ӨЗГӨЧӨ АБАЛ РЕЖИМИ ЖАРАНДАРГА ЫҢГАЙСЫЗДЫКТАРДЫ АЛЫП КЕЛЕТ, БИРОК БАРДЫГЫ АЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН ЖАСАЛУУДА

  • 25.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарындагы өзгөчө абал режими жарандарга ыңгайсыздыктарды алып келет, бирок бардыгы алардын коопсуздугу үчүн жасалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ага онлайн режиминде жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Кубатбек Боронов өзгөчө абал режими учурунда киргизилген негизги чараларга жана убактылуу чектөөлөргө токтолуп, аларды толук аткаруу республика үчүн маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Муну менен бирге ал саат 20.00дөн 07.00 гө чейин коменданттык саат киргизилип, уруксат берүүчү атайын документи жоктордон башка бардык жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынарын белгиледи.

Коомдук унаалардын, таксилердин күндүзгү убакта иштөөсүнө тыюу салынган.

«Саат 07.00дөн 20.00гө чейин жарандар азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга, медицина мекемелерине жана зарыл шартта банктарга гана бара алышат. Көчөгө чыкканда өздүгүн аныктаган документ жана колго толтурулган анкета болушу керек. Жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо максаттарында киргизилген бардык чектөөлөрдү толук көлөмдө аткаруу зарыл. Көчөдө кандайдыр бир олуттуу зарылчылыгы жок чыккан жана сейилдеп жүргөн жарандар болбошу керек. Муну бардык жоопкерчиликтүү жана мыйзамды сактай билген кыргызстандыктар түшүнүүгө жана аткарууга тийиш!», — деди ал жана жарандарды тартипке жана жоопкерчиликке чакырды.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдарга азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү жана медициналык багыттагы товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында унаа каражаттары менен жүк ташууларды жана почталык жөнөтүүлөрдү тынымсыз жүргүзүүгө аракеттешүү зарыл.

Ал өзгөчө абал режиминин шарттарын аткарууга тартылбаган мамлекеттик органдардын жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин үйдө отуруп аралыктан иштөөгө өткөрүү керектигин белгиледи.

Ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесине ылайык ишин улантып жаткан жеке менчик компаниялар жумушчуларын унаа менен камсыздоосу кажет.

«Мындан тышкары дыйкандарыбызыдын үзүрлүү иши үчүн зарыл шарттарды түзүү керек. Жазгы-талаа иштерине карата кандайдыр бир тоскоолдуктар же оңтойсуздуктар болбошу абзел. Аларга толук аракеттешүү зарыл», — деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоого жана убактылуу чектөөлөрдү сактоого көмөктөшүү үчүн жер-жерлерде элдик кошундарды түзүү маанилүү экендигин белгилеп өттү. Айрым айылдардын алардын аймагына кирүүнү чектөө боюнча демилгелери тартипке келтирилиши керек.

Жыйындын жүрүшүндө дезинфекциялоо, алдын алуу, медициналык дарылоо, санитардык-карантиндик жайлардын иши, коомдук тартипти күчөтүү, салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдиктерди киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар топтому талкууланды.

Тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, Ыкчам штабдын бардык тапшырмалары сапаттуу жана толук аткарылууга тийиш.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер