“БИЛГЕНДЕН, БИЛЕ ЭЛЕГИМ КӨП”

  • 27.03.2020
  • 0

Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева 28 жылдан бери башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Каникул убагын текке кетирбей, билимин өркүндөтүп, изденип, интернеттен онлайн сабак өтүүнү үйрөнүп жатат.

“БИЛГЕНДЕН, БИЛЕ ЭЛЕГИМ КӨП”

«Бул окуу жылында 1-классты окутуп жатам. Класста 29 окуучу бар. Онлайн сабак өтүүнү 23-мартта баштадым. Албетте, башталгыч класстарга онлайн сабак өтүүдө, ата-энелердин дагы онлайн-сабак жөнүндө түшүнүгү болуп, окуучуларга жардамдашып, мүмкүнчүлүк түзүшү керек. Биздин мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша, айылда өзүм ноутбук жана уюлдук телефонду пайдалануу менен, WhatsАpp аркылуу онлайн сабак өтүп жатам. Окуучуларды карантин убагында убактысын туура пайдалануусуна, сабакты өздөштүрүүсүнө жардам кылып, тапшырма берип, кайтарым байланыш жасаса, эң жакшы натыйжа бере тургандыгы тажрыйбамда көрүнүп жатат. Билгенден, биле элегим көп. Бирок акырындан алдыга жылуу бар. Класс бөлмөм компьютер, принтер менен жабдылган. Сабакка керектүү иш кагаздарымды, материалдарымды өзүм иштеп даярдап, сабактарымда колдоном. Муну менен эмне айтмакчымын, мугалим ар тараптан күн сайын өнүгүү-өсүүнүн кадамында болушу керек. Албетте, ал үчүн билим, эрк, убакыт, аракет жана өзүңдүн жеке компьютериң же ноутбугуң болушу керек. Мектепте класстагы компьютерди, ал эми үйдөн нотбукту пайдаланам. Айрыкча, быйыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында ар бир мугалим акыркы технологияларды колдоно билиши зарыл».

Ата-энелер менен биргеликте “1-Б класс” деген группа түзүлүп, буга жалпы 29 ата-эненин жана сабак бере турган мугалимдердин WhatsАpp номерлери катталган. Сабак кадимкидей календардык план, сабактын жүгүртмөсү, башталуу убактысы боюнча жүргүзүлөт. Сабак 13:30 да башталат. Ар бир сабак 45 мүнөткө созулуп, ортосунда 5 мүнөттөн тыныгуу берилет.

“БИЛГЕНДЕН, БИЛЕ ЭЛЕГИМ КӨП”

«Мен классыма математика, окуу, жазуу, адеп, мекен таануу жана турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери деген сабактарды өтөм. Онлайн сабак өтүүдө WhatsАppтан аудио-жазуу, сүрөт жөнөтүү жана жазуу ыкмаларын колдоном. Мисалы, математика сабагында окуучуларга аудио-жазуу аркылуу теманы айтып, оозеки түшүндүрүп, суроо-жооп жүргүзөм. Андан кийин, иш дептери боюнча ар бир мисалды түшүндүрүп, аны иштөөгө убакыт берем. Бүткөн иштерин менин жеке номериме сүрөткө тартып, жиберишет. Эгер оозеки иштей турган мисал болсо, аудио-жазуу аркылуу жиберишет. Мен бул учурда ар бир окуучу менен жекече иш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алам, эгер каталары болсо оңдоого багыт берем. Мунун натыйжасында 1-класстарга баа коюлбагандыктан, эмоционалдык баалоолорду жүргүзүп, ар кандай быйтыкчаларды жиберем. Эң жакшы иштелген иштерди, жоопторду жалпы группага “үлгү” катары көрсөтөм. Сабактын аягында үй дептерине тапшырманы жазышат. Тапшырманы иштеп, кийинки сабакка чейин жеке номериме жиберишет. Ал эми, окуу сабагында көбүнчө аудио-жазуу аркылуу өтсө болот. Мында темада берилген тексттерди, аңгеме-жомокторду окуучуларга тааныштырып, аудио-жазуу аркылуу көркөм окуп берем. Андан кийин текстти өз алдынча окууга убакыт берип, айрым окуучуларды аудио-жазуу аркылуу окуп берүүнү сунуштайм. Тексттин мазмуну боюнча талдоо-жыйноо жүргүзүп, суроолорго жооп алам. Бул учурда дагы эмоционалдык баалоо жүргүзүлөт. Адаттагыдай эле үй тапшырмалары берилет. Мындан сырткары, китеп окууга кызыктыруу максатында, өз алдынча аңгеме-жомокторду күн сайын окуп туруу сунушталат”.

Онлайн окутууга окуучулар менен катар алардын ата-энелери дагы активдүү катышып жатышат. Ар бир сабакта кайтарым байланыш болуп, тапшырмаларды так аткарышууда. Ата-энелер балдары менен чогуу сабакка катышып, сабакты канчалык деңгээлде билгенине күбө болууда. Ата-энелердин, окуучулардын ортосунда бири-бирине атаандаштык пайда болуп, жакшы окууга ар бир окуучу тырышып, аракет кылышууда.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии