КҮТӨЛҮ, КҮНДҮ ЖАГЫМДУУ!

  • 29.04.2020
  • 0

Өзгөрттү  чиркин  заматта,

Өмүргө  болгон  кадырды.

Чыдап  кой,  бир  аз  ата -эне,

Карманып кайрат, сабырды.

Баарыбыз чогуу  бир  чыдап,

Күтөлү күндү жагымдуу! – деген чыдамкайлыкка, сабырдуулукка чакырган саптары, учурдун күрөө тамырын жүрөгү менен кабылдап, кармап, төрт сап ырларына батырган, “Кечир бизди, жай турмуш!”, “Кубалайлы вирусту”, “Оо, адамзат” “Бар болгула, медиктер”, Күтөлү, күндү жагымдуу”, “Элдик акын – Элмирбек” деген ырлары менен азыр Интернет айдыңында популярдуу болуп жаткан ырлардын автору, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Майрамкүл САРЫБАЕВА менен байланышып, кыскача маек курдук.

КҮТӨЛҮ, КҮНДҮ ЖАГЫМДУУ!

 

Сиздин ырлар менен “Кут Билимдин” окурмандары мурдатан жакшы тааныш, дегеним, ырларыңыз гезит бетинде байма-бай чыгып жүрөт. Кийинки учурда, айрыкча, карантин кезинде элдин оюндагысын жазып, өтө популярдуу болуп жаткан ырлардын автору менен башка дагы окурмандарды тааныштырып койгубуз келди. Өзүңүз жөнүндө учкай айта кетсеңиз?

— Мен өзүм Тоң районундагы Жер-Үй деген айылда тоо койнунда өскөн тоолук кыз болом. Атам Жумагул да, апам Апийна да карапайым эле адамдар, бирок сөздү куюлуштуруп, кынаптап сүйлөгөн, сөз баккан сөзмөр, санжырага жакын адамдардан. Атамдын көзү өтүп кетти, апам азыр 80 жаштын чайын ичип үйдө, төрүбүздүн көркү.

Адегенде мурдагы Пржевальск, азыркы Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайдан билим алгам. Алгачкы эмгек жолум Тоң районундагы М.Горький атындагы мектепте башталган.1994-жылы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктагам. 2004-жылы Чүй бооруна көчүп келип, азыркы иштеп жаткан мектепке ишке орношуп, ошондон бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келатам.

Чыгармачылык ышкыңыз бала кезиңизден эле башталса керек?

— Ооба, тестиер кезимден эле ыр дүйнөсүнө аралашып, көкүрөгүм туюп-сезген сезимдеримди төрт сап ырга салып келатам. Бул ышкым студент кезде да калган жок. Чыгармачылыгым дараметим айрыкча, сабактарды даярдоодо, ачык сааттарда жардамга келет.

— Ырларыңыз жеңил, элге жугумдуу, ошондуктан болсо керек, элдин жүрөгүнөн түнөк таап жатат. “Кечир, бизди жай турмушуңузда” учурдагы кырдаалды ушундай кылдат сүрөттөптүрсүз, мага тааныштарымдын баары жөнөтүштү…

Ырларыңызга обон жазам деп кайрылган обончулар болдубу? Же өзүңүз деле сунуштап көрдүңүзбү?

— Композитор Шамшыбек Давыдов агайым балдарга арналган бир нече ырларыма обон жазган. Мисалы, “Кош бол, башталгыч класс”, “Урпагыбыз Манастын”, “Ай, апам” деген ырларымдын обондору бар. Шамшыбек Давыдов “Жеримде согуш болбосун” аттуу ырым менен “Мен – Кыргызстандыкмын” деген райондук, облустук сынактарда эки жыл катары менен биринчи орунду ээлеген. Камчыбек Букалаев деген белгилүү обончубуз “Апакемди багамын”, “Кутман таң” деген ырларыма музыка жаратып, азыр бул ырлар бала бакчаларда, мектептерде ырдалып жүрөт.

 

Андан тышкары, 2013-жылы “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлгөн “Бөбөк ыры” республикалык сынагында “Өзүм жана куурчагым” деген ырым үчүнчү орунду ээлеп, грамота, диплом менен сыйлангам. Кийинки жылы Аламүдүн районунун 85 жылдыгына карата жарыяланган атуулдук ырлар сынагында “Кең Чүйдө өзгөчө жер – Аламүдүн” деген ырым биринчи орунга татыктуу болгон.

КҮТӨЛҮ, КҮНДҮ ЖАГЫМДУУ!

Азыркы абалга карата аралыктан окутуу убагында мугалим менен ата-эне бирге кызматташтыкта болуп, кыйын кырдаалда өздөрүн сабырдуу тутуп, айрыкча, балдарга мээримдүү, камкор мамиле жасап, кызуу кандуулукка алдырбай, баарыбыз бирге жакшы күндөргө бирге жетели деген тилегимди билдирип, “Күтөлү, күндү жагымдуу” деген ырымды жаздым эле. Кесиптештерим ушул ырдын негизинде видеотасмаларды тартышып, ачык сааттарды өтүп жатышат.

Телефон сүйлөп балдарга,

Жылмайып тиктейт сүрөтүм.

Жалындуу өтчү сабагым,

Кайдасың 45 мүнөтүм?!

 

Алмашпайт жандуу сабакка,

Сөзүмдүн айтсам, ырасын.

Суроо — жооп, күлкү, шаңы бар,

Кайдасың, парта, классым?

 

Табылып оору дарысы,

Тарыхта калсын барагы.

Өтүлгөн телесабактар,

Бүгүнкү күндүн талабы.

 

Өзгөрттү чиркин заматта,

Өмүргө болгон кадырды.

Чыдап кой бир аз, ата-эне,

Карманып кайрат, сабырды.

Баарыбыз чогуу бир чыдап,

Күтөлү, күндү жагымдуу!

Майрамкүл Жумагуловна, окурмандарыңызды түйшөлткөн, толкундаткан ыр дүйнөңүздө мындан ары кубанычты, бейкут турмушту жар салган ырлар көбүрөөк жаралсын. Аруу дүйнөңүз арыбасын, бөксөрбөсүн!

 

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер