АТА-ЭНЕ МЕНЕН КОШО ЫРДАЙБЫЗ!

  • 04.05.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, үлгүлүү, элдик «Ак Шоола» балдар хору ансамблдердин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Карантин учурунда да «Ак Шоола» балдар хорунун жетекчиси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлмира Эсенгулова аралыкта эл аралык «Ата-эне менен кошо ырдайбыз!» аттуу сынак өткөрүп жатат.

Ким ойлоптур, жыйырма биринчи кылымдын гүлдөп турган маалында таажылуу оору дүйнөнү дүрбөлөңгө салаарын. Учурда дүйнө жүзү боюнча адамдар таажылуу оорууну жайылтпоого болгон күч-аракетин жумшап, күрөшүп жатышат. Албетте, кошумча билим берүү тармагы да өкмөттүн буйругуна баш ийип, үйдө аралыкта таалим-тарбия берип жатышат. «Ата-энелер менен чогуу ырдайбыз» деген сынактын башталышы дагы ушул карантинге байланыштуу болуп калды.

«Ак Шоола» балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулованын бирден бир максаты — Кыргызстандын жан дүйнөсү бай жарандарын тарбиялоо. Албетте, андай мүмкүнчүлүккө искусство гана эгедер экени маалым. Эл, жер, мекен, достук ырларын ырдаган, анын керемет музыкасы менен сугарылган бала гана эртеңки келечектин татыктуу инсаны боло алат.

— Балдар хорунун курамында эки жаштан өйдө кичинекей наристелер бар. Карантин жарыялангандан бери, хордун окуучулары менен мугалимдери (жетекчиси Эсенгулова Г.Ш., хормейстери Шабданалиева С.Ө.) өтө тыгыз байланышта, алыстан болсо да, телефон, WhatsApp аркылуу баарлашып жатышат. Балдардын өздүк контагы менен, берилген тапшырмалар текшерилип, катасы болсо оңдолуп, өтө жакшы жыйынтыгын берип жатат. Ар бир группа менен репертуар кайталанып, ар бир баланын ырды аткаргандыгы текшерилүүдө. Ар бир окуучу тапшырманы өтө кылдаттык жана ынтызарлык менен аткарып жатышат. «Ак Шооланын» сабактарын Токтогулда жашаган балдар да колдоп, кайталап жаткан видео бар. Балким, келечекте ошол балдар ырчылыкка тартылып, таланттуу ырчы балдардын катарын түзөт. Айтмакчы, бул коллективдин дагы бир өзгөчөлүгү — ар бир окуучу ата-энеси менен биргеликте репертуарларынан бир ырды аткарууга сынак жарыялаган, — дейт борбордун директору С.Челпакова.

Сынактын биринчи туру аяктады. Телефонго жүктөлгөн видеоматериалдардан балдар менен ата-энелердин ырларды аткаруусу өтө кызыктуу өттү. Салган видеолордон ата-энелердин, “Ак Шоолада” тарбияланган окуучулардын репертуарындагы ырларды так аткарышканы мактоого арзыйт. 2020-жылдын 5-апрелинен сынактын экинчи туру башталды. Сынактын экинчи турунда, ырлар концерттик вариантта, костюмдары менен аткарылууда. Жюри иштеп жатат, приздер каралган.

Карантин башталганда окуучуларым «эми эмне кылабыз?» деп суроо салганда, тамашалап «ата-энелериңер менен биздин репертуардан бирден ырды жаттайсыңар, видеого жүктөп мага cаласыңар» деп койгом. Айткан тамашамды балдар чындыкка айлантып, тарткан видеоклиптер менен кошо ата-энелер бирге ырдап жаткан видеолорун жөнөтө башташты. Ошондон кийин «бул болгону репетиция болду, эми сынакка даярдангыла» деп сынак жарыяладым. Биринчи туру абдан кызыктуу өттү. Бизге чет өлкөдөн чыгып, «эл аралык деңгээлде өткөрөлү, биз дагы катышабыз» деген сунуштар түшүп, тамашам чоң эл аралык сынакка айланып кетти, — дейт Гүлмира Эсенгулова.

АТА-ЭНЕ МЕНЕН КОШО ЫРДАЙБЫЗ!

Бүгүнкү күндө «Ак Шооланын» бүтүрүүчүлөрү дагы патриоттук ырларды аткарып, өз үй-бүлөлөрү менен сынакка активдүү катышып жатышат. Жакында эле «Ак Шооланын» жетекчиси Гүлмира Эсенгулова сөзү Шайлообек Дүйшеев, обону Турдубек Чокиевге таандык «Айтилек» аттуу чыгарманы «челлендж» ролик кылып тарттырды.

АТА-ЭНЕ МЕНЕН КОШО ЫРДАЙБЫЗ!

— Эми бул ырды илгери эле алайын деп, бирок сөзүнүн татаалдыгы, нотанын бийик алынышы мени орто жолдон айныткан эле. Карантин учурунда ушул ыр эмнегедир эсиме түшүп, балдарды аралыкта ырдатып көрсөм, балдарым бат эле жаттап коюшту. Андан кийин белгилүү ырчыларга кайрылсам, алар да макул болушту. Ошентип «челлендж» менен тарттырсак, сонун ыр болуп чыга келди, — дейт жетекчи.

Көрсө, Г.Эсенгуловага Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө эбак эле жазылган ыр эмнегедир оор, балдар көтөрө албачудай сезилчү экен.

АТА-ЭНЕ МЕНЕН КОШО ЫРДАЙБЫЗ!

— Учурунда КРнын эл артисти Сталбек Алмасбековго бул ырды композитор берсе, ага жагыптыр. Ал киши оор ырдайт, ого бетер оор болуп калган. Ушул күндөрү ырды алам деп белимди бекем бууп, балдарга ылайыкташтырдык. Аралыкта үйрөтө баштадым. Шайлообек байкеге тарткан ырыбызды жөнөтүп көрсөтсөк, ал бул ырды унутуп калыптыр. «Бул кайсы съемка?» — дейт. «Үйдөн ырдап атпайбы», — деп Т.Чокиев айтса, ишенбейт. Абдан таң калды. Жан дүйнө жөн отургузбайт экен. Ошентип татаал ырды аралыкта балдар менен чыгарып койдук, — дейт кубанычы койнуна батпай жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер