ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ

  • 06.05.2020
  • 0

ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ

 

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде илим жумалыгы жогорку деңгээле болуп өттү. Бир жума бою илимге байланышкан илимий семинарлар, конференциялар, жолугушуулар пландалып, ал иш-чараларга БМУ, ЖАМУ, КӨУ, БатМУ, ОГПИ, ОшТУ жана башка  окуу жайлардын окумуштуулары, изилдөөчүлөрү катышты.

Улуу жеңиштин 75 жылдыгына

Коомдук илимдер кафедрасы илим жумалыгынын башатын ачып берип, өз иш-чараларынын программасын жарыялады. Конференция “2020-жыл –  Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына, ОшМУнун 80 жылдык мааракесине, Улуу Ата Мекендик согуштагы улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналды.

ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ

Илимий жумалыкты ИПКнын директору О.Шаимкулов ачып, аралыктан байланышка  чыккан окумуштууларга ыраазылык билдирип, конференциянын ишине ийгилик каалады. Ошондой эле, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы ф.м.и.к., доцент Анарбаева Гүлжамал Маматовна куттуктоо сөзүн айтып, ИПКда алгылыктуу иштер жасалып жатканын баса белгиледи. Ал эми, коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, доцент Анарбаева Гүлназ Араповна кафедра пландаган илим жумалыгында актуалдуу баяндамалар угулаарын жана конференция өзгөчө форматта өтөөрүн айтып өттү.

Бул конференция 3 бөлүктөн туруп, иш-чарага Кыргызстандагы Социологиялык ассоциациянын (САК) вице-президенти, К. Карасаев атындагы БГУнун социология кафедрасынын доценти, соц.и.к. Б.А.Малтабаров, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  тарых  кафедрасынын доценти, т.и.к. Г.А.Анарбаева, Илимий изилдөө социалдык-медициналык институтунун табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы В.А.Анарбекова, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  доценти, т.и.к., Г.Т.Токтогулова, БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун алдындагы кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы т.и.к., доцент А.Т.Бердиев, ОшМУнун философия жана политология кафедрасынын профессору, ф.и.д. К.А.Исаков, о.э. ОшТУнун, КӨУнун белгилүү окумуштуулары катышып, баяндамаларды жасашты.

Конференциянын модератору коомдук илимдер кафедрасынын доценти, колледждин илимий иштерине жооптуу Г.Түмөнбаева 3 күнгө пландалган конференциянын ишин мыкты алып барды.

Конференцияда «Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин Улуу Ата Мекендик согушка болгон көз караштары (социологиялык анализ)» (доцент Малтабаров Б.А.),  «Онлайн окутуунун оң жана терс жактары» (доцент  Анарбаева Г. А.),  «Азыркы коомдогу кошоктун статусу» (доцент Анарбекова В. Э.), «Дүйнөлүк коомчулук пандемия щартында: көйгөйлөр, анализи, прогнозу (Кыргызстандын мисалында)» (доцент Токтогулова Г. Т.), «Адам жана жаратылыштын диалектикалык биримдиги жана учурдагы  ажырымы» (доцент Бердиев А.Т.), «Аморалдуулук (аморализм) глобалдуу проблемалардын детерминанты» (профессор Исаков К.А.), «Жиликтерди устукандоо тартиби» (доцент Анарбаева Г. А.), «Элдик педагогика. Бабалардын мурасы» (улук окутуучу Жабыева А.), «Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду» аталышындагы эмгекте Боромбай бийдин изилдениши» (окутуучу Мапаев Б. А.) деген темадагы  баяндалар окулуп, угуучулар тарабынан кызуу кабыл алынды.

Конференциянын жыйынтыктоочу 3-күнүндө Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган илимий баяндамалар окулду. Анда доцент З.Абдураимова “Согуштан кайтпай калган биздин боордошторубуз” деген темада баяндама жасап, согуш талаасындагы биздин жоокерлер, алардын эрдиги, мекенчилдиги тууралуу сөз кылса,   окутуучу Г.Сариева “ОшМУ – Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” деген аталышта кызыктуу баяндама жасады. Баяндамачыларга суроолор берилип, аталган баяндамаларды ОшМУнун башка факультеттериндеги жаш окумуштууларга, студенттерге онлайн лекция тибинде окуп берүү зарылдыгы сунушталды. Ошондой эле, илимий жумалыктын жыйынтыгы чыгарылып, ОГПИнын доценти Н.Сооронбаева куттуктоо сөз сүйлөп, илим жумалыгы мыкты өткөндүгүн белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык сөзүн сүйлөдү. ИПКнын директору, доцент О.Шаимкулов мындай саамалыкты бир гана илим жумалыгында эмес, үзгүлтүксүз өткөрүп турууну сунуштап, коомдук илимдер кафедрасынын башчысы Г.Анарбаевага, илимий иштер боюнча жооптуу Г.Түмөнбаевага ыраазычылык билдирди.

 

Заманбап мугалим кандай болушу керек?

Тилдер жана адабияттан билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын улук окутуучусу, ф..и.к. Д. Ызабекованын уюштуруп, жалпы колледждин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттердин катышуусунда 1-май күнү педагогика илимдеринин доктору К.Акматов биргелешип, “Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары” деген темада онлайн конок-лекция өткөрүлдү.

Ар тараптан өнүккөн мугалимдердин профессионалдык даярдыгы коомдогу өнүгүүлөрдүн, өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү экендиги, ошондой эле мугалимдик кесиптин түйшүктүү жолу жөнүндө баарлашып, бүгүнкү биздин коом кандай мугалимдердин келүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгы жөнүндө ой бөлүштү. Онлайн-лекция эки бөлүмдөн турду. Эки бөлүмдө тең жүздөй катышуучу байланышка чыкты.

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер