КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРТТА КАЛДЫ

  • 29.04.2020
  • 0

Жер шарын каптаган таажы илдети ( COVID- 19 вирусу) күтүүсүздөн өзүнүн бир топ маселелерин жаратты. Эс тарткандан мындайды көрбөгөн балдар жана ата –эне үчүн: балдар сыртка чыкба, үйдө бол, телефондон, аралыктан сабагыңды даярда деген тапшырмалар бейтааныш, күтүүсүз, өөн учурап жаткандыгы баарыбызга маалым.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРТТА КАЛДЫ

Мындайда мугалимдердин, ийрим жетекчилеринин, ата-энелердин гана бирдиктүү аракети өзүнүн мыкты натыйжаларын берип жатат.

Балдардын ийкемдүү, турмушка болгон башкача көз карашы, таланттарынын башка нукка бурулгандыгы байкалат. Бир жагынан балдарда коркуу сезими жок деп айтууга болбойт.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРТТА КАЛДЫ

Албетте, аралыктан окутуу бетме-бет сабак өтүүгө караганда анча татаал, бул кантсе да алдын кийин мындай сабактар өтүлбөгөндүктөн бир топ эле оор. Ошондой болсо да Таш-Көмүр шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүндө учурда аралыктан окутуу мыкты жолго коюлган десек туура болот. Анткени мында он ийрим бар, алсак “Армспорт” ийриминде — 39, “Чебер колдор” — 20, “Оригами” — 21, “Русское слово” — 19, “Шахмат” — 15, “Бий” — 18, “Өрмөк” — 25, “Жаш тигүүчү” — 39, “Көркөм өнөр” — 25, “Baby dance” — 19 мүчө катышып, жалпысынан 240 мүчө катышкан ийримдерде тогуз жетекчи эмгектенип, чыгармачылыкка шык берип келет. Башында аралыктан окутуу өтө эле кыйындай туюлду, учурда кадимки мектептегидей үйрөнүп калдык.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРТТА КАЛДЫ

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРТТА КАЛДЫ

Балдар чыгармачылык үйүндө жалаң гана аралыктан окутуу менен чектелбей, ийрим мүчөлөрүнө “Өздүк гигиенаны сакта, үйдө бол, өзүңдү өнүктүр” чакырыгы менен иш алып барып, ата-энелер, окуучулар менен аралыктан байланышып, ал-абал сурашып, сабактардын өтүлүшү боюнча пикирлешип жатабыз.

Ачык айтканда, бул илдет да өтөт, бирок аралыктан окутуу программалары кийин да улантылуусу зарыл. Себеби мугалимдин да, окуучунун да өз алдынчалуулугун камсыздап, сезимге таңуулоо эмес, өз алдынча, эркин ой жүгүртүүнүн калыптануусуна негиз түзөт.

Кумаркан Сарыгулова,

Таш-Көмүр шаардык балдар

чыгармачылык үйүнүн директору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер