ЧЫРДУУ ҮЙДӨГҮ БАЛА — ТИРҮҮЛӨЙ ЖЕТИМ

  • 18.04.2020
  • 1

ЧЫРДУУ ҮЙДӨГҮ БАЛА - ТИРҮҮЛӨЙ ЖЕТИМ

Фото интернеттен алынды: https://bars.media/?p=42454

Күйөөсүнүн кээде моминтип чаап жибермей, тээп жибермейи, аялынын көк беттенип отуз күн сүйлөбөй койгону, түйүнчөгүн түйүп алып кетип калганы…. же кеткенге жараша кайра келбей койбойт. Ит жебеген бокту жеп, кызуу кандуулука алдырып көп нерсени сүйлөп салышып анан эч нерсе болбогондой бир дастаркондон тамак ичишип, бир төшөктү бөлүшкөнү биздикилерге көнүмүш. Бирок мунун артында эмне деген чо-оң күнөө, ката, жаза жатат? Билсек кана, аттиң…

Европа бизди бузду деп кыйкырабыз…. а бирок европалыктар жылдап, он жылдап чыдашпайт. Ынтымактуу кеңешип, эки жолго түшүп кете беришет. Ооба, бала жетим калбасын, чыдап жашаш керек дейбиз. А бирок ошол жаңжалда чоңойгон баланын келечеги кандай болот? Психикасычы? Жашоого болгон көз карашы кандай болуп өсөт? Бала жалтак болот, коркок болот, ошол коркоктугу акырындап зөөкүрлүккө айланат. Болгондо да өзүнөн алсыздарды кордоп, ичиндеги таарынычын чыгарган зөөкүрлүк адатын алат. Демек, ал дагы аялын, баласын кордойт. Үйдө баатыр жоодо жок болот.

Ал эми аялычы? Ар бир токмок жеген сайын, кагуу жеген сайын таарынычы топтолуп отуруп бир жарылат. Жарыла алса жакшы, болбосо көз жашын катып, чүнчүп отуруп он жыл алдыга озуп карыйт, карып эле тим болбой, ар кандай ооруларга чалдыгат. Таарыныч оорусунун эң жаманы рак экен. Рак клеткалары таарынычтан пайда болот экен, ишенбесенер интернеттен окуп көргүлө. Рактан жабыр тарткандар катуу стресске түшкөндөр же көкүрөгүндө чоң таарынычы барлар экен. Кетип калып кайра келди деген сөз оңой, а унутулдубу? Чын эле баарын унутуп кечирдиби? Албетте, жок, өзгөчө аял киши оңой менен унутуп сала албайт. Балдарынын бактысы, элдин сөзү, туугандарынын сөзү үчүн гана өзүн өзү алдап, калп эле жылмайын күлгөнү болбосо, көөдөн толо таарыныч, жек көрүү… муң, арман….

Күйөөсүчү? Аялын урган жигиттин ийгилике жеткенин уккан эмесмин, аялын сабап, баласын кордогон эркектин иши жүрүшпөйт, ырыс да тынчтыкты ынтымакты сүйөт. Кыргыздын сонун макалы бар «Ырыс алды ынтымак» деген…. Ынтымагы жок, ыркырашкан үй-бүлөнүн баары дээрлик жетишпеген турмушта күн кечирет.

Демек…

Сөз табыша албай, түшүнбөстүктөр болсо отуруп алып сүйлөшүү керек, “Эмнеге? Качан? Кантип?” деген суроолорго ачык жооп берип…. Тил табыша албай, таза болбой калганда эки жолго түшүү керек, жашоонун калганын жанчып, ал тургай балдарынын келечегине балта чаап салбай…

Сөзгө келбеген эркектер бар, мыкаачы, зөөкүр, көөдөнү сокур, аялды киши ордуна көрбөгөн акмак. Алар чынында психикалык жактан жабыр тарткандар… Психологго жазылып, дарыланбаса, өлгөнчө өзү да жыргабайт, өзгөнү да жыргатпайт.

Сөзгө келбеген аялдар бар ажылдаган ажаан, ачыбаган камырдай көгөрүп калган, айылчы, ушакчы, төркүнчүл, энесине ташынган…. Алар дагы психикалык жактан жабыр тарткандарга кирет….

Ошондуктан шарт эле ажырашып кетпей, же бирин бири жыга чаап өлтүрүп салбай психологго жазылып, дарыланып көрүү керек. Ал да жардам бербесе, тагдырларды талкалабай, эки айрылыш жолго түшүү керек.

Ырас, бизде психологдор жокко эсе. Психологго барып жатыптыр десе, жинди болуп кетиптир деп түшүнөт биздин эл. А бирок ар бир үй-бүлөнүн Европадагыдай психологу болушу зарыл. Ошондо гана кандайдыр бир өзгөрүү болбосо, мына буга окшогон миңдеген үй-бүлөлөрдүн тагдырлары, наристелердин келечеги талкаланып, кыйрай берет… А биз ага көңүл бурбайбыз…. көнүмүш көрүнүш…

Ачка калсак, президентти күнөөлөйбүз…

Ырыскы качканда, заманды күнөөлөйбүз…

Колубузду кесип алсак, ыргытып ийип, бычактан көрөбүз…

Аял күйөөсүн айыптайт…

Эри аялын күнөөлөйт…

Ата-эне балдарыа наалыйт…

А чындыгында күнөө өзүбүздө….

Кудай берен аң-сезимди тизгиндей албаган, айбандык инстинкт менен эмоцияга алдырып, сокур сезимге башкартып жашап калган өзүбүздө күнөө… Биздин өлкөдөгү ар бир жаранга психологдун жардамы керек….

 

Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Армада / 19.04.2020 07:14
Туура айтасыз. Аялдар жашоонун түпкү пайдубалын куят ..эрлери дубалын урат ..мен байкаганымды айттым .ажылдак аялдардын балдары же бакырчак ..же коркок. .Аталар камсыздап акча таап үй-бүлө бакканы менен тарбия бере албайт...тарбия десе эле урушуп кагып силкип ..коркутуп ..туура кылдым деп мааш керсейип..өз урпагына зыян келтиргенинемаашыр