КАРА КҮЧКӨ ТАБЫНГАН КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ БАРБЫ?

  • 28.03.2020
  • 0

КАРА КҮЧКӨ ТАБЫНГАН КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ БАРБЫ?

Аксыдагы окуучулардын классташын кийиздей тепкилеген жосуну кыйла талкууланып, өзгөчө абалга байланыштуу унутула түшкөндөй болду. Бирок маселе дагы эле турат. Коомдогу кара кара мүртөздүктү кантип тизгиндейбиз?..

Көпчүлүктүн айтканы: “Башкаларга да сабак болушу үчүн бул балдарды жана алардын ата-энелерин жазалоо керек!”. Туура талап. Бирок мындай окуя кайталанбашы үчүн ушул чара эле жетиштүү болобу?

Мыкаачылыктын тамырын кантип кыябыз?

“Азыртан тизгинин тартып, оӊ жолго салбаса, бул балдар эртеӊ кылмыштуу топтордун катарын толуктаары бышык”, — дейт көпчүлүк.

Албетте, бир баланы көптөшүп сабаган, жыгылып калганда деле туш келди тепкилей берген беркилердин зөөкүрлүгүн эч актоого болбойт. Алар жазасын алууга тийиш. Бирок балдардын ошончолук ызырынып, мыкаачылыкка жакындап калганына эмне себеп болду экен?

“Таяк жеген бала мурунтан өзүнөн чоӊ балдар менен уюшуп, кылмыш иштерин жасап жүргөн… Ал бала өзү менен окуган классташтарын да аяган эмес…” – дейт дагы бир замандашыбыз.

Демек, кеп бир эле ушул окуяда эмес, тагыраагы, мунун кокустук эмес, адаттагы көрүнүш экендигинде. Кармалган кооптуу кылмышкерлерди соттор актап ийген, тартип коргоо органдары менен “каралар” коюн-колтук алышкан, судьялар адилетсиз чечим чыгаргандыгы үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпаган, мыйзамдар жалпыга бирдей текши колдонулбаган коомдо мындан башкача болушу мүмкүн эмес.

Табиятта боштук болбойт – кароосуз калган жерге отоо чөп менен коко тикен өсөт. Эгер коомубузда, өлкөбүздө карөзгөйлүк, алдамчылык, мыкаачылык эмес, адептүүлүк, тартип, мыйзамдуулук болсун десек, анда бул ишке баарыбыз, ар бирибиз колубуздан келишинче салым кошуубуз керек.

 “Таасирдүүнүн” “таалими”

— Бул жерде соц педагог менен мектеп деректири балдардын мушташып, рэкеттик кылып жүргөнү үчүн эмес, бир ай мурун болгон окуяны коомчулуктан жаап-жашырууга жол бергени, ТААСИРДҮҮ адамдардын кийлигишүүсү менен ишти токтотуп коюуга макул болгону үчүн  кызматтан туура кетирилди, — деп эсептейт калемдешибиз Замира Кожобаева.

Балким, ушундай чыгар. Бирок ошол “таасирдүүлөр” кимдер? Мугалимдер андайларга каяша кыла алабы? Каяша кылса, аларга эл болушабы же ар кимиси четке чыга береби? Болушмак тургай, ортого түшүп, жабыркаган баланын апасын арызын кайра алдырышыптыр го?

Албетте, бул мадыра баштарды жана алардын ата-энелерин жоопко тартыш керек. Бирок ушундай ташбоор, мыкаачы жорук теледен, интернеттен даӊазаланып келет эмеспи. Спорттун олимпиадалык тизмелерге киргизилбеген эрежесиз эр уруш сыяктуу жапайы түрлөрү эмне үчүн бизде ашкере баркталат? Хабиб дегени келсе, фанаттар топурап тосуп алышпады беле?

Калаадан “үлкөндөрдү” жергиликтүү «чоӊдор» килемдей төшөлө тосуп алган, мектеп мугалимдери ансыз деле аз айлыгынан дасторкон жайып турушка мажбурланып, кыштын суугуна, эрте күздүн аптабына, жаздын жамгыр-шамалына карабай, окуучуларын тирүү жасалгадай тизип, эки ортодо жаман көрүнгөн… – ушундай туташ өкүмзордук атмосферасы балдардын тарбиясына кандай таасир этиши мүмкүн?..

Коомдо ким күчтүү (бай, кызматы жогору ж.б.), болсо, ошол каалагандай кутура берсе болот деген түшүнүк басымдуулук кылып жатат. Кыскасы, тарбия-таалим иши мугалимдерди эле эмес, карапайым жумушчудан тартып Президентке чейин баарыбызды ойлонтушу керек.

Желмогузга да жан керек, бирок…

Мындан он беш жылдай мурун “баламды мектепте теӊтуштары сабап, бир ай бою реанимацияда жатса да, деректир эч кандай чара көрбөдү, тергөөчү такыр кайдыгер, зөөкүрлүк кылган балдардын ата-энелери кечирим сурап койгонго жарабады”, — деп бир таанышым даттанганы эсимде. Ошол арада кылмыш дүйнөсүндөгүлөр бири-бирин атып өлтүрүп, байлар мүлкүн тарттырып ийип, ал кезден кыйла мурун эле башталган рейдерлик тир укмуштай кулач жайган. Кошуналар менен чай ичип отурганда: “Заман эмне болуп баратат? Карапайым адамдар эмес, ушундай “үлкөндөр” өлтүрүлө баштады го?” – деп калышты.

Андан бери канча жылдар акты – рейдерлердин кыйласынын мүлкүн башка рейдерлер тартып алды. Ууруну каракчы урду. Кечээки “зорлор” бүгүн кор болуп отурат. Демек, зомбулуктан, оор мүшкүлдөн миллиондогон байлыгыӊ деле, асман-айды чапчыган бийлигиӊ деле сактап кала албайт экен. Ырас, жабыр тарткандардын кимиси, канчасы бөөдө күйүп жатканын, канчасы “келме кезектин” айлампасына түшкөнүн айтыш кыйын. Бирок кектешип-жектешкен ушул жагдайдын башкы себеби коомдогу адилетсиздиктин үстөмдүк кылып жатышы эмеспи?..

“Желмогузга деле жан керек” деген кеп бар, мааниси миӊ кыйын болсо да, кылмышкер жазадан качып кутулбайт, эртеби-кечпи, жамандык кылгандын баары жамандык көрбөй калбайт дегенди билдирет окшойт. Бирок бетпактарды Кудай качан жазалайт деп эле күтүп жүрө бербей, эч болбосо алардын арышын чектеш үчүн эл ойгонуп, жалпы тартип, мыйзамдуулук үчүн биргеликте күрөшпөсө, эч качан башка бирөөлөр келип адилеттүүлүктү орнотуп бербейт. “Ичтен чыккан ийри жыланыӊбы”, уялаш бооруӊбу, кыяматтык досуӊбу – ким болмоктон ал болсун, коомдогу нарк-насилди тебелешке көмөкчү болгон, бүтүндөй элге кесепети тийген адамды эч ким калкалашка урунбашы керек!

Мугалимди барктайлы

“Мектеп билим гана берет, тарбия – ата-эненин милдети”, — дешет айрым замандаштар. Тарбиянын башаты үй-бүлө экендиги, ата-эненин жүрүм-туруму, өрнөгү, ар кайсы маселелер боюнча үйдө айткан сөздөрү балага өтө чоӊ таасир этери чын.

[рамкага]  “Койчу, ошол байкуш мугалимиӊди! Акылы болсо, ушул жарыбаган кесипти тандайт беле?”

“Адабият дегениӊ бүт эле ойдон чыгарылган, турмушта баары башкача”.

“Укук, милдет, адилеттик ж.б. деген кооз сөздөрдү эмне кыласыӊ? Мына, “Понятийная конституция” деп россиялыктар да чыгарып коюшуптур интернетке, чындык ушундай! Азыр заман алдым-жуттумдардыкы!”

“Карачы, баланчаны, соттордун оозуна пулдан тыгып…”

[өзүнчө рамкага]  “Түшүнүм конституциясынын” беренелеринен:

 

(Мыйзамдардын мамлекеттеги баардык жарандарга бирдей колдонулбай жатканына кыжырданган россиялыктар ушундай какшык маанидеги “конституцияны” жазып, интернетке чыгарышыптыр. Албетте, бул коомдогу мамилелер дал ушундай болууга тийиш дегенди билдирбейт, тескерисинче, мында кеӊири тамыр жайып бараткан укуктук нигилизмге каршы туруу керек деген чакырык бар)

….

2-берене.

  1. Мыйзам чабалдар үчүн жазылат.
  2. Чабалдар күчтүүлөр жазган мыйзамды аткарууга милдеттүү. Күчтүүлөр өздөрү чабалдар үчүн жазган мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттүү эмес.

3-берене.

  1. Күчтүү менен алсыз теӊ эмес. Күчтүүнүн алдында чабал дайым күнөөлүү. Күчтүүгө карата күнөөсүздүк презумпцияясы иштейт.

4-берене.

  1. Күчтүүлөрдүн укуктары, чабалдардын милдеттери болот.
  2. Күчтүүлөр мыйзамды буза алат, алсыздар мыйзам бузууга акысы жок. Айрым учурларда, эгер күчтүүлөргө зыяны тийбесе, алсыздар деле мыйзамды бузса боло берет.

….

https://novayagazeta.ru/articles/2017/01/23/71246-ponyatiynaya-konstitutsiya-originalnyy-tekst-s-predisloviem-papy-osnovatelya

 

Чындыгында мектеп билимдин эле эмес, таалим-тарбиянын да очогу болууга тийиш. Мугалимдер, айрыкча класс жетекчилер менен социалдык педагогдор, окуучулардын ата-энелери менен тыгыз иштешүүсү зарыл. Ар бир баланын үй-бүлөдөгү тарбиясы кандай болуп жатканын класс жетекчи, социалдык педагог же мектептин психологу билип турушу кажет.

Коомубуз туӊгуюкка кептелбеши үчүн баардык мектептердеги билимдин сапаты мыкты, мугалимдердин сөзү өтүмдүү, үй-бүлөдөгү тарбияга да таасири тийгидей болушу зарыл – ага бийлик (борбордук да, жергиликтүүсү да) иштиктүү колдоо көрсөтүшү керек.

Мугалим үчүн эч кимдин көзүн карабай, башын бийик көтөрө жашай, иштей алгыдай шарт түзүп бериш зарыл. Агай-эжейлердин жумушун эӊ кадырлуу кесиптердин бирине айлантуу керек.

Мугалимдерди ар кимдин тебелендисинде калтырбай эл коргоп алгыдай болушу керек!

Мындай болушу үчүн мамлекеттик бийликтин баардык деӊгээлдерин бузуктардан, мителерден арылтуу зарыл. Дүӊгүрөк ураандар менен реалдуу жагдайдын ажырымы түпсүз жаракадай тереӊдеп кетпесин десек, быйылкы шайлоодо добуш сатпай, шектүү же даана эле кылмышкер немелерди ээрчибей, парламентке татыктуу өкүлдөрдүн барышына жол ачалы! “КЫЛМЫШКЕРДИ ШАЙЛОО АНЫН КЫЛМЫШЫНА ШЕРИКТЕШ БОЛГОНГО БАРАБАР” деген чындыкты унутпайлы.

Жолдош Турдубаев.

Эл эмне дейт?

(Аксыдагы окуучулардын зөөкүрдүк жосуну жөнүндө социалдык желеде айтылган ойлордон)

Айдай Ивакова, тележурналист:

— Жашабай жатып зөөкүрлөнгөн балдардын ата-энелери, аларга болушчу болбогула! Арачы түшүп, ары-бери чуркап, актап-жактап атып, келечекте мындан да чоӊ балээге кириптер кылышыӊар мүмкүн. Балдар тиешелүү жазасын алышы керек. Алар туура эмес ишке барганын сезиши керек.Алар эл көзүнө эмес, чын жүрөктөн өкүнгөндөй болушу керек. Адатта ата-энелер «ичтен чыккан ийри жылан» деп баласынын айыбын жабыш үчүн жан үрөп чуркап жүрүп, өз чүрпөсүнүн жүрөгүнө зөөкүрлүктүн, мерездиктин, ээнбаштыктын, «эмне кылсам да ата-энем чуркайт, болушат, актап чыгат» деген арам ойдун үрөнүн сээп койгонун байкабай калат.

Фото “Турмуш” сайтынан алынды: https://www.turmush.kg/news:391399

 

Бөлүшүү

Комментарийлер