ДИСТАНТТЫК-ЭЛЕКТРОНДУК КУРСТАН ОКУГАН НАРЫНДЫК МУГАЛИМДЕР

  • 27.03.2020
  • 0

Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борборунда мугалимдердин билимин жогорулатуу дистанттык окутуу формасы боюнча жүрүп жатат.

Март айынын орто ченинде 51 мугалим борбордун IT администраторунун жардамы менен Республикалык педагогикалык кызмакерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан (РПККЖ ж-а КДИ) дистанттык-электрондук курстан өтүү үчүн аралыктан окутуу порталына катталышты.

— Учурда мугалимдер дистанттык-электрондук курстан квалификациясын жогорулатып жатышат. Курстан окуп жаткан билим берүү кызматкерлеринин түшүнбөгөн суроолорун жана проблемаларын чечүүдө борбордун кызматкерлери электрондук мумкүнчүлүктөрду колдонуп, методикалык жардамдарды берүүдө. Республикалык педагогикалык кызмакерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (РПККЖ ж-а КДИ) Кыргызстандын бардык мектептеринде квалификацияны жогорулатуу курстарынын эки жумалык дистанттык негизде окутуу процессин жургүзүү алгоритмин сунушташты, — дейт борбордун директору Жаңыл Бусурманкулова.

23-27-мартта облус боюнча мектептерден аралыктан окутуу порталына катталуу электрондук формада жүрүп жатат. Борбордун кызматкерлери облустагы билим берүү кызматкерлерине аралыктан электрондук формада методикалык көмөк көрсөтүшүүдө. Бул электрондук курстан мугалимдер беш онлайн-курс боюнча квалификациясын жогорулатышат.

Окутуу порталына катталууда тоскоолдуктар да болбой койгон жок. Атап айтканда, интернеттин начардыгы, компьютердик технологиянын жетишсиздиги, компьютердик сабаттуулуктун төмөндүгү ж.б.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии