МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ

  • 06.05.2020
  • 0

Кара-көл шаарындагы №4 Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектебиндеги баатыр жоокер Дүйшөнкулдун музейин мектептин тарых мугалими Миргүл Мадышова жетектейт.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ

Мектепке 1984-жылы Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун ысмы берилген. Баатырдын ысмын алып жүрүү кайсы мектепке болбосун, өтө бийик сыймык экени белгилүү деңизчи, бирок каракөлдүк шопоковчулар бар нерсеге каниет кылып олтуруп калышкан жок. Изденүү үстүндө болушту. Мурунку бүтүрүүчүлөр да карап турушпады. Көп өтпөй бүтүрүүчүлөрдүн салымы менен мектеп алдына баатырдын эстелиги коюлат.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ
Оңдой болуп, 2000-жылы Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун китепкана бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаган Мадышова Миргүл аттуу жаш педагог мектепке ишке орношту.
Иш десе, ичкен ашын жерге койгон жаш адис 2008-жылга чейин китепканачылык зор милдет менен бирге балдарга тарыхтан билим берип жүрдү.
Бирок басса-турса, өзү эмгектенген мектепте Дүйшөнкулдун музейин ачуу оюнан кетпеди.
2001-жылы февраль айында баатырдын туулуп-өскөн Шалта айылына барып, ал жердеги мемориалдык музейдин иши менен таанышат. Көптөн күткөн тилектери орундалып, баатырдын баатыр жары Керимбүбү Шопокова менен жакындан таанышып маектешет.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ

Анан 2003-жылы 23-сентябрда Чүй облусунун Шалта айылындагы музейде экинчи ирет болуп, музейдеги экспонаттардын тематикасын, иреттик жактан коюлушун, эстетикалык жасалгасын жакшылап үйрөндү.

2005-жылы мектепте Миргүл Мадышова тарыхчы жана китепканачы катары Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына карата шаардык слет өткөрдү.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ

Ошентип аз-аздан болсо да издемчил педагогдун кыялдары ишке аша баштады. 2010-жылы көптөн күткөн тилеги орундалып, мектепте Дүйшөнкулдун музейи ачылды.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ

-Музейдин ачылышына кесиптештерим, окуучуларым зор салым кошту. Биз үчүн бул бир жагы сыймык болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик, — дейт Миргүл.

Миргүл 2015-жылы Шалта айылындагы музейге үчүнчү ирет келип, Бишкек шаарында өткөн панфиловчулардын слетуна катышып, кесиптештери менен ой бөлүшүп кайтты.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, МЕКЕНЧИЛ ПЕДАГОГ

Мыкты мугалим, издемчил тарыхчы, мекенчил педагог Миргүл Мадышова ушул күндөрү билек түрүп иштеп жатат. Анткени Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына аз калды. Бул тарыхый датага баатырдын ысмын алып жүргөн мектеп, Дүйшөнкулдун эрдигин даңазалаган музей өзгөчө даярдыкта болушу абзел.

Муну Миргүл Мадышова жакшы түшүнөт.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер