ТАТЫКТУУ АТА-ЭНЕ БОЛОЛУ

  • 21.04.2020
  • 0

ТАТЫКТУУ АТА-ЭНЕ БОЛОЛУ

Бул күндөрдө онлайн сабактарга ата-энелер да көз салып, мугалимдердин эмгегин кыйла жакшы баалап калышты. Өздөрү үйдө болуп, балдары менен көбүрөөк баарлашууга мүмкүнчүлүк алууда. Бирок тарбиялайбыз деп кодулап, уруп-сабагандар, кемсинтип, басмырлап, атүгүл өз жанын кыюуга жеткирип жаткандар бар.

Баланы жабыктырган тескери мамиле жалпысынан кодулоо деп аталат. Кодулоо (илимде буллинг деп аталат) – бул атайылап максаттуу түрдө пландаштырылган узакка созулган, кишинин тулку боюна жана психикасына жасалуучу зомбулук. Аны токтотуш үчүн башка адамдар аралашуусу зарылдыгын айтканда, бала меники, кандай тарбияласам өзүм билем дешет. Мен баламдын жаман киши болуусун каалабайм, адам болушу үчүн какыс-кукус кылып жатпайымбы деп актанышат. Чындыгында зомбулукту эч нерсе менен актоого мүмкүн эмес экендигин наадандар түшүнгүсү келбейт.

Кодулоо – алсыз балага карата көрсөтүлгөн, жеме, мазактоо, шылдыңдоо, басмырлоо, коркутуу, күч колдонуу.

Кодулоонун максаты – алсыз адамды дайыма коркутуу, кемсинтүү менен аны баш ийдирүү, эркин мокотуу.

Кодулоо асимметриялуу келет: бир тарапта күчтүү зомбулук көрсөтүүчү – ата-энеси же башка чоӊдор, көпчүлүк; экинчи тарапта алсыз, башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон жабырлануучу – бала. Кодулоо жабыр тарткан адамдын өзүнө болгон ишенимин жоготуп, ден соолугуна зыян алып келип, адамдык беделин түшүрөт.

Балада кайсы бедел, али чоңоё элек деп баланы инсан катарында кабыл ала албаган ата-энелер өтө көп.

Кодулоо системалуу түрдө кайталана берсе, баланын жан дүйнөсүнө чоң доо кетирип, психикасын бузуп, ден соолугуна чоң залакасы тиет. Бала коркуп, басмырланып, чүнчүп кетет. Сабактарды калтырып, жалгыздыкка ыктап, окугусу келбей калат.

Бара-бара бала жүрүм-туруму бузулуп, коомго жат көрүнүштөргө ыктайт. Анан ата-энеси бул бала кайдан чыккан деп өз баласына таң калуу менен карап калат.

Зордук-зомбулукка өбөлгө түзгөн себептердин башкысы – үй-бүлөдөгү жагдай. Тактап айтканда:

  • үй-бүлөдөгү социалдык-психологиялык жайсыздык;
  • баланын жашоосуна ата-эненин көз салбагандыгы;
  • үй-бүлөдө чыр-чатак, жаңжал көп болуп тургандыгы;
  • ата-эне менен баланын ортосунда жылуу, ишенимдүү мамиленин жоктугу;
  • үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилелеринин суздугу, ынтымактын жоктугу;
  • үй-бүлөдөгү бири-бирин колдоонун жоктугу;
  • чоӊдордун башка нерсеге келген ачуусун баладан чыгаруусу.

Ата-эненин тарбиясы позитивдүү болуп, зомбулукка жол берилбесе, бала да бактылуу болуп, айрыкча өспүрүм курагында ата-эне менен тил табыша алат.

Өспүрүмдөр өткөөл куракта болот, алар турмуштан ордун издеп, өз алдынчалыкка умтула баштайт. Муну эске алып, ата-эне өтө кылдат, сергек, аяр мамиле жасай билиши зарыл.

Эгерде ата-энелер балдарына урмат-сый менен жылуу мамиле кылса, алар дагы ошондой жооп беришет. Эгерде ата-эне балага катаал, кайдыгер карап, аны дайыма урушуп, кодулап турса, анда бала, өзгөчө өспүрүм:

  • ата-энеден коркуп, алардан качып, обочолонот;
  • жаза тарткандан коркуп дайыма калп айта баштайт;
  • тез-тез жини келип, таарынчак болот;
  • жинин башкалардан чыгарат, зомбулуктуу жүрүм-турум моделин кайталайт;
  • тынчсызданып, дайыма басмырлана берет;
  • ата-энесине ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтө баштайт;
  • психологиялык өксүктөргө туш болуп, зордук-зомбулукту кадимки көрүнүштөй кабыл алып калат.

Татыктуу ата-эне болуш үчүн бала менен жылуу мамиле курганды билиш керек. Жылуу мамилени куруу үчүн эмнелер зарыл:

  • Ата-эненин эмоционалдык тең салмактуулугу бала менен тил табышуу үчүн абдан зарыл. Ата-эненин иш-аракеттери баланын муктаждыктарын канааттандырууга багытталыш керек. Ашыкча ызы-чуусуз, кыйкырып-өкүрбөй, ачууга алдырбай сүйлөшө билсек, баланын инсандык өсүшүнө көмөктөшөбүз. Кайдыгер, баарына кол шилтеп койгон мамиле абдан зыяндуу.
  • Баланы соодалашпай, бар болгону үчүн эле жакшы көрүш керек, бала – кудайдын берген белеги. Ата-эненин сүйүүсүн эч нерсе алмаштыра албайт, ал сүйүү чексиз жана эч кандай кызыкчылыкты көздөбөйт. Ошондуктан жетим балдар дайыма ата-эненин сүйүүсүн, мээримин эңсеп жашашат.
  • Мамиле түзүү – татаал социалдык-психологиялык процесс: бала менен мамиле түзгөндө жылуу сөз да, ишаарат, жаӊсоо (бетинен сүйүп, башынан сылап, эркелетип, жылмайып, көзүнө кароо) да абдан зор мааниге ээ.
  • Баланын өнүгүүгө болгон далалатын дайым байкап, колдоп туруу керек. Анын ар бир ишинин жыйынтыгына көӊүл буруп, ыраазычылык билдирип, кичине иш болсо да, белгилеп туруу зарыл.
  • Баланын муктаждыктарына дайыма көңүл буруу керек. Балага дайыма колдоо көрсөтүп, сезимталдык менен мээрим төгүп, жасаган ишине ыраазычылык билдирип туруу зарыл. Мисалы, баланы кандай болсо ошондой кабыл алуу анын эмоционалдык жактан токтоо болушуна өбөлгө түзөт. Бала менен өнөктөш болуп, аны шыктандырып турса, анын шык-жөндөмү ачылып, мүмкүнчүлүктөрү кеӊеет.

Ушулардын баары бала менен жылуу мамиле түзүүгө жардам берет. Жылуу мамиле баланын жүрүм-турумун түшүнүүгө, баланын тарбиясындагы кыска мөөнөттөгү максаттарды аныктап, андан узак мөөнөттөгү максаттарды көрө билүүгө чакырат.

Акыркы кездерде эмне үчүн жанкечтиликке барган өспүрүмдөр көбөйүп кетти? Балдар ата-энелери, теңтуштары тарабынан кодулоого дуушар болуп калганда аргасыздан өлүм жолун тандап алышат. Чоңдорго болор-болбостой көрүнгөн нерсе бала үчүн эӊ башкы маселе болушу мүмкүн. Ал өзү туш келген кырдаалдан чыгуунун жолун таппай, туңгуюкка кептелип, колдоого муктаж болуп турганда, ата-эне кыраакылык менен байкап, туура жол көрсөтүп койсо, албетте, бала жанкечтиликке барбайт. Айрыкча аталардын уулдарына “эркекче” тарбия берип жатам деп, сезимдерин көрсөттүрбөй: “Кыз белең, эмне ыйлап жатасың?” — деп басмырлаганы канчалык опурталдуу болорун ойлошпойт. Ата-эне баланын сезимдерине кылдат мамиле жасап, маани бериши керек. Баланын ойлорун угуп, кеңешип иш кылгыла.

Эсиңерде болсун! Сиздин балаӊызды жакшы көрүп, ага көңүл буруп айткан бир дагы сөзүңүз текке кетпейт. Сиздин жаныңызда али турмуштук тажрыйбасы аз, бирок келечектен үмүт берген адам өсүп келе жатат. Аны колдоп алуу сиздин колуңузда. Сабырдуу, акылдуу, кылдат мамиле жасап, кам көрсөӊүз, балаӊыдын бактылуу, жолдуу, намыстуу болушуна өбөлгө түзөсүз. Баласынын ийгилиги – ата-эненин чексиз кубанычы!

Урматтуу ата-энелер! Балдарды кодулабай, зордук-зомбулуксуз тарбия берели! Мыкты уул, кыздардын татыктуу ата-энелери бололу!

Чынара Термечикова, психолог

Фото интернеттен алынды: https://fishki.net/23678-kto-luchshie-roditeli-38-foto.html

Бөлүшүү

Комментарийлер