ӨКМӨТ УЛУУ МУУНДАГЫ АДАМДАРДЫ ИШТЕН ТОЛУК БОШОТУУ ЗАРЫЛДЫГЫН ЭСКЕРТЕТ

  • 26.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал режими учурунда улуу муундагы адамдарды аралыктан иштөөгө которуу же иштен толук бошотуу зарылдыгын кайрадан эскертти.

Өкмөттүн сунуштамаларына карабастан, айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы тууралуу маалымат түшүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жашоо-тиричиликти камсыздоого тартылган мамлекеттик органдардан тышкары мекемелерге учурдагы жүктөмдү жана өзгөчө абал режимин эске алып, улгайып калган адамдарды иштен толук бошотуу менен кызматкерлердин иш графигин өз алдын түзүү сунушталгандыгын дагы бир ирет эске салды. Ошону менен бирге коомдук унаалар убактылуу токтотулгандыктан, ар бир мамлекеттик орган жумушка чыккан кызматкерлерди ташууну уюштурууга милдеттүү.

Өз кезегинде жарандарга мүмкүндүк болсо онлайн-сервистерди колдонуу сунушталат.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мындай шартта Өкмөттүн бардык чечимдери жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди максималдуу түрдө төмөндөтүүгө багытталган.

«Барынан биринчи бул калктын аярлуу катмарына жана улуу муундун өкүлдөрүнө тийиштүү. Инфекциянын кеңири таркалышын токтотуу боюнча күч-аракеттер менен катар, Өкмөт инфекциянын жугуу тобокелдиктерин максималдуу түрдө азайтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат. Аларга мамлекет жана жеке менчик түрүнө карабастан бардык түзүмдөрдүн жетекчилери гана эмес, жалпы жарандарыбыз, алардын туугандары жана жакындары да кам көрүүгө тийиш», — деп белгиледи Премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер