ОШ ШААРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ОНЛАЙН САБАК ӨТҮҮГӨ ДАЯР

  • 27.03.2020
  • 0

Ош шаарындагы мектеп мугалимдери карантин учурундагы сабактарды онлайн түрүндө уюштууга даяр. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Окуу-усулдук каанасынын башчысы, Ош шаарындагы онлайн окутуу боюнча жооптуу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-2020-окуу жылынын IV чейректин башындагы (карантин учурундагы) сабактар календарлык пландын негизинде 30 мүнөттүк убакытка ылайыкташтырылып, онлайн түрүндө уюштурулууда.

— Онлайн сабактарды өтүү мектептик медиа-бурчтардын, мугалимдердин ютуб каналдары, ошондой эле фейсбук, инстаграм баракчаларынында түз эфир аркылуу да ишке ашууда. Алдыңкы делген сабактарды жергиликтүү телеканалдар аркылуу да жайылтылуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан пландалууда.

Андан тышкары заман талабына жана кырдаалга жараша шаардын мугалимдеринин квалификацияны онлайн аркылуу жогорулатуу жагы да колго алынган. Бул арада онлайн курстар боюнча маалыматтык ресурстар мугалимдерге таратылып, анда мугалимдер Free Cam, BandiCam, Kahoot, Plickers жана башка сабакта керектелүүчү программаларды өздөштүрүүдө, — дейт Т.Досмуратов.

2019-жылдын 26-мартында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан да онлайн семинар уюштурулуп, анда маалыматтык технологияларды сабактарда пайдалануу жагынан алдыңкы мугалимдер өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул онлайн семинарга шаардын мугалимдеринен тышкары өлкөнүн булуң бурчундагы мугалимдер да катышып, онлайн сабакты уюштуруунун ыкмаларын үйрөнүштү.

ОШ ШААРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ ОНЛАЙН САБАК ӨТҮҮГӨ ДАЯР

fbtmdn

— Интернет аркылуу өз билимин тынымсыз өркүндөтүп турган Ош шаарында эмгектенген жаш мугалим Бактыгүл Жапар кызы учурда кичи мекени Алайда. Ал алган билимдерин тоолуу айылдын шартында онлайн аркылуу бөлүшүп, көптөгөн мугалимдерди видеосабактарды жасоо боюнча окутууда. Мындай мисалдагы мугалимдердин катарында жаш үй-бүлө Ош шаарындагы № 27 XXIV Партсъезд атындагы орто мектебинин информатика мугалими Мирлан Нарматалиевди жана анын жубайы, Курманжан Датка лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызын да айтсак болот. Алар да үй шартында түрдүү программалардын жардамында видеосабактарды даярдап, ютуб каналдары аркылуу мектеп мугалимдерине тынымсыз бөлүшүп жаткан учуру, — дейт Тынчтык Досмуратов.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»


Поделиться

Комментарии