ИЧ КҮЙӨТ. БИЗ КАЧАН ОЙГОНОБУЗ?

  • 18.04.2020
  • 1

ИЧ КҮЙӨТ. БИЗ КАЧАН ОЙГОНОБУЗ?

Телевизордон «Умники и умнички»деген программа болуп жатат. Орусиянын эң мыкты деген окуу жайларынын ректорлору, илимдин докторлору өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген окуучулардын билим таймашына тыкыр көз салып, эң мыктыларын өз окуу жайларына акы төлөтүүсүз кабыл алуу максатын көздөп отурушат.

Тарых, философия, маданият жаатында жакшы билим алган балдардын татыктуу жооп берип, медаль менен сыйланып, жеңишке умтулуп жатканын көрүп отуруп ичиң сыйрылат! Мына, келечек үчүн аракет! Мынакей, өлкөнүн эртеңине кам көрүү! Минтип тапталып, талантына канат байлаган балдардан мыкты адистердин, чоң окумуштуулардын, илимге ачылыш жасачу изилдөөчүлөрдүн, мамлекеттин алга илгерилешине салым кошуучу калың катмардын чыгаары шексиз.

Биздин бечара балдарыбыз эмне болуп жатышат? Адамзат жетишкендигин жериген, маалыматтан куру калган, бар келечегин өзүнө эмес, Кудайга гана байлап койгон жер карама, эч нерсеге ишенбеген, таяк жеп, кор болгон, депрессия абалында калгандары бүтүндөй бир калың катмар болуп калды. Арасында мектепти таштап салгандары, эртелеп кылмыштуу жолго баш коюп калгандары, психикасына доо кетип, ден соолугу начарлаганы абдан көп.

Ата-энелер «балдарым үчүн жашап жүрөм»дешет, ошол эле учурда аёосуз уруп-сабаганды норма деп санашат, анысын»биз деле ушинтип таяк жеп жүрүп чоңойгонбуз»деп актанышат. Балдарды көпчүлүгү «кийин карыганымда багышы керек»деген ниет менен багышат.

Бала — көп үй-бүлөлөрдө акы төлөбөй турган жумушчу күчү, анын билими, ден соолугу — экинчи эмес, бешинчи, балким жыйырманчы маселе. Аталар баласын тарбиялайт десе мушташканга даярдашат. Аң-сезим деген маселе обу жоктордун аңгемесиндей сезилет. Үй, машине, кийим кечек азыр бизде биринчи орунда турган баалуулуктар.

Кайда баратабыз, эмне кылып атабыз ыя, туугандар! Башкалар балдарын кандай багып, кантип таптап, кайсы жак менен баратышат? Телевизордон келесоолукту көрсөткөн сериалдарды көрүп ыржаңдагандын ордуна «Лучше всех!», “Умничи и умники» деген берүүлөрүн кунт коюп карасаңар!

Силерди билбейм, менин ичим күйөт, түркөйлүккө түртүлүп жаткан балдарга жан кейийт! Таяк жеп, кор болуп, ташталып, зордукталган шордуу муундан кайсы жакшылыкты күтөбүз?!

ИЧ КҮЙӨТ. БИЗ КАЧАН ОЙГОНОБУЗ?

Сүйүн Курманова, жазуучу, публицист

Бөлүшүү

Комментарийлер

Жеңишбек / 20.04.2020 13:39
Макалада чыркырыган чындык жазылыптыр. Мен 100% кошулам, колдойм.