САН АТООЧТУН ТҮРЛӨРҮ

  • 30.04.2020
  • 0

                                (Кыргыз тили, 5-класс)
Сабактын тиби: Интерактивдүү сабак
Сабактын жабдылышы: Экран, проектор, А4 барактары, баалоо үчүн наклейкалар, баалоо баракчалары
Сабактын максаты: Окуучулар:

  • Сан атоочтун негизги түрлөрү жөнүндө түшүнүк алышат
  • Сан атооч боюнча алган билимдерин бышыкташат жана тереңдетишет, кепте колдонулушу боюнча маалыматтарын кеңейтишет
  • Ар бир топтун окуучулары берилген темасы боюнча тапшырмаларды аткара алышат
  • Аткарган ишин (презентациясын) коргой алышат
  • өз оюн айта алууга, тапкычтыкка, тездикке, топтун ичинде иштей алууга үйрөнүшөт

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу мезгили:

Саламдашуу

Сүйлөшүү минутасы

Сабактын максаты менен тааныштыруу

Сабактын алтын эрежелери экранда көрсөтүлөт

С – сабакка активдүү катышуу

А – ар дайым кол көтөрүп жооп берүү

Н – намыска тик туруу

А – айтылган ойлорду сыйлоо

Т – тапшырмаларды аткаруу

О – окуучулардын пикирин угуу

О – оюн топтоп жооп берүү

Ч – чыгармачылык менен катышуу

Окуучуларды сабактагы баалоо системасы менен тааныштыруу

Баалоо үчүн, упайларды таратууга мугалимге жардамчылар тандалат.

Экранда сандар тууралуу табышмактар көрүнөт

  1. Тоголок келген бою бар, токсон кабат тону бар. Бул эмне?

(пияз)

  1. Бир чоң терек бар, анын он эки бутагы бар, ар бир бутагында отуздан жалбырагы бар. Бул эмне?

(бир жыл, он эки ай, отуз күн)

  1. Эки ата жана эки баласы үч апельсин сатып алышты, ар бирине бирден апельсин тийди. Мындай кантип болушу мүмкүн?

(чоң ата, ата, бала – 3 адам апельсин сатып алышты)

  1. Бир төөнүн жүгү он кг. шекер эле, экинчисинин жүгү он кг. кебез. Кайсы биринин жүгү оорураак?

(экөөнүн жүгү бирдей)

  1. Бир жумуртканы кайнатууга 5 мүнөт кетти, 6 жумуртканы кайнатуу үчүн канча мүнөт керек?

(5 мүнөт)

  1. Төрт баланын канча манжасы бар?

(40)

  1. Бош стаканда канча канча жаңгак бар?

(эч канча, стакан бош)

  1. Беш адам троллейбусту беш мүнөт күтүштү. ошондо ар бири канча мүнөттөн күтүштү?

(5 мүнөт)

Балдар табышмактарды тапкан сайын, экранга туура жообу көрсөтүлөт, туура жооптор үчүн мугалимдин жардамчылары упайларды таратат.

Мугалимдин сөзү:

— Саламатсыңарбы, балдар!

— Биз силер менен мурдагы сабактарда сан атооч сөз түркүмү менен таанышканбыз. Ал эми бүгүнкү сабакта сан атоочтун негизги түрлөрү менен таанышабыз. Ошондой эле силерди кызыктуу тапшырмалар күтөт.

— Сабактын алтын эрежелерине көңүл бургула

— Силердин сабакка катышканыңарды туура баалоо үчүн мен силерге «Баалоо баракчаларын» таратам. Ага силер мүмкүн болушунча көбүрөөк упай жыйноого аракет жасагыла.

— Кана эмесе силерге ийгилик, сабагыбызды баштайлы.

— Экрандагы табышмактарга жооп издеп көргүлөчү

  1. Үй ишин текшерүү:

Үй иши макалдарга байланыштуу тапшырмаларды аткаруу менен текшерилет.

Экранда макалдар көрсөтүлөт.

1-тапшырма «Макалдарды сандар менен толуктоо»

Билеги күчтүү … жыгат,

Билими күчтүү … жыгат.

кол тең эмес.

өлчөп, … кес.

Кыздын … чачы улуу.

Жигитке … өнөр аздык кылат.

сомуң болгуча, … досуң болсун.

Жакшы атка … камчы,

Жаман атка … камчы.

жолу айткандан, … жолу көргөн жакшы.

Бирөөгө күлсөң, өзүң ыйлайсың.

2тапшырма «Макалдарды улантуу»

Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың.

Бир ооздон чыккан сөз, миң оозго жайылат.

Бир ата он уулду бага алат, он уул бир атаны бага албайт.

Бир барган жериңе, миң жолу салам айт.

Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт

Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.

Биринчи байлык – ден соолук, экинчи байлык – ак жоолук, үчүнчү байлык – жүз соолук.

Мугалимдин сөзү:

  1. Жаңы теманы түшүндүрүү — үйдөн сан атоочтор катышкан макалдарды таап келишиңер керек эле. Бүгүн үй ишин башкача формада текшеремин, экранды карагыла— Азыр сан атоочтор катышкан макалдарды сандар менен толуктагыла жана макалдарды уланткыла— Ар бир туура жооп үчүн бирден упай берилет— Ийгилик каалайм!— Азаматсыңар!!!

Сан атооч эмне экенин кайталоо

Жаңы теманы таблицанын жардамы менен окуучуларга түшүндүрүү

Таблицаны проектор аркылуу экрандан көрсөтүү

Сан атоочтун түрлөрүмисалдар
  1. Эсептик сан (Канча? Нече?)
Он, жыйырма, кырк, эки жүз, миллион ж. б.
  1. Иреттик сан (Канчанчы? Неченчи?)
Биринчи, экинчи, үчүнчү, жыйырманчы ж. б.
  1. Жамдама сан (Канчоо? Нечөө?)
Бирөө, экөө, үчөө, төртөө, бешөө, алтоо, жетөө
  1. Чамалама сан (Канча? Канчадай? Канчалаган?)
Ондой, жыйырмача, кырктай, жүзгө жакын, отуз чакты ж. б.
  1. Топ сан (Канчадан? Нечеден?)
үч — үчтөн, беш – алтыдан, отуз – кырктан ж. б.
  1. Бөлчөк сан (Канча бөлүгү?)
Экиден бир, бештен үч, сегиз бүтүн ондон бир ж. б.

Мугалимдин сөзү:

— Кана, балдар, сан атооч деп эмнени айтабыз?

— Ким айтып коет?

— Сан атооч заттын санын, катарын билдирип канча? нече? канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет

— Мисалы?

— Сан атоочтун негизги түрлөрүн дептериңерге жазып алгыла

— Бүгүн сабакта сан атоочтун негизги түрлөрү менен таанышабыз. Сан атоочтун алты түрү бар. Кийинки сабактарда алардын ар бирине токтолобуз.

— Экранды карагыла

  1. Сабакты бышыктоо:

Топто иштөө

Окуучулар алты топко бөлүнөт, ар бир топко сан атоочтун түрлөрү боюнчаА4 барагында тапшырма берилет

Топтордун аткарган жумушун презентациялоосу

Ар бир топ доскага чыгып, бөлүнгөн чыгармадагы каармандардын адамдык сапаттары тууралуу кеп кылышат

Калган топтор кунт коюп угуп, презентация аяктагандан кийин суроолорду беришет

Топто иштөөнүн көрсөтмөсү

  1. Бири-бирин кунт коюп угуу
  2. Топтун жетекчисин дайындоо. Жетекчи топтун аткарган ишин башкарат (А4 барагына ким жазарын, ким презентациялай турганын дайындайт)
  3. Тапшырманы талашпай – тартышпай аткаруу
  4. Презентацияга даярдануу

Көрсөтмө экранда көрсөтүлөт

  1. Эсептик сан

Эсептик сандарды сөз менен жазуу

Эсептик сан

Сөз менен жазуу

13678

568923

25987

123546

1587692

  1. Иреттик сан

Сүйлөмдөрдү иреттик сандар менен толуктоо

— Нооруз майрамы!

— Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон.

Мен … класста окуйм.

— Космонавтика күнү!

— Аялдардын эл аралык майрамы!

  1. Жамдама сан

Жамдама сандарды катыштырып 5 сүйлөм түзүү

  1. Чамалама сан

Эсептик сан атоочтордон чамалама сан жасоо

2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 16, 19, 60, 100, 200, 300, 800, 1000, 2000, 2900, 3000

  1. Топ сан

Топ сандарды катыштырып 5 сүйлөм түзүү

  1. Бөлчөк сан

Бөлчөк сандарды сөз менен жана цифра менен жазуу

8, 144
2, 10
Бештен эки
Сегизден төрт
10, 2356

 

Ар бир топ кезеги менен доскага чыгып, аткарган ишин презентациялашат

Топтордун презентациясы

Презентациялоодогу көрсөтмөлөр

Ар бир топ өзүнүн аткарган ишин презентациялайт, калган топтор кунт коюп угуусу керек, презентациялоо аяктагандан кийин түшүнбөгөн суроолор болсо беришет.

Мугалим балдарга ыраазычылык билдирип, упайларды таратууну уланта берет.

Китеп менен иштөө

120-бет, 289-көнүгүү

Көнүгүүнү биринчи аткарып бүткөн бешөө бааланат

Мугалимдин сөзү:

— Топто иштөөнүн көрсөтмөсү төмөндөгүдөй

Көрсөтмөнү окуу жана балдарга түшүндүрүп берүү

Мугалим сабакта башкаруучу жана жол көрсөтүүчү ролду гана аткарат, балдарга жардам берет, негизги ролдо балдар болот

Балдарды дайыма мактап, ыраазычылык айтып туруусу керек

— Эми сөздү топторго беребиз, кезек-кезеги менен доскага келип, ткарган ишиңерди башкалар менен тааныштыргыла

Сабакты жыйынтыктоо: Баалоо

Мугалим бардык активдүү иштеген балдарга ыраазычылык айтып, сабакта эмнелерге көңүл бурулганын сурайт упай топтоонун жыйынтыгын чыгарат, жана окуучуларга тиешелүү баа коет

Окуучулардын бааларын журналга жана күндөлүккө коюу

Үйгө тапшырма

Үйгө тапшырманы кантип аткаруу керектигин балдарга түшүндүрүү

  1. Сан атоочторду катыштырып 2 ребус табышмак түзүү
  2. 121-бет, 290-көнүгүүнү аткаруу

«Тоодогу жазуу» деген текстти окуп, мазмунун айтып берүү

Балдар тапшырманы дароо күндөлүгүнө жазып алуулары керек.

Гулнур Шерипбаева, «Олимп» мектеп-гимназиясынын мугалими, Ош шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер