КОЧКОРЛУК МУГАЛИМДЕР АРАЛЫКТА ОКУТУУНУ БАШТАШТЫ

  • 26.03.2020
  • 0

Учурдун талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялоо жөнүндө» буйругунун негизинде мектеп окуучулары каникулда жүргөндүгүнө байланыштуу мугалимдер окуучуларды дистанттык жол менен окутуп башташты.

— Айыл жерлериндеги мугалимдердин же окуучулардын үйлөрүндө компьютер жок болгондуктан кол телефондогу WhatsApp аркылуу тапшырмаларды берип жатышат. Бирок кол телефондору жок окуучулар ата-энесинин телефондорун колдонушууда. Дистанттык окутуу программасы менен мурда окутуп көрбөгөндүктөн мугалимдер өз ара үйрөнүп, талкуулап өзүлөрүнүн билимин көтөрүү менен иштешүүдө. Аралыктан окутуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн программасын колдонууну пайдаланышууда. Мугалимдер окуучуларга үйлөрүнөн чыкпастан телеберүүдөгү «Баластан», «Билим илим» жана башка программаларды көрүүнү, адабий китептерди окууну, ошондой эле тазалыкты сактоону айтып түшүндүрүшүүдө, — дейт Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектебинин директору Д.Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии