ЖОЖДОРДУН ЖАТАКАНАЛАРЫ ОБСЕРВАЦИЯ ҮЧҮН БЕРИЛЕТ

  • 26.03.2020
  • 0

Коронавирустун алдын алуу максатында Ош, Бишкек шаарларындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын айрым жатаканалары обсервацияга бошотулууда. Кыргыз мамлекеттик университетинин кичи райондогу №1 жатаканасы эки күн мурун толук бошотулса, учурда Кыргыз улуттук агрардык университети бир жатаканасын бошотууда.

Кырдаалга байланыштуу окуу жайларда мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланганда эле жатаканаларда жашаган студенттер айылдарына кетип  калышкан. Буюм-тайымдары гана студенттердин уруксаты менен көчүрүлүп жатат.

  • Биздин жатаканадан 290 орун даярдап койдук. Буга чейин эле студенттердин баардыгы айылдарына кетип калышкан. Азыр болгону эч жакка кете албайбыз деген бирин-экин түркмөн студенттер калды. Кытайлыктарды болсо Конфуций институту батирге чыгарып кетти. Майып студенттер дагы бар эле, алардын маселесин чечип жатабыз, — дейт КМУнун ректору Т.Абдырахманов.

Агрардык университети болсо учурда 130 орундуу жатаканасын даярдоодо. Ал жакта жашаган үй-бүлөлүү студенттер жана окутуучулар башка жатаканаларга көчүрүлдү.

  • Биздин жатаканада жашаган студенттердин 99 пайызы үйлөрүнө кетип калышкан. Учурда үй-бүлөлүүлөр гана жашап жатышат. Аларга күнүгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кирген-чыккандарга катуу көзөмөл болуп жатат. Ар бир жатаканада видеокөзөмөл орнотулган, ошол аркылуу мен дагы, коменданттар дагы көзөмөлдөп жатабыз, — дейт ректор Нургазиев Рыспек.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун жатаканасы болсо бир канча күн мурун эле чет мамлекеттен келген жарандарды убактылуу кармоого берилген. Учурда  ал жакта обсервацияга алынган жарандар жашап жатышат. Институттун ректору гана барып, көзөмөлгө алып жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер