АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

  • 10.04.2020
  • 0

Замандан заман өтүп, коомдун алга карай өнүгүү этаптарында көп эле окуялар болуп турат. Мындай учурларда өсүш менен катар эле ар кандай тоскоолдуктардын катарлаш жүрөөрүн да билебиз. Ким ойлоптур, жыйырма биринчи кылымдын гүлдөп турган маалында, заманбап технологиянын, ойлоп табуулардын доорунда мына ушундай оор кырдаалга жолугаарыбызды. Мындай ахывал бүткүл жер шаарын каптап, жер жүзүндөгү адамдар ушул “таажылуу оорууну” жайылтпоого болгон аракетин көрүп, күрөшүп жатышат. Ал биздин билим берүү тармагын да кыйгап өткөн жок.

Оор кырдаалдан чыгуу аракетинин натыйжасында, билим берүү тармагыбыз мектеп жашына чейинки балдарды, окуучуларды, студенттерди мындан ары аралыктан окутуунун системасын тандап алууга туура келди. Ооба, андай болбосо кантмек элек. Күндөр өтүүдө, өтүлүүчү программалардан артта калбоо, убакытты текке кетирбөө, билим деңгээлинин сапаты басаңдап кетпөөсү үчүн жасалып жаткан аракет эмеспи.

Бирок бардык нерсенин күңгөйү жана тескейи, өйдөсү жана төмөнү да болоору анык. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш. Менин жеке көз карашымда, аралыктан окутуунун жакшы жактары — заманбап технологиянын эң акыркы тажрыйбалары менен тааныш болуп, аларды колдонууга өттүк. Республика боюнча окуу-усулдук тажрыйбага ээ мугалимдердин алдыңкы иш-аракеттери менен тааныштык. Аралыктан окутуунун натыйжасында өз ара атаандаштык жаралып, сабак өтүүнүн жаңы идеялары, ой-толгоолор, чыгармачылык өсүш байкалды. Эт менен челдин ортосунда жүрүп, эптеп сабак өткөн мугалимдерибиздин сезимин ойготту, аракетин ашырды. Бул пикирим менен мен эч кимди басмырлагым келбейт, катуу тийсе, кечирим сурайм. Бирок бул кашкайган чындык эмеспи.

Ооба, кыйынчылык жаралды, аны моюнга алалы. Азыркы технология менен тааныш эмес, компьютерге өмүрү жолобогон, жада калса көтөрүп жүргөн телефонду мыктап колдоно албагандарыбыз да бар эмес беле. Мүмкүн бул биз үчүн сыноо болуп жүрбөсүн?! Аралыктан окутуунун ыңгайсыздыктары моралдык жактан гана эмес, материалдык жактан да абдан байкалды. Кандай кыйынчылык болсо да жеңип, жаңы эле көбөйтүлгөнү болбосо, аз маяна менен иштеп жүргөн мугалимдерибиздин баарысынын эле телегейи тегиз эмес экенин биле бербейбиз. Анткени алар, билим үчүн башын сайып, мекенге ак кызматын өтөгөн чыныгы, жөнөкөй адамдар. Анан минтип, көп катары оор кырдаалга туш болдук. Бардык эле мугалимдин үй-шарты компьютер аркылуу “Zoom” менен сабак өтүүгө ыңгайлашкан эмес, ал тургай, ноутбугу, тыңгылыктуу телефону барбы деп сурап көрүңүзчү?.. Албетте, баарында эмес.

Өзгөчө бийик тоолуу аймактарда жайгашкан айылдарда телефон тартпай, дөңгө чыгууга туура келет экен. Эртеңки күнгө кам көрүү үчүн чектелген акча каражатынын азайып, телефон бирдигин салууга үнөмдөө талап этилип жатканда, дагы жакшы “мугалим”, “окуучу” тарифине өтүү сунушталып, Мегаком компаниясы бекер симкаларды берип, жардамга келди.

Ар бир мугалим сабагынын кайтарымын алуу үчүн окуучуларынан, студенттеринен талап кылып, ансыз да өп-чап жашаган, элибиздин аялуу катмары болгон көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кээ бири майып же ардагер ата-энелерге да жаман көрүнүп жатабыз. Телефонду көп кароонун зыяны бар экенин билип туруп, тапшырмаларды биринин артынан бирин жаадырып, «телефондон башы чыкпай калды баламдын» деп, урушкан ата-энелердин нааразычылыгына да туш болдук. Бирок кандай дебейли, шарт, талап ушундай. Ал баарыбызга бирдей жана тиешелүү.

Урматтуу кесиптештер, азыркы күндүн биз туш болгон азыноолак өйдө-төмөнү менен бөлүшкүм келди. Өзгөчө мугалимдер, дегеле жалпы эле кыргыз эли сабырдуубуз. “Жабыла көтөргөң жүк жеңил” демекчи, ушул кырдаалдан чыгуунун жеңил жолдорун таап, келечекке карай умтулуп, бири-бирибизге жардам берели. Орошон ойлорубуз, үмүткөр тилектерибиз менен жакшы күндөрдү жакындаталы.

Айнура Баяс, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдында түзүлгөн Техникаэкономикалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Поделиться

Комментарии