ТАЛАНТТУУЛАРДЫН ОРДОСУ

  • 28.04.2020
  • 0

Дүйнө элдеринин үшүн алган таажы вирусуна каршы Базар-Коргон районундагы “Жаш талант” балдар чыгармачылык үйүнүн ийрим жетекчилери 16-марттан баштап имараттын айланасын жана бөлмөлөрдү дезинфекциялашты. Таланттуу, чыгармачыл эжей-агайлар азыркы оор кырдаалда да өздөрүнүн жеке чыгармачылыктары менен иш алып барууда.

ТАЛАНТТУУЛАРДЫН ОРДОСУ

ТАЛАНТТУУЛАРДЫН ОРДОСУ

Базар-Коргон районундагы “Жаш талант ” балдар чыгармачылык үйүнүн директору Жаңылай Тажимаматованын берген маалыматы боюнча, мугалимдик оор кесипти аркалаган эжей-агайлар карантин мезгилинде да балдар менен аралыктан окутуу иштерин жүргүзүп жатышат.

ТАЛАНТТУУЛАРДЫН ОРДОСУ

ТАЛАНТТУУЛАРДЫН ОРДОСУ

— Чыгармачылык изденүү менен ар бир сабагын өз убагында өтүп кайтарым байланышта болууда. Окуучуларга вирустан сактануунун эрежелерин жана кантип коргонуунун жолдорун түшүндүрүп, жат жазууларды жаздырышты. Ийрим жетекчилерибиз ар бир ата -энелер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшүүдө, — дейт директор. Базар-Коргон районундагы “Жаш талант” балдар чыгармачылык үйүндө 19 ийрим жетекчиси 14 профилде 700 окуучу менен иштешет. Алдыңкы жетишкен мугалимдерге Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнөн, райадминистрациясынан жана балдар чыгармачылык үйүнүн мактоо баракчалары менен сыйланып турушат. Мугалимдер өз кесиптерин жогорулатуу жана билимин өркүндөтүү максатында ар кандай окуу курстарынан өтүп келүүдө.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер