«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

  • 29.04.2020
  • 0

«Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору кошумча билим берүүнүн флагманы катары бир топ таланттуу балдарды тарбиялап, өстүрүп келатат. Биз бүгүн кеп кылчу каармандар борборго кызмат өтөп, анын атын далайга чыгарып жаткан Эрнст, Эрнест жана Эрнист аттуулар жөнүндө болмокчу. Биринчиси — Кыргыз баатыры, «КР саламаттыгына эмгек сиңирген дарыгер», «Сейтек» борборунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Эрнст Акрамов, экинчиси — борбордун «Шаттык» үлгүлүү бий ансамблинин бүтүрүүчүсү, Санкт-Петербургдагы Михайловск балет театрынын биринчи солисти Эрнест Латыпов жана Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты “Ак Шоола” балдар хорунун бүтүрүүчүсү, “Эка рекордс” студиясынын негиздөөчүсү Эрнист Уметалиев.

«Сейтектин» досу

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, Эрнст Акрамов Камкордук кеңешинин ишмердигине көп жылдан бери катышып келет.

— Эрнст Хашимович Акрамов — эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин IV чакырылышынын депутаты, Кыргыз Баатыры.

Эрнст Хашимович биздин Борбордун бардык коллективдеринин өткөргөн иш-чараларына дайыма катышат. Педагогикалык жамаат, окуучулар, алардын ата-энелери, биздин кызматкерлер белгилүү дарыгерди жакшы таанышат, аны терең урматташат жана баалашат.

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

Канчалык убактысы тар болуп турса дагы, Камкордук кеңешинин жыйындарына келет. Бул жыйындарда каралган татаал маселелерди чечүүдө эч ким анын сөзүн эки кылбайт. Анын сөзүн муюп угушат жана айткан кеңешинен кийин туура чечим кабыл алынат, — дейт жетекчи.

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

Көп жылдан бери дарыгер «Акрамовдук кечелер» аттуу иш-чарасын А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүп келатканы баарыбызга жакшы маалым. «Сейтек» борбору бул иш-чарага дайыма активдүү катышат. Э.Акрамовдун бир дагы кечеси «Сейтектин» хореографиялык ансамблдеринин катышуусуз өтпөйт.

— Э.Акрамовдун мындай деп жазганы бар: «Бүгүн, мен сыйлаган «Сейтек» борборун көргөнүмө кубанычтамын. Борбордун тарбиялануучулары жаратып жаткан чоң ийгиликтер — педагогдордун жаңы муунду тарбиялап жатканынын жыйынтыгы. Бул жаштар — ийгиликке умтулган, сулуу, энергиясы ашып-ташып тургандар! Ийгилик каалайм баарыңарга!», — дейт дарыгердин жазган жазууларын окуп Сабийра Челпакова.

«Шаттыктын» тарбиялануучусу

Эрнест Латыпов Бишкек шаарында төрөлгөн. 2012-жылы А.Я.Ваганов атындагы Орус балет академиясын аяктаган.

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

— 2012-жылдан 2017-жылга чейин Мариинск театрында эмгектенген. Бул театрда ал «Жизель» (Классикалык дуэт), «Сильфида» (Джеймс, жигит), «Баядерка» (Солор), «Лебединое озеро» (Зигфрид, принцтин досу), «Раймонда» (Беранже), «Дон Кихот» (Базиль), «Корсар» (Али, Ланкедем), Михаил Фокиндин «Видение розы», «Шехеразада» (Зобеиданын кулу), «Карнавал» (Арлекин); «Бахчисарайский фонтан» (Вацлав, жигит, кароолчунун башчысы); «Щелкунчик» (Щелкунчик-принц, негр; хор. В. Вайнонена), «Ромео и Джульетта» (Трубадур), Леонид Якобсондун «Спартак» (Сатир), «Шурале» (Али-Батыр); Джордж Баланчинанын «Фортепианный концерт № 2» (Ballet Imperial), «Драгоценности» («Изумруды», «Рубины»), «Сон в летнюю ночь» (Pas de deux II акта), «Симфония до мажор» (III. Allegro vivace); Фредерика Аштонанын «Сильвия» (Раб, Плутон); Юрия Григоровичтин «Легенда о любви» (Ферхад, Ферхаддын досу), Алексей Ратманскийдин «Конёк-Горбунок» (Иван-дурак), «Золушка» (Лето); «Инфра» (хор. Уэйна МакГрегора); «Щелкунчик» (Щелкунчик-Принц; пост. Михаила Шемякина); Антон Пимоновдун «Бемби» (Бемби), «В джунглях» (Бембинин башчысы); «Русская увертюра» (хор. Максима Петрова); ошондой эле pas de deux балетинен «Корсар», pas de trois балетинен «Фея кукол»; Without (хор. Бенжамина Мильпье); «Прометей, или Подвиг титана» (хор. Эмиля Фаски), pas de deux балетинен «Талисман», pas de trois балетинен «Пахита» партияларын аткарып келатат, — дейт апасы, «Шаттык» үлгүлүү, элдик хореографиялык ансамблинин жетекчиси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сырга Латыпова.

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

2018-жылдын 1-февралынан тарта Э.Латыпов Михайловск балет театрынын биринчи солисти болуп иштей баштады. Өзү жаш болсо дагы анын эмгеги бааланып, бир топ сыйлыктарга татыктуу болду. Мыкты, чыгармачыл жаш артист театр жетекчилеринин сүймөнчүлүгүнө арзыган үчүн ага башкы ролдор берилет.

Дагы бир кызык факт, Эрнесттин апасы Сырга Латыпова «Ак Шоола» балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулованын окуучусу.

— Сырга менин окуучум. Анда менин уулум Эрнист кичинекей эле. Ал кезде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратында «Ак Шоола» жайгашчу. Сырга мага келгенде уулумду жетелеп алчу. Мага келип жүрүп, ал «Ак Марал» элдик бий ансамблине кирип, ошол жерден өмүрлүк жолдошу Эрик менен таанышкан. Сырга Латыпова кийин бир айтып жүргөнү эсимде: «Сиздин балаңыз жакчу. Ошондуктан баламдын атын Сиздин балаңыздын атынан койгом» деген, — дейт Гүлмира Эсенгулова.

«Ак Шооланын» бүтүрүүчүсү

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

Уметалиев Эрнист Бактыбекович 1986-жылы 13-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1993-жылы борбор калаанын №64 мектеп-гимназиясынын босогосун аттап, 2003-жылы аяктаган. Кичине кезинен апасы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Гүлмира Эсенгулова негиздеп, жетектеп келе жаткан Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты “Ак Шоола” үлгүлүү, элдик балдар хорунда ырдап чоңойгон.

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

— Хор коллективи менен Түркия, Болгария, Казакстан, Литва, Россиянын бир нече шаарларында (Екатеринбург, Суздаль, Кострома, Владимир) гастролдо болгон. 2000-жылы курамы “Ак Шооланын” балдарынан турган “Кылым” аттуу чакан топ түзүп, жаштар арасында абдан популярдуулукка жеткен. 2004-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуган. Окууну аяктаган соң “Эка рекордс” аттуу жеке үн жазуучу студия ачып, ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатат. Өзү тарбияланып чоңойгон “Ак Шоола” балдар хорунун, бүгүнкү күндөгү эстрада жылдыздарынын көпчүлүгүнүн үндөрү Эрнисттин “Эка рекордсунан” жазылган, — дейт апасы, «Ак Шоола» хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова.

Мындан сырткары Эрнист Уметалиевдин идеясы жана продюсерлиги менен “До+Фа”, “До+Фа 2”, “Одноклассники KG”, “Симулянты” аттуу көркөм фильмдер тартылып, саундтректерин жазган.

Учурдагы эстрада жылдыздарынын көпчүлүгү элге белгилүү ырларын “Эка рекордс” студиясынан жаздырышкан. Алардын айрымдарынын продюсери да болуп эсептелет.

2015-жылы экс-президент А.Атамбаевдин суранычы менен “Эка рекордс” студиясынан анын ырларын жазып, клиптерин тарттырып, 2017-жылы Москвадагы “Мелодия” фирмасынан миллион нуска менен CD диск чыгарууга түздөн-түз жардамын берген.

Эка рекордс” студиясы ишмердигин кеңейтип, интернет видеоканал ачып, кичинекейлерге музыкалуу англис тилиндеги анимациялык клиптерди жана фильмдерди тартып, дүйнөнүн чар тарабынан миллиондогон көрөрмандарын таап жаткан кези.

«СЕЙТЕК» СЫЙМЫКТАНГАН ИНСАНДАР

Үй-бүлөлүү. Аялы Кенжекулова Чолпонай – белгилүү ырчы жана актриса. Жогорудагы аталган кинолордогу башкы ролдорду жараткан. Лиана аттуу бир кыздын атасы.

Ошентип биздин каармандар уюткулуу, таланттардын ордосу «Сейтек» менен тагдырлаш, замандаш. Булардын ар бири жаштарга үлгү, өрнөк!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер