ӨКМӨТ АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ЖАРАНДАРДЫ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮ УН МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАТ

  • 26.03.2020
  • 0

Өкмөт өлкөдөгү аз камсыз болгон жарандарды жана үй-бүлөлөрдү ун менен камсыз кылат.

Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бул этапта он миң тонна ун чыгарылат. Өлкөнүн бардык аймактарындагы үй-бүлөлөргө унду жеткирүү иши Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышын ооздуктоо жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо чараларын ишке ашыруу боюнча аракеттер менен катар эле, Өкмөт калктын аярлуу катмарындагылардын эч кимисин көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбоо максатында аларды колдоо үчүн бардык резервди мобилизациялайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан медицина кызматкерлерине жана муктаждарга жардам берүу боюнча демилгелери үчүн бизнес-коомчулукка, муну менен катар ыктыярчы уюмдарга ыраазычылык билдирди.

«Ушул күндөрү кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезүүбүз жана күчүбүздү бириктиришибиз керек. Мен четте карап турбай, көмөк көрсөтүү аракетин көргөндөргө ыраазычылык билдирем жана мамлекет жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер