БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН СТАТС-КАТЧЫСЫ ОБСЕРВАЦИЯ ҮЧҮН ДАЯРДАЛГАН ЖАТАКАНЫН ШАРТТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 26.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жалпы билим берүү уюмдарында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жүргүзүлгөн иш-аракеттерди координациялоону улантып жатат.

Бүгүн Жапаркул Ташиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн санитардык тазалоо иштери менен таанышты. Кызыл-Кыядагы шаарындагы Тоо-кен колледжи, Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы көп тармактуу институту, аймактагы мектеп, бала бакчалар  жана №7 кесиптик лицейдин обсервация үчүн даярдалган жатаканасындагы шарттар менен таанышты.

Мындан сырткары  Ноокат, Кадамжай райондорундагы билим берүү мекемелеринин абалын көрүп чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев Ош шаарында убактылуу иштеп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер