KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

  • 07.05.2020
  • 0

Мугалим фронтто да, окопто да

кесиптик салтын бекем кармаган –

согуш өнөрүн жеке өрнөгү менен үйрөткөн.

 Маршал А.М. Василевский

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Иманжан Бегимкуловдун өрнөктүү өмүр жолу жөнүндө анын 100 жылдыгына арналган китеп 2019-жылы жарык көрдү.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы заман

1919-жылы күркүрөгөн күздө айтылуу Суусамыр өрөөнүндөгү кышы жылуу, жайы салкын Ой-Кайың деген жерди жердеген, саяктардын Жолуке уругундагы элге таанымал бийдин тукуму Бегимкулдун үйүндө  наристе үнү жаңырып, кут кирди. Эркек балалуу болгонуна маңдайы жарыла кубанган ата-эне аруу тилек кылып, ымыркайга Иманжан деп ат коюшту.

Бегимкулдун чоң атасы Эралы убагында Суусамыр чөлкөмүн бий болуп башкарган чоң манап болгон экен. Анын экинчи уулу Мусадан  Абык, Абышка, андан Бегимкул жана Бекжан деген эки бала калган.

Иманжан жерден боорун көтөргөндө эле зээндүү болуп чоңое баштады. Сөз баккан көчмөн элдин үйүндөгү нарк элдик жомоктор менен баатырдык дастандарда катылган эмеспи. Колунда бар Бегимкулдун үйү урук-тууганга, коңшу-колоңго дайыма ачык эле, эл казынасын жакшы билген өнөр адамдары бул үйдү байырлап, эртели-кеч “Манас” айтып, узун сабак уламыш-жомок, накыл сөздүн жылдызы жанып турчу. Мунун баарын көрүп, кулагы бышып чоңойгон Иманжан улуттук нарк-насилди  көкүрөгүнө түйүп жүрүп эс тартты.

Ал кезде бардык жерде большевиктер бийликке келип, бай-кедей болуп таптык күрөш күч алган кымгуут заман. Көчмөн кыргыздардын көбү отурукташа элек, он алтынчы жылы улуттук боштондук көтөрүлүштө чабылган элдин жарааты бүтпөй,  жаңы бийликтен жакшылык үмүт этип жашап жатты.

Тоо арасына чачылган элдин арасына жаңы заман жарчысы болуп, караңгы элдин кат-сабатын жоюуга алгачкы кызыл мугалимдер келе баштады. Анын ичинде борборго жакын Суусамырга да башталгыч мектептер ачылды. Бирок Иманжандын тагдыр жолу аны өз айылындагы мектепке эмес,  ата-бабасы көрбөгөн бөтөн эл, бөтөн жерди көздөй тартып жатты. 

Капсалаң доор

Жыйырманчы кылымдын касирет баскан отузунчу жылдары жүргөн коллективдештирүү көп адамдын жашоосуна бүлүк салды. Анын ичинде большевиктердин “бөрк ал десе, баш алган” репрессиялык саясатынан кыргыз журтунда миңдеген адамдар азап тартты, эң күчтүүлөрүнүн башы  сталиндик желдеттердин баталгасына кетти, калгандары жазалоочу лагерлерге жана бөтөн эл, бөлөк жерге айдалды. Ошол кырсыктуу жылдар жер соорусу Суусамырдын койнунда бейкапар чоңоюп жаткан Иманжандын балалык турмушуна да заматта бурганак салды.

Тогуз жашка келип эс тартып баштаганда ата-энеси тың оокат күткөн үчүн эле большевиктердин кутулбас куясына калып, кулакка тартылып, бүт үй-бүлөсү менен Украин жерине көчүп барышат. Ата-бабасынан бери тоо койнун мекендеп, мал менен оокат кылып келген көчмөн элдин тукумдарына чоочун жерге көнүп жашап кетүү, күн көрүү оңой болгон жок.

Жуурканга катылган керээз

Коллективдештирүүнүн арааны жүрүп, дыйкандардын бүтүн чарбалары бүлүнүп чачылган Украинанын өзүндө ошол учурда акыбал оорлоп, элге нан жетпей, чоң ачкачылыктын башталып калган кези эле. Башка жактан сүрүлүп барган элге ого бетер оор кыйын болуп, өлбө жаным өлбө деген азаптуу күндөр баштан өтүп жатты. Ошондой тозокка толгон күндөрдүн биринде он жашка жаңы чыккан улан энесинен, анын артынан атасынан айрылып, тоголок жетим калат.

Атасы жарыктык элин сагынып саргайып, оорусу күчөп, ал күчүнөн тая баштаганда өзүнөн мурун баласын ойлобой коебу. Өлөөр алдында баласын чакырып, үстүнө жабылган жуурканды кармалап: “балам ушул жуурканды сатпа, эгер кыйынчылык иш болсо башына, ушул төшөк сени багат”,- деп табышмактуу керээз кеп айтып, ары карап кетет.

Ата-энесинен айрылган тоголок жетим кыйналганда ата-энесинин жыты сиңген төшөктү айласы жок базарга алып барып сатып келатып, атасынын керээз сөзү оюна түшөт. Кайра жүгүрүп барып, кайтарып ала албай жатса, бир улгайган киши болушуп алып берет. Үйгө келип атасы кармап көрсөткөн жерин сөксө кырында акча бар экен, ошону керектеп балдар үйүнө баргычакты эптеп күн көрүп калат. Акыры балдар үйүнө барып түшүп, он алтыга чыккыча ошол жерде болот.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Иманжан солдон биринчи, 1938-жыл

Алыска сүрүлгөн кыргыздардын кыштагы

Жогоруда айтып кеткендей, өзүнүн азаптуу балалык турмушу Украинанын кайсыл аймагында өткөнүн Иманжан агай өзү жазып калтырган эмес экен, ал жөнүндө жакындары, бала чакасы да так билген маалымат жокко эсе. Бирок Херсон шаары жөнүндө айткандары эсте калыптыр. Убагында Украинага күчкө салып көчүрүлгөн кыргыздар жөнүндө көп маалымат айтылбай, жабык болуп келгени ырас. Ошол себептүү, Иманжан агай дагы коммунисттердин үстөмдүк заманында бул жөнүндө унчукпай келген себеби түшүнүктүү.

Кийин белгилүү болгон маалыматтарга карасак, жыйырманчы жылдардын аягында бир эле жолкуда Херсон шаарына, тагыраак айтканда, ошол шаарга жакын жайгашкан татарлар негиздеген Чалбасы кыштагына Кыргызстандан жүздөй үй-бүлө көчүрүлүп барган. Анын ичинде атактуу кыргыз дирижеру, СССРдин эл артисти Асан Жумакматовдун, көрүнүктүү географ жана алып баруучу Бакас Чормонов да ата-энеси менен болгону белгилүү. Асанхан Жумакматовдун Википедиядагы өмүр баянына караганда, ал Украинага 1930-жылы барып, 1938-жылы кайтып келген. Иманжан Бегимкуловдун өмүр баянында тогуз жашында Украинага барып, он алты жашында кайтып келген деп айтылат, демек бул убакыт 1928-1936-жылдарга туура келет. Демек, бул эки таанымал инсан бири-бирин бала кезден тааныган болуш керек деген ой кетет. Балким, алар кийин-кийин жат көзгө билдирбей, өздөрүнчө жолугушуп  жүргөн да болушу мүмкүн.

Херсондогу Чалбасы кыштагында чоңойгон дагы бир кыргыздын мыкты уулу Бакас Чормонов жөнүндө “Азаттыкка” журналист Амирбек Азам уулунун макаласына ушул жерден кайрылуу кетүүнүн ыңгайы келип турат. Андагы маалыматтарга караганда, Бакас Чормоновдун атасы Шаршемби 30-жылдары Херсон областына сүрүлүп барып, эки жылдан кийин көз жумган. Бакас ошол жерде окуп, Кыргызстанга тогуз жылдан кийин кайтып келгенин анын баласы Мелис Бакас уулу эскерип айтып берген.

“Менин атам 1939-жылы Кыргызстанды көрөйүн деп келет. Колунда институтту бүттү деген диплому бар. Өз айылына келсе, аны эч ким тааныбайт. “Баланчанын баласымын” десе, коркуп эч ким кабыл албайт. Биздин чоң атабыздын асырап алган баласы бар экен, аты Муса. Эжелеримди, агаларымды Мусаев деп калтырып койгон да, ошол киши үйүнө кабыл алат. Атам мектепте мугалим болуп иштей баштайт. Кадр жок деп мектеп директору кылат. Бир аздан кийин министрликтеги жыйналышка жөнөтүлүп, ал сүйлөгөндө министрлик: “Кайдан болосуң?” деп сурайт. Ал Украинада жүргөнүн жашырат, айтпайт. Анкетасына жалаң “кедей” деп жазылчу да, андан жогору болсо жоопко тартылчу. Ошон үчүн “компромистүү орто дыйкан» (средняк) деп жазылып алган. «Средняк” дегенде эле шекшийт, бул кайдан деп. Ошого карабастан, кадрлар жетишпегендиктен, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы — райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кылып коет”,-деп эскерет баласы Мелис Бакас уулу.

“Бакас Шаршемби уулу из жашырып, тегин “компромистүү орто дыйкан” деп жазганы менен, коопсуздук кызматынын изкубарлары аны табышат. Ал кезде орусчаны “чемичкедей чаккан”, иш билги, кубаты шекердей кайнаган Бакас Шаршемби уулу Жалал-Абад облустук эл агартуу бөлүмүн жектектегенине алтынчы жыл болуп калган”.

Ошондо аны байдын тукуму деп куугунтуктап, жетекчилик кызматынан алып салышат. Согуш башталганда ал кыргыз жетекчилери менен сүйлөшүп, Украинага кайта-кайта барып жатып, Чалбасы кыштагында калган туугандарын, аларга кошуп, жүздөн ашык адамды Кыргызстанга көчүрүп келген экен.

Бакас Шаршемби уулу согуштан кийин КМУнун география факультетин окуп, ошол жерде мугалим болуп көп жыл үзүрлүү эмгектенди. Советтик Кыргызстандын калкы аны “Кино саякатчылар клубу” телепрограммасынын алып баруучусу катары жакшы таанычу.

Иманжан Бегимкулов менен Бакас Чормонов Херсондо бир убакта жүргөнүнө караганда, бири-бирин жакшы тааныган. Иманжандын кызы Мырзагүл дагы атасы менен Бакас Чормонов катташып, карым-катышта болуп жүргөнүн ырастайт.

Иманжандын өзүнүн тагдырына келсек, ал 1936-жылы он алтыга толгондо өкмөттүн уруксатын алып, элине кайтып келет. Украинада өсүп чоңоюп, орус тилин так билген Иманжанды дагы дароо эле мектепке мугалим кылып кабыл алышат. 1936-жылы алыскы Сары-Камыш айылындагы «Кызыл Ноолу» мектебинде орус тилден сабак берип эмгек жолун баштайт. 1939-жылы окуу бөлүмүнүн башчысы болот. Бирок өзүнүн туулган жеринде, өзүнүн элинин кат-сабатын жоюуга баш оту менен киришкен жаш педагогдун алдында дагы бир чоң каргаша, чоң сыноо күтүп турган эле.

Кан майдандагы тоо бүркүтү

1941-жылы согуш башталар алдында апрель айында Кызыл Армиянын катарына чакырылат. Орус тилин тың сүйлөгөн сабаттуу, чыйрак жигит СССР жаңы эле каратып алган Литвага барып түшөт да учкучтардын мектебине тандалып алынат. Ал жерде үч ай окуп, машыгуудан өтүп бүткөн учурда фашисттик Германия менен согуш башталат, күжүрмөн даярдыктагы кыргыз жигити тоо бүркүтүндөй болуп, согуштук учак менен кан майданга сүңгүп кирет. Жанын оозуна тиштеп, асманды чарк айланып, фашисттик баскынчылар менен кармашкан кан күйгөн күндөр башталат.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Документалдуу маалыматтарда Иманжан кызмат кылган аскер бөлүгү 666-аткычтар полку болуп көрсөтүлөт. Аталган полк 1940-жылы август айында Свердлов областындагы Сухой Лог шаарында түзүлүп, 153-аткычтар дивизиясынын курамына кошулган. Согуш башталардын алдында дивизия СССРдин Коргоо Комиссариатынын буйругу менен Витебск шаарына жөнөтүлөт. Улуу Ата мекендик согуш башталган 22-июнда дивизиянын биринчи үч эшелону Витебск шаарына келип түшөт да шаарды коргоого коюлат. Июль айынын башында дивизия немецтик баскынчылар менен биринчилерден болуп кармашка кирет. Душмандын биринчи соккусун тоскон эр көкүрөк жоокерлердин алдыңкы сабында күжүрмөн даярдыктан өтүп окуп келген жапжаш Иманжан да бар эле.

“Бул кармаш эң айыгышкан мүнөздө болгон. Душман дивизиянын бөлүктөрүнүн коргонуусун бузуп өтүүгө аракет кылып, бирок ою орундалбай, чоң жоготууга учурап, дивизияны жиреп өтүү планынан баш тарткан. Ошондуктан оң жана сол жактагы коңшулаш аскер бөлүктөрүнүн коргонуусун бузуп өтүп, ири пехота күчтөрү жана танктар менен дивизияны түндүгү жана түштүгүнөн айланып өтө баштаган. Ошентип айланып чабуул жасап, 10-июлда Городок-Витебск шоссесине чыгып, Витебскинин батыш бөлүгүн ээлеп алган. Смоленск багытында чабуулун улантып, анын мотомехбөлүктөрү дивизиянын айланып өтүп кеткен”. (Википедия)

Натыйжада Иманжан кызмат кылган 666-аткычтар полку Витебскинин түштүк чыгышында курчоодо калып, 17-июлда гана дивизиянын негизги күчтөрү менен кошо Черница дарыясынын батыш жээгине чыгат. 24-июлда дивизия душмандын пехотасы менен танктарынын чабуулун жарып өтүп, курчоодон толугу менен чыгып, Кызыл Армиянын негизги бөлүктөрүнө барып кошулган.

Иманжандын эрдик жасаган убактысы анын сыйлоо баракчасындагы маалыматка караганда 1-июлда болгон. Бул демек 666-аткычтар полку Витебск шаарын жасалган чабуулдардын так башталган учуруна туура келет. Бирок кандай эрдик жасаганы так көрсөтүлгөн эмес. Бирок полктун айыгышкан мүнөздө каршылык көрсөтүп, баскынчыларды өткөрбөй койгонун эске алганда, ошол позицияда болгон жоокерлердин баардыгы башын ажалга байлап коюп, бардык күчү менен жанын аябай кармашканын элестетүү кыйын эмес. Ошентсе да ошол күнкү кармаштын кандай болгону жөнүндө Иманжандын өзүнүн жолдошторунун оозунда айтылып калган оозеки маалымат бар.

Кан күйгөн июль айынын башында немис баскынчылары Белорусияга тереңдеп жиреп кире баштаган. Жөө аскер менен танктар чабуулга өтөрдүн алдында душмандын согуштук учактары Витебск шаарын тынбай бомбалайт. Ошондо асманда болгон эң алгачкы күжүрмөн операциялардын биринин жүрүшүндө Иманжандын учагы немистердин кеминде үч-төрт учагын жок кылат, бирок кайтып келатканда артынан куугун түшөт.

Ошондо Иманжандын учагы аба соккусуна кабылып, жараксыз абалга келип, уча албай калганбы, айтор токойго конууга аргасыз болот. Самолетту чырпыктар менен жаап бекитип, өздөрү да жашынып калат. Немистин учактары кайра-кайра үстүнөн айланып учуп, ок жаадыра берет. Бир маалда шамал болуп, үстүндөгү чырпыктарды учуруп кетет. Алар сойлоп барып, арыктын ичине кирип жашынганга үлгүрүшөт. Бир маалда жанындагы казак “ой-бай-ой” деп кыйкырганынан караса, ага ок жаңылып, кансырап калганын көрөт. Аңгыча дал үстүнөн түшкөн снаряд анын өзүнүн колун жулуп кетет.

Бул айтканга оңой болгон менен чынында жогорку күжүрмөн даярдыкты, аскердик акыл менен темирдей бекем эркти сынаган өзүнчө бир каармандыктын убакыт сааты болгон  деп айтууга негиз бар. Анткени жарадар болгон жоокерди душмандар кармап алышы мүмкүн эле, колго түшпөш үчүн кансырап жатсаң дагы атышууга туура келмек. Аларды жок кылбаса, анда өзүн жок кылышмак. Ошол кармаш канчага созулганын, канча баскынчы менен кармашканын, канча ок корогонун болжоп гана айтууга болот. Ошол кармашта каарман кыргыз жоокери канжыгага баш байлап, ажалга тике карап салгылашып жатып, көзү караңгылап, эстен танат. Эс-учунан танып, канча жатканы белгисиз, айтор, фашисттерге колго түшпөй, жарадар болуп жаткан жеринен советтик аскерлер таап алат.

666-полктун ошол күнкү Иманжан катышкан согуштук операциясы жөнүндө архивдеги документтерден так билсе болот. Бирок согуштун электрондук архиви memorial сайтындагы архивдик документтердин керектүүсүнө колубуз жете элек, анын баарын аңтарып, текшерип изилдеп, тактап чыгуу алдыда турган иш.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Иманжан Бегимкуловдун сыйлоо баракчасы

Иманжан Бегимкулов согуштагы көрсөткөн эрдиги үчүн экинчи даражадагы “Улуу Ата мекендик согуш” ордени менен согуш бүткөндөн кийин, 1954-жылы сыйланган. Андагы маалыматка караганда, эрдик жасалган убактысы 1941-жылдын 1-июлу деп көрсөтүлгөн. Бул ата мекендик согуш башталгандан бир аптадан кийин болуп отурат, демек Иманжан эрдикти согуштун алгачкы эле күндөрүндө жасаган болуп жатат.

Кайран киши өзү дагы согуштагы көрсөткөн эрдиктерин эч бир жерде документалдуу түрдө айтып калтырбаптыр. Кандай болгон күндө дагы тоо бүркүтүндөй бийик чабыттап согушкан кыргыз жоокеринин эрдигин тактоо милдети мойнубуздагы парз. Анын үстүнө азыр согуштун архивин кароо, маалымат издөө жеңил болуп калды. Согуштун бүт архиви электрондук түргө көчүрүлүп, memorial сайтына жүктөлүүдө. Бирок андагы керектүү маалыматты табыш үчүн архивди кылдат аңтарып, сабаттуу аракет кылуу керек жана, албетте, бир кыйла убакыт керек.

Ал эми согушта жарадар болуп колунан ажыраган кыргыз жоокери 1942-жылы үйүнө кайтып келген. Эми анын алдында өзүнүн сүйгөн мектебине кайтуу менен катар тылдын оор түйшүгү күтүп турду.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

(1943-жыл)

 

Легендарлуу педагог

Согуштан кайткан жылы эле Суусамырдагы 1-Май мектебине жиберилет. Адегенде орус тилинен сабак берип жүрүп, бат эле мектептин директору болуп дайындалат. Беш жылдан кийин Сары-Камыш айылындагы Кызыл Октябрь мектебине жетекчи болуп которулат. 1949-52-жылдары кайрадан 1-Май орто мектебинде директор. 1953-56-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институнда сырттан окуп, тил жана адабият адистигинин толук курсун бүтүрөт. Ошентип мектепте баш-аягы 47 жыл иштеп, 1975-жылы пенсияга чыгат. Пенсияга чыккандан кийин дагы Суусамыр орто мектебинде сабак берип, 1983-жылга чейин эмгектенет.

1960-жылы “Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги”, 1975-жылы “СССРдин эл агартуу отличниги” сыйлыгына татыктуу болду. Жеңиштин отуз, кырк жылдыгына арналган, тылдагы эмгекти баалаган башка дагы көп орден-медалдар менен сыйланды.

Согушка катышып келген үчүн ошол учурдагы башкаруучулар анын ардагерлик сүрүнөн, кесипкөй күчүнөн тартынып, анын тек жайынан өөн издегенге көп даай алышпады, бирок директорлуктан башка чоң кызматтарды да ыраа көрүшпөдү. Анткен менен мектепте иштегени өзүнө да жакшы болду, биринчиден өзүнүн сүйгөн, билген кесиби, экинчиден миңдеген балдарды адам кылып тарбиялап, элдин сый-урматынын үстүндө жүрдү.

“Жарым кылымга жакын эмгек жолунда миңдеген окуучуларга билим берип, акыл-насаатын айтып, талыкпай тарбия-таалим үйрөтүп, алар өлкөнүн жогорку окуу жайларынан окуп, жогорку билимдүү адис, чоң окумуштуу, чарбачылыктын чыгаан адистери болуп чыгышты. Иманжан агай жалаң эле педагог болбостон, өрөөндүн нускалуу, кадыр-барктуу аксакалы да болчу”,-деп эскерет анын алгачкы окуучуларынын бири Исмаилов Болотбек.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Ал эми аны менен убагында чогуу иштеген кесиптештери агайдын кесиптик жогорку чеберчилигин жана адамгерчилик мамилесин биринчи кезекте айтышат.

“Ал киши менен мен 1971-жылы окууну бүтүп, Суусамыр орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп келгенден баштап чогуу иштеп калдым. Ал учурда агай башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы эле. Биз, жаш мугалимдер, агайдын кеңешин угуп, сабактарына катышып, агайдай сабак өтүүгө, сылык жана мазмундуу түшүндүрүүгө аракет кылчу элек. Агай жалаң эле мектепте эмес, жалпы Сусамыр өрөөнүндө өтө кадырлуу, эл сыймыктанып сыйлаган инсан эле. Агайдын таалим-тарбия берүүдөгү окуучуларды улуу адамдык сапатка тарбиялаган иштерин көрүп, педсоветтеги сүйлөгөн алтындай сөздөрүн угуп жүрүп, аны биздин мектептин сыймыгы катары көрчү элек”,-дейт Аскарова.

Суусамыр орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген Салтанат Жумагулова  Иманжан агай менен 1976-жылдан бери бир топ жыл чогуу иштешип, аны иш дегенде ичкен ашын жерге койгон адам катары жылуу эскерет: “Окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берди. Эл-журтун ичинде да чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган ушунчалык калыс жана даанышман адам эле. Азыр мындай адамды кезиктирүү кыйын. Бул агай мектепте болсун, коомдук жайда болсун, өзүн зыңкыйып алып жүргөн үлгүлүү адам эле”.

Ал эми ошол эле мектептин башталгыч класстар мугалими Апакаева Гүлай Иманжан агайды мектептеги “эң жакшы адам”, “касиеттүү аксакал” деп  сыпаттайт. Дагы бир кесиптеши Токумова Нурбүбү “эзели ичкилик ичип, калжаңдап басып жүргөнүн көргөн жокмун. Коллективде, айыл ичинде кандайдыр бир пикир келишпестик болсо, дайыма Иманжан агайды чакырып турушчу. Калыстык сөзү менен чыр-чатакты эч кимди нааразы кылбай эле чечип коер эле” деп жазат.

Шакирттеринин бири Бердибекова Күлүйпа Иманжан агай жөнүндө “Суусамыр өрөөнүндө андан ашкан атактуу мугалим жок эле деп эскерет: “Агай сабак бергенде кыргыз тили жана адабият сабагына байланыштуу методдордун баарын эринбей аткарат эле. Агайдын өзү да, сөзү да сабагында сулуу эле”.

Кесиптештеринин алдында ушундай бийик баага татыктуу болгон, мектепте эле эмес, бүтүн Суусамыр өрөөнүнүн калкы кастарлап, кадырлаган адам болгонуна карабай, Иманжан агай мамлекеттен ашыкча бир мансап же жеңилдик сураган эмес экен. Өмүрүндө бир жолу мамлекеттен согуш ардагери катары бир автомобиль сурап кат жазып, ошондо да аны жөнөтпөй, анысы столдун ичинде кала берген экен. Ошол каттын көчүрмөсүн китепке кошуп койдук.

Иманжан согуштан келгенден кийин баш кошкон жубайы менен өмүрүнүн акырына чейин таттуу мамиледе жашады. Алардын кызы Мырзагүлдүн айтымында,  апасы убагында атасынын өзүнүн колунан окуган жайы бар. Жубайы колунан көөрү төгүлгөн чебер болуп, боз үйдүн жасалгаларынан баштап, шырдак, ала кийиз, тебетей, тон, ичик баарын өз колу менен тигип бүтүрчү экен. Экөө кырк жыл бирге жашап, эки уул, үч кыз көрүштү. Балдарын эчтекеден кем кылбай, алпештеп тарбия-таалим берип өстүрүштү.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Жубайы Жумакан жана кызы Нурипа менен.

“Атам бир колу жок болсо да машинаны жакшы айдачу. Мен 6-класска келгенде эле мага да үйрөттү. Ал мезгилде атамдын эле машинасы бардай сезилчү. Атам согуш жөнүндө көп айтчу эмес, бирок 9-май майрамын абдан күтүп, өзгөчө маанай менен толкунданып, кубанычтуу жүрчү. Мен бул күндүн бардык майрамдардан өзгөчө экенин кичинемден эле билчүмүн. Анткени, атам ал күнү шифонерде турган кара костюмундагы ордендерин бирден шашпай карап, сылап, түздөп кийип, күзгүгө каранып, анан өзүнө өзү купулуна толгондой каранып, крым өтүгүн кырч-кырч деп басканда өзүнчө эле майрам шаңы үйгө батпай кетчү”,-деп эскерет кенже кызы Мырзагүл.

Агайдын тирүүсүндө көргөн сый-урмат анын көзү өткөндөн кийин өзү көп жыл иштеген Суусамыр мектебинде кийинки муундагы мугалимдер тарабынан ошол деңгээлде сакталган жок. Бирок бул советтик мектептин доору аяктап, эгемен өнүгүү жолуна түшкөн өлкөдө каражат каат болуп, билим очоктору каралбай, капчыгы калыңдардын үстөмдүгү орногон такыр башка заман эле.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Эл эмгектен эскерсин

Кан майданда  колунан ажырап, саламаттыгы бузулган легендарлуу мугалим эс алууга чыккандан кийин көп жыл бою ооруп жүрүп, акыры 1995-жылы дүйнөдөн кайтты. Бул мурдакы эскилиги жеткен система кыйрап, эгемендиктин алгачкы жылдары колхоз чарбалары тарап, каражат жетпей, каатчылык күчөгөн учурга туш келди. Эркиндиктин эйфориясы элди удургутуп, ар ким өз арбайын согуп, жан талашып жаңы жеке менчик чарбаларды түптөө менен алек болуп жаткан чалкеш заманда атактуу мугалимдин эмгегин эстегендей убакыт болгон жок. Качан гана Суусамыр орто мектебине балдары жакшы чыгып, мектепке каржылык жардам көрсөткөн башка мугалимдин атын ыйгаруу чечими элге билингенде гана эстешти. Ошондо Иманжан агай менен мурда кийин чогуу иштешкен эски мугалимдер, улуу муундун өкүлдөрү, бийлик органдарына жабыла кат жаадырышып, бул мектепке ысымын коюуга биринчи кезекте эң татыктуу легендарлуу мугалим бар экенин айтып башташты. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттарынын чечимин жокко чыгарууну талап кылгандар жыйын куруп, кызыл чеке болуп айтышып, кимдин эмгеги өткөнүн, кимдин татыктуу экенин талашып калышты. Бийликке кат жазган бир топ адам пикетке чыгууга даяр экенин эскертип, маселени калыс карап чечүүнү талап кылышты. Нааразылык мугалимдердин республикалык “Кут Билим” гезитине чейин жетип, анын баарын убагында гезитке жазып, коомчулуктун көңүлүн бурдук. Алардын ичинен айрыкча белгилүү журналист, Суусамыр айылынын тургуну Абдиев Жээнтайдын пикирине токтоло кетүүнүн жөнү бар.

“Иманжан Бегимкулов агай өзүнчө легендага айланган адам эле. Агайга эч сын жок. Төрт тарабы төп келген, калыс адам болчу. Суусамыр өрөөнүнөн чыккан биринчи СССРдин эл агартуусунун отличниги деген ардактуу наамды алган. Анын колунан окуган окуучуларынын ичинен ондогон илимдин кандидаттары өсүп чыкты. Ленин орденинин ээси болгон А. Кулсереков, З. Мансуров дагы Иманжан агайдан арип тааныгандар. Кырк жылдан ашуун агартуу майданында талыкпай иштеген адамдын аты эч качан унутулууга тийиш эмес. Иманжан Бегимкуловдун ысмын өзү отуз жылдан ашуун иштеп, ошол жерден агарып, көгөрүп, эмгек үзүрүн көргөн Суусамыр орто мектебине ыйгаруу адилеттүү болмок. Колдон келсе үй-музейин дагы түзсө ашыкча болбойт. Бул асыл ойго Суусамыр өрөөнүнүн кары-жашы дебей макул болот деп ойлойм”.

Ошондон эки жыл өткөндө Тунук орто мектебинин мугалимдер жамааты Суусамыр мектебинин мугалимдерине караганда акыл-эстүүлүктү көрсөтүп, жоокер мугалимдин ак эмгегине татыктуу сунуш менен чыгышты. Алар Иманжан Бегимкуловдун ысмын өздөрүнүн мектебине коюп берүүнү өтүнүп, жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу жолдошту. Депутаттар эми Тунук орто мектебинин тарыхый аталышы жөнүндө сөз да кылбай туруп, колдоп беришти. Райондук бийлик органдары көп маалкатпай карап, анын артынан Билим берүү министрлиги бул чечимге макул болуп, бекитип берди.

Кандай болгон күндө да бүтүн элге кадырлуу мугалимдин аты анын өзү иштеп кеткен мектептин бирөөнө коюлуп калганы абийир болду. Иманжан Бегимкуловдун балдары, кыздары чуркашып, колдон келген жардамын мектепке алып келе башташты. Чынында чыныгы эл урматтаган мугалимдин атын коюудан анын бала-чакасына өзүнчө бир милдет жүктөлбөш керек эле, бул биринчи кезекте анын жакшылыгын көргөн, эмгеги өткөн ошол жергиликтүү элдин нарк-намысын сактоо үчүн, кан кечкен аталардын эмгегин унутпай аздектеп жүрүү салтын улантуу үчүн керек болчу.

KҮЖҮРМӨН ЖООКЕР, ЛЕГЕНДАРЛУУ МУГАЛИМ

Азыр Тунуктагы орто мектепте жаңы муундун балдары легендарлуу мугалимдин ысмын кастарлап, анын калтырган акыл-осуяттарын унутпай, аталардын улуу салтын татыктуу улантып кетүүгө татыктуу тарбия алып жатат. Мектептин алдында Иманжан Бегимкуловдун айкели орнотулган, өзүнчө бөлмөдө музейи ачылган.

Бүгүн күндөр күлүк болуп көзгө илешпей зуулдап, нарк-дөөлөт алмашып, бүгүнкү көргөнүң эртең эскирип, жарабай калып жаткан көп кырдуу кубулган дүйнөдө жашап жатабыз. Элибиз баштан өткөргөн окуяларга жаңы түс, жаңыча маани берилип, биз күтпөгөн башкача чындыктын көзү ачылып, эски-жаңы көз караштар кагышкан, болор иш болжомго илинбей чимирилген мезгилди баштан өткөрүүдөбүз. Бирок ошол эле убакта улуттук да, универсалдык да асыл-нарктардын көөнөрбөс бир чындыгы – балдарын мекенин сүйүүгө  тарбиялаган, билимди нарк туткан, мугалимди барктай алган гана элдин келечеги болорун көрүп жатабыз.

Иманжан агай дагы өзүнүн өмүр жолунда ушул наркты улантты, ак эмгеги ушул элдин келечегине кенч болду. Эми  биздин бүгүнкү жарык келечегибиз үчүн кашык канын аябай кызмат кылган аталардын жаркын элесин унутпай, алардан калган улуу салтты улантып, билимдүү коом куруу, эл-жерди коргоо, кам көрүү – ар бир кыргыз жаранынын  мойнундагы карыз экенин унутпашыбыз парз. Алар канжыгага баш байлап, улуу жеңиштин туусун сайып, эл-жерди сактап калбаса, алпештеп багып, билимге сугарбаса, биз бүгүнкү эгемендикке жетет белек, азыркы тынчтык күнүбүз, бейпил жашообуз, береке ырыскыбыз болот беле-болбой беле…

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим” газетасынын баш редактору. Бишкек 2019-жыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер