МЕН БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, СИЗ БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, АЛАР ЭМНЕГЕ БИЛИШПЕСИН

  • 29.04.2020
  • 0

Тээ 2015-жылдын сентябрь айында, мен мурда иштеген мектептин директору, раматылык Айнагүл  Коргонбаева эжекем: “Тетиги жигитти көрдүңбү, ошол силердин шаардык билим берүү башкармалыгындагы предметтик усулчуңар болот, тим эле сабаттуулугун айт, кыргыз тилин семичкедей чагат, ар бир сөзүң жоопсуз калбайт, маданияттуулугунда сөз жок,  келгенине бир эле жыл болсо да укмуш иштеп жатат, сени ушул агай менен тааныштырып коёюн, агайыңдан көп нерселерди үйрөн, анан мактасам жакшы көрүп калба, анын үй-бүлөсү бар”,  — деп күлүп калды. Кийин  “Усулдук кербен” деп аталган иш-чаранын алкагында ар бир предметтен, ар бир мектепке келип жеринде жардамдар көрсөтүлүп жатты. Ошол кербен биздин мектепке да жетти.  Эжекем сөзүнө туруп, агайды чекелетип, мени болушунча мактап тааныштырды.  Агай дароо эле чөнтөк телефонунун номурун берип, мени менен байланышкын деди.  Ноутбугума жүктөп берген материалдарды катары менен көрө баштадым. Тим эле асмандагы келгин куштардай тизилгенин, ар бири өзүнчө папкада жайгашканын, кыргызча кинолор, биз китепканадан китепкана издеп окуган кыргызча китептердин  электрондук варианты, аудио китептер,  бир канча кытайлык, памирлик  кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар, кыргызча күүлөр, бийлер ж.б бир топ эле өмүрүбүзгө жете турган материалдарды көчүрүп  бериптир. Ошол, ошол болду агайга башта маани бербесем, ушул усулдук кербенден кийин, ага болгон “симпатиям” жаралып калды. Бир караганда  чоң эле жетекчидей сүрдүү да, сырдуу да келбетине, мүнөзүнө суктанып жүрө бердим. Ал убакта усулчу дегендин шаардык билим берүү башкармалыгында (горОНОдо) кандай орду бар экенин, анын кызматы эмне экенин деле түшүнгөн эмес элем. Бул жолку “УСТАТТАРГА УРМАТ” макаламды дал ушул агайыма арноону чечтим. Сиз дагы, урматтуу окурманым мындан ары ким жөнүндө сөз болоорун таап алдыңыз окшойт. Ырас, туура таптыңыздар, ал мен билген, сиздер жакындан тааныган, башкалар да жакындан тааныгысы келген – ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ деген агайыбыз.

МЕН БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, СИЗ БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, АЛАР ЭМНЕГЕ БИЛИШПЕСИН

Агайымдын жан дүйнөсүнүн  кенендиги, акылынын, билиминин тереңдиги бир топ жаш мугалимдерди педагог катары таптап, телчиктирди. Алдыбыз республикага  таанылган мугалим болдук. Ошондуктан ар бир окурманыма турмуштук мугалимиңер ылайым эле болбоду дегенде Тынчтыкбек агайдай болсун демекмин.  Агайдын жамандык менен келишпес, жакшылык менен шериктеш экендигин акыркы беш жылда жакшылап түшүндүм. Ал Кыргызстанда деле парасыз иштөөгө боло тургандыгын айгинеледи.

Ош шаарында кандай иш-чара болбосун көшөгөнүн артындагы даярдык агайымдын тыкыр көзөмөлүнөн өтөт. Эх, ага жумшалган убакыт, ар бир катышуучунун мүнөзүн таап сүйлөө, аларга сүйлөгөн сөздөрүн жазып берүүдөн көрө талаада эки күн тынбай жер казгандагы иш жеңил болсо керек.  Караңгыдан көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, чырмоок баскан жерди гүлгө айланткан, ал гүлдөргө суу сээп, гүлдүн ачылышын  чын жүрөктөн  күтүп, колдоо көрсөткөн агайым бизди ар дайым адал мээнет менен иштөөгө, ар кандай кырдаалда, сынакта жеңүүгө да, жеңилүүгө да даяр турууга, колубуздан келген жардамды кесиптештерибизге бөлүшүүгө, телевидениеге чыгууга, коомчулукка үнүбүздү маданияттуу жеткирүүгө, гезит-журналдарга макала жазууга үйрөттү. Жада калса ар бирибиздин социалдык тармактагы жазгандарыбызды оңдоп-түзөгөн күндөрү да алиге чейин токтоло элек. Ар бирибизге жекече кайрылгандарын айтпай эле коёюн. Мен ойлочумун агай мени менен жакшы, мага эле жакшы каалоо-тилектерди айтып, жардам берет деп. Көрсө ар бир мугалимге ошентип жардам берет экен. Аны да азыркы кызматынан капыстан кеткенде билдим.

Кээде түнү менен шаардык билим берүү башкармалыгында иштегендерин билчүмүн. Анан өзүңүзгө караңыз, ден соолугуңузду аяңыз десем, агай: “Айрым эс алуулар чарчатат, айрым жумуштар эс алдырат” деп кыска жооп жазып койчу. Мына ушинтип алты жылдан бери көшөгө артында кызмат кылып, биздин ийгиликтерибизге кубанып келе жатат.

МЕН БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, СИЗ БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, АЛАР ЭМНЕГЕ БИЛИШПЕСИН

Агайбыздын чыкыйып ак көйнөк, костюм кийип жүргөнүнө, колунун ачыктыгына, берешендигине, иш бөлмөсүнө кокус бир иш менен барып калсаң окуп бүткөн китептерин берип, сыртка чейин  узаткандыгына, жөнөкөйлүгүнө ушунчалык суктанам. Анан  мен да агайга окшош инсан  болгум келе берет. Ош шаардык билим берүү тармагында усулчу болуп иштесем деп кыялдана берчүмүн. Бир күнү эле агайдан эмгек акыңыз канча деп сурап калдым. Агай өзү ар бир суроого кайсы бир салыштыруулар менен, тамашалап жооп берет дайыма. Бул жолу да  “Базардагы наспай саткан сатуучунун кирешесинен аз” деп койду, тамашалап. Кийин кызыгып башкалардан сураштырсам, менин алган эмгек акымдын үчтөн бир бөлүгүн алат  экен.

Агайга качан барбайлы колунан телефону түшпөй, компьютердин алдында ар жакка маалымат бөлүшүп жаткан, келген маалыматты 50дөн ашык мектептин э-почтасына жиберип жаткан, кайра эле бирөөнү мугалимдерге усулдук жардам өтүп берүүсү үчүн жолугушууга чакырып жаткан, кайра эле мэрияга чогулушка кетип жаткан, анан эле бир мектептеги маданий иш-чарасына катышып, көрүп отурган, бир карасаң эле телевизордо интервью берип жаткан. Кыскасы, агайдын жумушу ушундай. Мындай учурда айлыгынын азына нааразы болбой, башка тарапка кетип калбай иштеп жаткан Тынчтыкбектей эр-жигиттерибиз Кыргызстан боюнча саналуу эле болсо керек. Өз кесибин сүйгөн мындай эр-азаматтарды министрлик анализдеп, көзөмөлгө алып, шарт түзүп, жакшы кызматтарга иштетүүнүн менимче, мезгили келди. Муну менен эмнени айткым келип жатат? Агай керек болсо жөн эле агай, усулчу эмес, Ош шаардык билим берүү тармагын башкара турган деңгээлге жетти. Мен муну Тынчтыкбек агайга кошомат кылып айткан жерим жок. Анткени мен азыр шаардык билим берүүгө карабаган жеке тарапта иштейм. Агайымдын бул тармакта бай тажрыйбасы мол экендигин, кире беришинен ашканасына чейинки сырды билип бүткөндүгүн мен эле эмес,  Ош шаарындагы кайсы мектептин мугалиминен сураба акыйкат үчүн дароо эле татыктуу деп  айтса керек.

Агай менен төрт жыл иштешсем да, агайдын дасыккан ой жүгүртүүсү, жанда жок талыкпаган эмгекчилдиги, изденүүчүлүгү, өжөрлүгү ар дайым ийгилик менен коштолуп жаткандыгына баарыбыз күбө болуудабыз. Мына азыр да карантин деп берилген буйрукту тиешелүү тарапка жөнөтүп жатып алган жок, устатыбыздын жүрөгүндөгү оргуштаган ойлору, жайдары, жаркылдаган кулк-мүнөзү, адамдар менен болгон жакшы мамилеси апрелдин башынан (8.04.2020-ж) бери эле заманыбыз, элибиз, мугалимдерибиз, ата-энелерибиз муктаж болуп жаткан иштерге баш оту менен кирип, ар күнү кечки 21:00дө тыным албай, кечиктирилбей уюштурулуп келе жаткан вебинардан деле агайымдын келечекке, билим берүүгө болгон тунук жана ишенимдүү көз карашы бар экендигин сезсек болот. Чынында Тынчтыкбек дегендердин баары эле кыйын окшойт, Тынчтыкбек Чоротегин, Тынчтыкбек Жанадыл, Тынчтыкбек Кожобеков дегендей… Агайымдын туулган күнү дагы 23-февраль, негизи төрөлгөндө эле элим, Мекен деп, ага кызмат кылууга төрөлгөндөй.

Учурдагы эң көп айтылып жаткан медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча “ММК Колдоо Борбору” Фондунун уюштуруусу менен Бишкек шаарында конференция болуп калды. Ага Кыргызстандын төрт бурчунан, атүгүл коңшу мамлекеттерден, Европадан чыгаан мугалимдер, медиа-серепчилер келип, ар кандай усулдар менен эки күн бою мастер-класстарды өтүп беришти. Мына ошондо да агайымдын мыкты ишмердүүлүгү, уюштуруучулугу менен Ош шаарынан бир учак толо мугалимдер барып катышып келдик. Аталган фонд Ош шаарынан чыгып, кайра Ош шаарына келгенге чейинки бүт чыгымыбызды каржылап, мыкты деңгээлде уюштурду. Чынында ушул иш-чара көп кесиптештеримдин ишине болгон кызыгуусун арттырды. Агай болсо, ал жакта да жетекчи болуп алдыңкы орунга отуруп алган жок. Ар бирибизди сен бул тренингге кир, сен бул мастер-класска кир деп жол көргөзүп, ар бирибизди эрте менен эрте тургула деп, жатаканада он башы дайындап, конференциядан кийин чарчап калсак да, агай кайра башыбызды чогултуп, адаттагыдай ырдап-чордоп, анекдот айтышып, бир эле мезгилде окуп да, эс алып да жаттык.  Мына ошондо учакка биринчи түшкөн, мейманканада биринчи жолу түнөп жаткан мугалимдерибиз агайыма болгон ыраазычылыгын сөз менен айтып  жеткире албай жатышты.

МЕН БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, СИЗ БИЛГЕН ЧЫНДЫКТЫ, АЛАР ЭМНЕГЕ БИЛИШПЕСИН

Дагы бир жолу Ноокаттын Кара-Кой жайлоосуна эс алып келдик. Биз Кара-Койго жеткенде жамгыр төгүп жиберди. Баарыбыз боз үйдүн ичине кире качтык. Ошондо да агай боз үйдүн ичинде жамгыр токтогончо анекдот айтып, ырдап, кайра күлдүрүп жатты. Агайдын айткан ар бир анекдотунун артында терең тарбия, акыл насаат, кеңеш жатат. Тынчтыкбек агай ошондо: “Он негр Кыдыр атага жолугуп калыптыр. Ал негрлерге бир тилегиңерди айткыла, орундатайын дептир. Негрлердин тогузу бизди агартып коюңузчу дешсе, онунчусу келип берки тогуз негрди кайра карартып коюңуз дейт имиш”, — деп айтаары менен эле баарыбыз каткырып калдык. Анан агай: “Асыл ниет менен иш кылсаң деле, баары бир, сенин ишиң тескерисинен жакпай калган, кээде көңүлүңдү сындыргандар турмушта кездешпей койбойт, ошондуктан ар бир ишиңерди терең ойлонуп, анан жасагыла”,  — деп койду.  Анан баарыбызды тоонун башына алып чыгып “Жоолук таштамай” оюнун ойнотуп, жаш балдардай бизди тургузуп алып кайра сүрөткө тартып барыбыздын көңүлүбүздү көтөрүп жүрдү. Ошол мезгилдер көрсө, агай менен чогуу эс алуумдун акыркы күндөрү экен. Мен башка жакка которулуп кеттим. Бардыгын убагында жаза албайт экенсиң. Мына азыр башка жакта иштеп жаткандыктан өткөн күндөрүм фильмдеги кадрлар сыяктуу көз алдымдан өтүп жатат. Ар бир кесиптешинин жан дүйнөсүндөгүнү кирпигинин кыймылынан сезип, ага жардам катары колун сунган адамгерчилиги тоодой бийик асыл агайыбызга чыгармачылык ийгилик, тоодой мартабалуу бийиктик каалайбыз.

Өз ишине болгон динамикасы жогору, креативдүү ойлонгон, компетенттүү агайымдын бейенесин ачып берүүгө чынын айтсам, толук дараметим жетпейт. Ошентсе да, билим сапатын өнүктүрүү, мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү боюнча санарип менен айкалышкан таамай пландары менен иш-аракеттери тууралуу өзүнчө башка учурда да дагы кенен токтолгум келет. Негизи эле, жакшы инсандарды жар салып айтып туралы, акыры өлөрүбүз чын болгон соң.

Терең урматтоо менен, шакиртиңиз Нургүл Тайыр кызы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер