ӨЛКӨБҮЗДҮН КЕЛЕЧЕГИ ТАРБИЯЛУУ ЖАНА БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА!

  • 24.03.2020
  • 0

Сокулук районундагы «Таң Чолпону» өспүрүм балдардын окуу чыгармачылык борборуна жергиликтүү балдар каалаган ийримге жазылып, бекер билим алышат. Учурда сегиз ийрим иштейт.

Мезгилдин талабына карата мектептен тышкаркы кошумча билим берүү өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө өтө зарыл. Мектептен тышкаркы мекемелердеги окуучулар мектептен өздөштүргөн таалим-тарбиясын өркүндөтүп, илим, техника, адабият, искусство жана башка тармактар боюнча талаптарын, кызыкчылыктарын өстүрүшөт. Борбор балдардын эс алуусун да уюштурууга көмөктөшөт жана ар тараптуу чыгармачылыкка түрткү болот.

Сокулук районунун «Таң Чолпону» өспүрүм балдардын окуу чыгармачылык борборунда 2019-2020-окуу жылында 4-17 жашка чейин 510 бала акысыз тарбияланат. 11 мугалим иштейт. Быйылкы окуу жылында компьютер, шахмат, англис тили, кыргыз тили, чебер колдор, бий, мектепке чейинки даярдоо жана жаратылыштын достору ийримдери иш жүргүзүшөт.

— Биздин борбордо балдар өздөрү каалаган ийримге кире алышат, аларды эч ким мажбурлабайт. Балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө, инсан болуп калыптанышына кам көрөбүз. Биздин балдар терс тенденциялардан алыс болушат: рэкетчиликке, баңгиликке жол беришпейт. Анткени балдар борбордо бир эле бий, ыр жана көркөм өнөрчүлүктү үйрөнүшпөстөн, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын сыйлаганга, таалим-тарбиянын туу чокусун үйрөнгөнгө жетишет жана туура кесип тандоого үйрөнүшөт. Райондук жана облустук деңгээлдеги иш-чараларга үзгүлтүксүз активдүү катышып келе жатышат.

Биздин борбордо жакында «Кошумча билим берүү мектептен тышкаркы мекемелерде» деген темада облустук семинар болуп өттү. Семинардын алкагында ар кандай мастер-класстар өткөрүлдү, — дейт борбордун директору Г.Исманкулова.

Ушул жылдын январь айында борбордун жарым жылдык отчеттук концерти өткөрүлүп, анда балдар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле концерттин алкагында кол өнөрчүлүк ийримине катышкан окуучулардын колдорунан жасалган «Кийиздер дүйнөсүндө» аттуу көргөзмө уюштурулду.

Ай сайын «Шахмат» ийримине катышкан окуучулар үчүн шахмат боюнча турнирлер өткөрүлүп турат.

— Борбордун окуучуларынын билим сапатынын өсүшүнө ата-энелердин борбор менен тыгыз байланышта болуусу түздөн-түз таасирин тийгизет. Окуу жылынын башынан баштап азыркыга чейин борбор менен ата-энелердин байланышы тыгыз болуп, көп иш-чаралар аткарылды.

Биздин борбор ата-энелерге, балдарга таалим-тарбия берүүдө чоң жардам берет, — дейт жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии