ОШМУ  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ ДАЯРДЫКТЫ ТЕКШЕРҮҮЧҮ САЙТ ИШТЕП ЧЫКТЫ

  • 30.03.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ЖОЖго даярдоо борбору тарабынан RETEST.KG жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштелип чыкты.

ОШМУ  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ ДАЯРДЫКТЫ ТЕКШЕРҮҮЧҮ САЙТ ИШТЕП ЧЫКТЫRETEST.KG сайты он-лайн түрүндө абитуриенттердин ЖРТга даярдыктарын текшерет. Ал үчүн мамлекеттин бардык аймактарынан абитуриенттер үй шартында ноутбук, смартфон, планшет менен каалаган браузер аркылуу RETEST.KG сайтына кире алышат.

ОШМУ  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ ДАЯРДЫКТЫ ТЕКШЕРҮҮЧҮ САЙТ ИШТЕП ЧЫКТЫАлгач абитуриент сайтка кирип, катталуу терезесиндеги маалыматтарды толтуруп алат. Катталган соң сайтка кийинки киргенде катталуунун кереги жок. Катталган учурда жазган телефон номерин жана сыр сөздү жазып кире алышат.

ОШМУ  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ ДАЯРДЫКТЫ ТЕКШЕРҮҮЧҮ САЙТ ИШТЕП ЧЫКТЫ

  • Сайтта колдонуучунун негизги эрежелери камтылган, ар бир катталган абитуриент эрежеге көңүл буруусу абзел. “Тест” бөлүмүндө негизги тестте — математика, кыргыз тили, кошумча тестте — химия, биология предметтери жайгашкан. Тесттерди толук тапшырып бүткөн соң рейтинг чыгат. Эң жогорку балл алгандар ТОП 30дун катарына кирет. “Рейтинг” бөлүмүндө мектептин аталышы, алган баллы, жайгашкан дареги жазылат. ТОП 30га кирбей калган абитуриенттер жалпы тест тапшыргандардын тизмесинен өзүн көрүүгө болот. “Менин натыйжам” бөлүгүндө бардык тест тапшыруучулардын тизмеси бар. Ал эми “Негизги тест сертификат” бөлүмүн басса тест тапшырган катталуучунун арифметика, алгебра, геометрия, сүйлөмдөрдү толуктоо, грамматика боюнча алган баллдарын чыгарып берет. Азыркыдай жагдайда абитуриенттер үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болот деген ишеничтебиз”, — дейт сайттын түзүүчүсү, Ош мамлекеттик университетинин ЖРТга даярдоо борборунун жетекчиси Бектур Азимов.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000ден ашуун окуучулар бул RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

Белгилей кетсек, тестке киргенде толук аяктай албай калса, тестти 24 саат ичинде кайра кирип улантса болот. Башкача айтканда, браузерден чыгып кеткенден кийин да бир сутка убакыт токтоп турат.

Төмөндөгү  шилтеме аркылуу кирип тесттен өтүңүз: http://retest.kg/

Бөлүшүү

Комментарийлер