КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫ КАТТАЛГАН ЖЕРЛЕРДЕ БАРДЫК КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

  • 27.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, ага онлайн режиминде жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдагандай, 27-мартка карата коронавирус инфекциясынын 14 жаңы учуру катталды: Жалал-Абад облусунда 7 жана Ош облусунда 7. Бүгүнкү күндө жалпысынан вируска чалдыккандардын саны 58 адамга жетти.

Медицина кызматкерлери тиешелүү дарылоо жана байкоону улантышууда. Үй карантини режимин сактоого катуу көзөмөл жасалып жатат.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер-жерлерде дезинфекцилоо иштерин күчөтүүнү улантууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча республика боюнча коюлган посттордун саны 374кө чейин кыскартылды. Өткөн суткада республика аймагында 241 адам коменданттык саатты бузган.

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө кырдаалдар режими жана өзгөчө абал киргизилген аймактарга жарандардын кирип-чыгуусуна дыкат көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Посттордо иштеп жаткандардын бардыгы жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалышы керектигин дагы бир жолу эскертем. Кирүүгө жана чыгууга катуу көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Жарандардын жана унаалардын, баарынан биринчи дары-дармек жана азык-түлүк ташыгандардын бардык кыймылы жөнгө салынышы шарт. Аймактарга антисептиктер, тест-системалар,  дары-дармектер жетиштүү көлөмдө жана өз убагында жөнөтүлүшү зарыл. Коронавирус катталган жерлерде жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары тарабынан үй карантинине көзөмөл күчөтүлүп, калктын ар кандай кыймыл-аракети чектелиши кажет», — деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик ограндарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо максаттарында киргизилген чектөөлөрдү бузуулар боюнча мыйзамдарды күчөтүү жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер