АЛДЫГА УМТУЛГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАР

  • 04.05.2020
  • 0

Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунда азыркы кырдаалга байланыштуу сабактар аралыкта өтүлүүдө. Райондук «Кырк чоро — 2020» сынагы облустук балдардын чыгармачылык борборунун буйругунун негизинде аралыкта өткөрүлдү.

АЛДЫГА УМТУЛГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАР

Борбордун директорунун орун басары Гүлнара Калдыбаеванын берген маалыматы боюнча, Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик укуктук актыларына ылайык, облустук жана райондук балдардын чыгармачылык борборлорунун перспективалык жана жылдык иш пландарынын негизинде иштер аткарылууда.

АЛДЫГА УМТУЛГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАР

АЛДЫГА УМТУЛГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАР

— Биздин борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн үч багытта жүргүзөт: райондук, облустук, республикалык маданий-массалык иштер; мектептердеги класстан тышкаркы иштер «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарынын өзүн-өзү башкаруусу жана ар түрдүү профилдеги ийрим иштери: техникалык-чыгармачылык; улуттук маданият жана тил; көркөм кол өнөрчүлүк, экология, край таануу, туризм багытындагы иштер аткарылууда.

Азыркы кырдаалга байланыштуу сабактар онлайн түрүндө өтүп жатат. Атап айтсак, «Кыл калем» ийриминин жетекчиси Козукеев Чыныбектин «Живопистеги перспектива» деген темадагы сабагы жогорку баага татыктуу болду. «Драм» ийриминин жетекчиси Абдылдаев Темиржандын «Кыргыз оозеки чыгармалары» деген темада сабак өтүп, окуучулары менен кайтарым байланыш болуп жатат. Ошондой эле онлайн сабактарды жогорку деңгээлде өткөн педагогдор: «Жаш саякатчылар» ийрими — Караева Шайыркан, «Алтын ийне» ийриминин жетекчиси Асанова Гүлмира, «Жибек» — Тагаева Гүлзина, «Жер эне» — Абдыкеримова Аксана, «Дисплей» — Асанова Надира, «Жашыл патрульдар» — Аманбаева Дилбар, «Жаш техник» — Базарбек уулу Курсант, «Жаш туристтер» — Рыскулов Акжол, «Кийиз керемети» — Жапышова Динаралар сабактарын аралыкта жогорку деңгээлде өтүп, кайтарым байланышта болуп турушту, — дейт Г.Калдыбаева.

АЛДЫГА УМТУЛГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАР

Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына карата «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу эл аралык сынагы онлайн түрүндө өттү. Райондо борбордун тарбиялануучулары алдыңкы орундарга жетишти. Алсак, «Көчмө автокырман» долбоору менен Сүйүнбаев Дөөлатбек; «Жер сүрүлүүнүн алдын алуу» — Бекмамат уулу Даниел; «Альтернативдүү энергияны пайдалануу» — Жоодарбек уулу Даниел; «Жаңы конуш» — Жыргалбай кызы Айгерим.

Облустук онлайн турунда «Көчмө автокырман» ишинин ээси Сүйүнбаев Дөөлатбек (жетекчиси Раманов Бактияр) жана «Жаңы конуш» иши менен Жыргалбай кызы Айгеримдер (жетекчиси Асыранкулова Венера) алдыга суурулуп чыгышты.

— Ал эми райондук «Кырк чоро — 2020» сынагы облустук балдардын чыгармачылык борборунун буйругунун негизинде өткөрүлдү. Райондук турга 17 мектеп катышып, 1-орунду Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин «Манас жаштары» уюму; 2-орунду Т.Жумабаев атындагы орто мектебинин командасы; 3-орунду М.Адышев атындагы орто мектебинин командасы чыкты.

Облустук сынакка «Манас жаштары» уюмунун программасы жөнөтүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган «Аталардын эрдигин даңктайбыз» онлайн фестиваль-сынагынын райондук туру өткөрүлүп, жыйынтыгында көркөм окуу боюнча «Элдик фольклор» ийриминин окуучусу Майрамбек уулу Баястан, (жетекчиси З.Сарыбаев), «Вокал» ийриминин окуучусу Самайбек кызы Бурулча (Э.Карасеитов) жеңүүчү деп табылып, облустка жөнөтүлдү, — дейт директорду орун басары.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер