ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЭВФТИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ ТИГРАН ПОГОСЯН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 26.03.2020
  • 0

Коронавирус инфекциясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган коркунучтары жана кесепеттери, ошондой эле аларды алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан түзүмдүк реформаларды алдыга жылдыруу жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн дайыма жардам берип келген ЭВФ менен кызматташууга чоң маани бере тургандыгын белгиледи.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жана дүйнөлүк финансылык рыноктордогу волатилдүүлүккө байланыштуу учурдагы кырдаал өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жаткандыгын, мындан улам экономикалык кесепеттерди жумшартуу үчүн кечиктирилгис чараларды кабыл алуу керектигин айтты.

Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков ЭВФке коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам болчу терс кесепеттерди жумшартуу жана анын Кыргызстанда андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуучу чараларды көрүү үчүн Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

ЭВФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян Фонд коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам экономикалык жактан жапа чеккен өлкөлөрдү каржылоо инструменттеринин алкагында чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын караштырып жаткандыгын билдирди.

Ал Кыргызстан чукул жардам алууга биринчилерден болуп билдирме бергендигин жана ЭВФ Кыргызстанга каражат жагынан жардам көрсөтүү маселесин жакынкы күндөрү ыкчам түрдө карай тургандыгына ишендирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер