САЛТАНАТ ЭЖЕЙДИН СААМАЛЫГЫ

  • 31.03.2020
  • 3

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы № 77 орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Салтанат Исембаева 27-марттан тартып аралыктан окутуу ишин колго алды.

САЛТАНАТ ЭЖЕЙДИН СААМАЛЫГЫ

Мугалимдин бул демилгесине окуучулары кубанышса, ата-энелер ыраазы болушту. Мектепте аралыктан окутуу иштери 30-марттан башталмак. Мугалим билим берүүнү эртерээк баштай берүүнү ылайык көрдү.

— Салтанат эжей окууну баштап, туура иш кылды. Балдар үйлөрүндө эмне кылаарын билбей жатышты эле, — дейт Венера аттуу ата-эне.

Учурда Салтанат эжейдин окуучулары адабий окуудан, математикадан, кыргыз тилинен, мекен таануудан тапшырмаларды аралыктан аткарып жатышат.

— Бүгүн коронавируска каршы сүрөт тартууну өтүндүм. Балдар аткарган тапшырмасын жалпы топко эмес, менин жеке өзүмө жөнөткөндү үйрөнүп калышты, — дейт демилгечи педагог.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер

A.Касенова / 17.04.2020 21:55
Салтанат Болотбековна ишинизге ийгилик! Озунузго ден соолук каалайбыз?????
A.Касенова / 17.04.2020 21:54
Салтанат Болотбековна ишинизге ийгилик! Озунузго ден соолук каалайбыз?????
Жаныбек кызы Бермет / 01.04.2020 11:06
Салтанат Болотбековна ишинизге ийгилик терен раазычылык ??⚘