«КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?»

  • 29.04.2020
  • 0

(Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар, 8-класс, тарбиялык саат)

Сабактын тиби: Интерактивдүү сабак

Сабактын жабдылышы: Экран, проектор, А4 барактары, ватман

Сабактын максаты: Окуучулар:

  • Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына дагы бир жолу кайрылышат;

  • Каармандарга мүнөздөмө бере алышат;

  • Адамдык оң сапаттарды калыптандырууга багыт алышат;

  • Терс сапаттарын жойгонго аракеттенишет;

  • Ар бир топтун окуучулары берилген темасы боюнча тапшырмаларды аткара алышат;

  • Аткарган ишин (презентациясын) коргой алышат;

  • Өз оюн айта алууга, тапкычтыкка, тездикке, топтун ичинде иштей алууга үйрөнүшөт.

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу мезгили: (5-7 мүнөт)

    Саламдашуу

    Сүйлөшүү минутасы

    Сабактын максаты менен тааныштыруу

    Сабактын алтын эрежелери экранда көрсөтүлөт

    Сабакка активдүү катышуу

    Ар дайым кол көтөрүп жооп берүү

    Айтылган ойлорду сыйлоо

    Тапшырмаларды аткаруу

    Чыгармачылык менен катышуу

    Экранда «Канткенде адам уулу адам болот?» деген ыр көрсөтүлөт

    Мугалим окуучулардын бирөөнө ырды окуп берүүсүн сунуштайт

    Ырдын жардамы менен теманы аныктоо

    Эзелтен чечилбеген улуу талаш,

    Канткенде адам уулу адам болот?

    Ураалап жоо кууса да ушул талаш,

    Канткенде адам уулу адам болот?

    Ажалга көз жумса да ушул талаш,

    Канткенде адам уулу адам болот?

    Душмандан жан соогалап качканда да,

    Душманды кырып-жоюп басканда да,

    Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,

    Канткенде адам уулу адам болот?

    Адамзат качан чечет, качан коет?

Мугалимдин сөзү:

— Саламатсыңарбы, балдар!

— Бүгүн биз сабагыбызда залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин белгилөөнүн алдында тургандыгыбыз үчүн, анын чыгармачылыгына дагы бир ирет кайрылабыз.

— Экрандагы ырга көңүл бургула

— Кана айткылачы, бүгүнкү сабагыбыздын темасы кандай аталат экен?

Мугалим дайыма окуучуларга ыраазычылык билдирип турушу зарыл

— Темабыз Ч.Айтматовдун белгилүү чыгармасы «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасынан алынган фраза «Канткенде адам уулу адам болот?»

-Адамдык оң жана терс сапаттарга талкуу жүргүзөбүз, о. э. Айтматовдун каармандарынын оң жана терс сапаттарын ачып берүүгө аракет жасап көрөбүз.

— Сабактын алтын эрежелерине көңүл бургула

— Кана эмесе силерге ийгилик, сабагыбызды баштайлы!

  1. Чакыруу баскычы: ( 10 мүнөт)

Адамдык сапаттарга арналган макалдарды төрт топто талкуулоо жана презентациялоо

Адам көркү — адеп

Адам – акылы менен адам

Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт

Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен

Өз алдынча «Менин оң жана терс сапаттарым» деген таблицаны толтуруу, каалоочулар өздөрүнүн оң жана терс сапаттары менен бөлүшүшөт.

Оң сапаттарым менен мактанам

Терс сапаттарымы жоюуга аракеттенем

Мугалимдин сөзү:

 

— Ар бир топко Адам жөнүндө макалдар берилди, макалдардын маанисин чечмелеп бергиле

— Ийгилик каалайм!

— Азаматсыңар!!!

— Ар бирибиздин мактана турган, ошондой эле жоюшубуз керек болгон сапаттарыбыз бар, алдыңардагы баракчага өзүңөрдө бар сапаттарды жазгыла

— Ким жазганы менен бөлүшкүсү келет?

Топтордо иштөө

Каармандардын оң жана терс сапаттарын ачып берүү үчүн топтордо иштөө, презентацияга даярдануу

«Ак кеме» (бала, Момун чал, Орозкул)

«Биринчи мугалим» (Дүйшөн, Алтынай)

«Жамийла» (Жамийла, Данияр)

«Бетме-бет» (Ысмайыл, Сейде)

Мугалимдин сөзү:

(15 мүнөт)

Бүгүн биз адамдын оң жана терс сапаттары тууралуу сөз кылып жатканыбызда, Айтматовдун каармандары жана алардын адамдык сапаттары жөнүндө сөз кылбай кое албайбыз.

— Келгиле каармандардын адамдык сапаттарын ачып берүүгө аракет жасап көрөлү

— Топто иштөөнүн көрсөтмөсү төмөндөгүдөй

— Оюңарды бир нукка салып, чаржайыт болбошу үчүн презентация даярдап, башка топтор менен бөлүшкөнгө даярдангыла

— Ийгилик каалайм!

— Азаматсыңар!!!

Топтордун аткарган жумушун презентациялоосу

Ар бир топ доскага чыгып, бөлүнгөн чыгармадагы каармандардын адамдык сапаттары тууралуу кеп кылышат

Калган топтор кунт коюп угуп, презентация аяктагандан кийин суроолорду беришет

Мугалимдин сөзү:

Сабакты жыйынтыктоо: (15 мүнөт)

Мугалим сабакта башкаруучу жана жол көрсөтүүчү ролду гана аткарат, балдарга жардам берет, негизги ролдо балдар болот

Балдарды дайыма мактап, ыраазычылык айтып туруусу керек

Мугалим бардык активдүү иштеген балдарга ыраазычылык айтып, сабакта эмнелерге көңүл бурулганын сурайт.

«КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?»

Гулнур Шерипбаева, «Олимп» мектеп-гимназиясынын мугалими, Ош шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер