ӨЗГӨЧӨ АБАЛ РЕЖИМИ МААЛЫНДА УЧУРДАГЫ КЫРДААЛ ТУУРАЛУУ КООМЧУЛУКТУ МААЛЫМДОО БРИФИНГДЕР ЖАНА МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНДАР АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 01.04.2020
  • 0

Бишкек шаарынын комендатурасынын өзгөчө абал режими мезгилинде ММКларды аккредитациядан өткөрбөө боюнча чечими сынга алынып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү коомчулукка жеткирүүнү зарыл деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйындар жана брифингдер Өкмөт үйүндөгү маалымат борборунда 16-марттан баштап өткөрүлүп жатат.

24 массалык маалымат каражатынан 50дөн ашуун журналист катышкан алгачкы маалымат жыйынындардын биринде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөгөн.

Кийинки күнү, 2020-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын маалымат жыйыны өттү. Ага 20 массалык маалымат каражатынын 45 өкүлү катышкан.

Андан соң брифингдин жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев жооп берген.

Өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында Бишкек шаарында өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып ММК өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн биз онлайн форматында иштөөгө өттүк. Күнүгө аз болгондо 2-3 маалымат жыйын же брифинг өтүп жатат. Бир эле иш-чарага журналисттерден, ошондой эле карапайым жарандардан 45тен 150гө чейин суроолор келип түшүүдө. Маалымат жыйындарда жана брифингдерде азыркы шарттарда аткаруу бийлигинин ишинин ачыктыгынын маанилүү экендигин эске алуу менен бардык суроолор берилип жатат.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган учурдан тартып 36 жолу маалымат каражаттарына чыгуу уюштурулса, анын 25и өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин ишке ашырылган. Анын ичинде 8 брифинг жана 17 маалымат жыйын (суроо-жооптор).

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн жана Бишкек шаарынын комендантынын Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн маалымат борборундагы күн сайын өтүүчү онлайн маалымат жыйындары жана брифингдери улантылат. Маалымат жыйындар жана брифингдер «ЭлТР», «КТРК», «Ала-Тоо 24», «Пирамида», ТРК СТВ, «Ынтымак», «Ош ТВ», «Азия ТВ» телеканалдарында, бардык облустук медиаборборлордо түз көрсөтүлөт. Мындан тышкары «ЭлFM», «Биринчи радио», «Кыргыз Радиосу», «Миң Кыял FM» радиостанциялары аркылуу да берилет.

Брифингдерде айтылган негизги тезистер Telegram, WhatsApp, Instagram, Twitter, YouTube социалдык тармактарындагы расмий интернет-каналдарда, «Кыргыз Өкмөтү», «Социальное Правительство» жана «Биринчи радио» Facebook баракчаларында онлайн-режиминде жарыяланат.

Telegram-каналга эле акыркы эки жумада 27 миңден ашуун адам катталды. Instagram 117 936 колдонуучуну камтыйт. Facebook 169,5 миң колдонуучуну түзөт. Тартылгандар 62 000 (постторду бөлүшкөндөр). 6 күндө катталгандардын санынын өсүшү + 816 колдонуучуну түздү.

Түз эфирлерден тышкары күнүгө ыкчам штабдын маалымат кызматы штабдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, комендатуранын расмий билдирүүлөрүн жарыялап турат. Бардык ресурстарга кайтарым байланыш жүргүзүлүп, анда аудио — жана видеоматериалдарды жана инфографиканы колдонуу менен социалдык тармактардагы бир жарым миңден ашык суроолорго жооптор күн сайын берилип турат.

Ошондой эле күнүгө Ош облусундагы Ош шаарынын, Ноокат менен Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданттары маалымат жыйынга чыгууда.

Бул маалымат жыйындар «ЭлТР» телеканалынан, «ЭлТР Маалымат», YouTube-каналынан, Facebookтагы «МТРК «ЭлТР» баракчасынан, Жалал-Абад облустук медиаборбору телеканалынан (мурдагы ЖТР), «JAMEDIA» YouTube-каналынан жана Facebookтагы «Жалал-Абад Облусунун Медиаборбору» баракчасынан түз эфирде берилүүдө.

Суроолорду төмөндөгү WhatsApp-номер же электрондук почта аркылуу берсе болот:

Бишкек шаары: 0312 62 22 63 номери боюнча, [email protected]

Ош шаары : WhatsApp-номер 0773 05 36 65, [email protected]

Жалал-Абад шаары: WhatsApp-номер 0773 00 57 37, [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер