативдүү иштеген кыз, стахановчу десек да болот. Айтсаң эле арыдан-бери салып жиберет.

АЛДЫӉКЫ ЧЕКТЕГИЛЕРГЕ АЛКЫШ

Тынчтык БЕКТАШ УУЛУ, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын мурдагы башкы усулчусу, мыкты уюштургуч, баардык кайрылган мугалимдерге, кесиптештерине эӊ жакшы көмөк көрсөтүп, дем берип турду

Болотбек БЕЛЕКОВ, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Айнагүл ТУЛЕБАЕВА, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Уулжан ЖАНУЗАКОВА, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Кундуз АБДРАЕВА, Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.

Жылдыз БАКТЫГУЛОВА, Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы «Башат» жаш чыгармачылык борборунун да жигердүү иштеп жатканын белгилей кетиш керек.

Бөлүшүү

Комментарийлер