КОЛДООГО МУКТАЖДАРГА КОЛ СУНАЛЫ

  • 25.03.2020
  • 0

Таажы тумоосунан жаш балдар жана жашы улгайгандар өз алдынча коргонуусу кыйын болгондуктан, аларга жакындары, алар жок болсо, атайын адистер жана жалпы эле кайдигер эмес адамдар кол сунуп, жардам берүүгө тийиш.

Ушундай кырдаалда жатак мектеп тарбиялануучуларына кандай шарттар түзүлүп жатканынан кабар алуу максатында, Чүй облусундагы жатак мектептердин кээ бирөөлөрү менен байланыштык.

Алардын бири — Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жайгашкан Чүй облустук зээндүү балдар жатак мектеби. Анын директору Бүбүкан Жусупованын айтымында, бул жерде жатып окуган балдардын дээрлик баарынын ата-энелери, жакындары бар. Андыктан, алар карантин башталаар замат үйлөрүнө кетишкен. Ошол учурдан пайдаланып жатак мектептин эмгек жамааты балдар жаткан жайларды, окуган класстарды, бак-дарактарды, айлана-тегерегин жана башка кол жеткен жайлардын баарын тазалап, жыйнап, атайын дезинфекциялоо каражаттарын чачып, тумоого каршы бардык чараларды көрүштү.

 

КОЛДООГО МУКТАЖДАРГА КОЛ СУНАЛЫ

Ата-энеси жок томолой жетим жана ата-энелик укуктан ажыратылгандардын балдарынын Чүй толук эмес жатак мектеби Чүй районунда жайгашкан. Мында тарбияланып жана билим алып жаткан 150 окуучу жатак-мектеп администрациясынын толук көзөмөлүндө,-дейт, анын директору Назгүл Мусаева. Ал КР Коопсуздук кеӊешинин Ɵзгɵчɵ кырдаал киргизүү тапшырмасынын негизиндеги Билим берүү жана илим министрлигинин коронавирусту алдын-алуу чараларын көрүү буйругуна жана жатак мектептин бекитилген ички тартибине ылайык, ушул күндөрү бул жерде иш-чаралар атайын бекитилген тартипте өтүп жаткандыгын айтты.

— Коронавирус тумоосун алдын-алуу жана болтурбоо максатында бизде өтө турган ар бир иш-чарага жооптуу кызматкерлер дайындалды. Мектеп администрациясынын графиги бекитилип, тарбиячылардын, педагогдордун жана башка жатак-мектепте иштеген кызматкерлердин, кароолчулардын кошумча милдеттери дагы бир ирет такталып, кандай тартипте иш алып баруу эрежелери эскертилди. Ал кошумча чараларга сɵзсүз түрдɵ беткап тагынуу, жатак-мектептин аймагына бɵтɵн кишилерди киргизбɵɵ талаптары кирет. Ал эми медицина кызматкерлери балдардын жатаканасы, ашкана, мектеп имараты, мончо сыяктуу ар бир имаратта санитардык нормага ылайык, температуралык режим, желдетүү- дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшүүдɵ.

КОЛДООГО МУКТАЖДАРГА КОЛ СУНАЛЫ

-Балдарга тарбиячылар жана медицина кызматкерлери короновирустун өзү, аны алдын-алуу боюнча тематикалык жыйындарды, класстык сааттарды ɵткɵрүп, ар кандай вирустардын кесепеттери чагылдырылган стенддер илинип жатат,-дейт Назгүл Мукашевна.

Ансыз да тагдырдын татаал сыноосуна кабылган балдарга энелик мээрим төгүп, камкордук көрүү милдети жүктөлгөн жатак-мектеп кызматкерлери эки эсе кайрат күч менен иштешип, балдардын ден соолугун спорттук мелдештерди уюштуруу менен бекемдөөгө басым жасашууда. Алар спорттук иш-чаралардын, акыл таймаш оюндарынын жана колдон келишинче, витаминдүү азыктар менен тамактануунун жардамы менен бул тумоого каршы туруштук берүүгө болоорун жакшы билишет.

КОЛДООГО МУКТАЖДАРГА КОЛ СУНАЛЫ

— Жатак-мектепте ата-энеси жок жетим балдар, ата-энелик укугунан ажыратылып, кароосуз калган балдар тарбияланат. Жатакананын бөлмөлөрүндө ден соолук коопсуздугу, вирус инфекциясы жана аны алдын-алуу жөнүндө маалыматтар камтылган баракчаларды илдик. Балдарга пайдалуу спорттук иш-чараларды өткөрүү менен бирге, ар кандай темаларда аңгемелешүүлөрдү өткөрүп, колду тез-тез жууп туруу, бөтөн нерселерди кармабоо, үй жаныбарлары боюнча эрежелерди сактоо, тамак-аш коопсуздугу сыяктуу тазалык эрежелерин сактоонун мааниси жөнүндө айтып берип жатабыз. Анан албетте, балдарга көркөм адабияттарды окутууну, шахмат-шашки оюндарын, сүрөт тартууну байма-бай уюштуруп турабыз. Балдарыбыз бул ийримдерге кызыгуу менен катышат,-дейт Н.Мусаева.

Директордун айтымында, учур талабына ылайык, жатак-мектепке сырттан келип иштеген предметтик мугалимдердин иши аралыктан окутуу формасына которулуп, тиешелүү отчетторду телефон же компьютер аркылуу мүдүрдүн окуу тарбия иштери боюнча орун басарлары кабыл алууда. Балдардын коопсуздугун сактоо максатында жатак-мектептин аймагына бɵтɵн кишилер киргизилбей, карантин эрежелерин так сактоого аракеттер көрүлүп жатканын айткан Назгүл Мукашевна, түзүлгөн кырдаалдан муктаждыгы бар аяр катмарга кол сунуп колдоо көрсөтүү, биримдик жана сабырдуулук менен гана чыгууга болоорун, эмгек жамаатына күжүрмөндүк күч-кубат, чыдамкайлык кааларын билдирди.

 

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер