АНАРА АБДУРАИМОВА: «БОЛОЧОКТО БИОИНЖЕНЕРДИК МЕКТЕП АЧУУНУ КЫЯЛДАНАМ»

  • 23.03.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы баш калаабыздагы алдыңкы он мыкты мектептин бири болуп эсептелет. Былтыр уюшулгандыгына 95 жыл болгондугун салтанаттуу белгилеген мектеп-гимназиянын директору Анара Абдураимова бизге мектептин ийгиликтери, алдыдагы максаттары жөнүндө айтып берди.

АНАРА АБДУРАИМОВА: "БОЛОЧОКТО БИОИНЖЕНЕРДИК МЕКТЕП АЧУУНУ КЫЯЛДАНАМ"

Ийгиликтин ачкычы – жетекчинин ишти ийкемдүү уюштура билүүсүндө

— Азыркы нанотехнология, санариптештирүү заманында, мурункудай иштөөгө тап-такыр мүмкүн эмес. Себеби азыркы окуучулар мугалимден кыйын, алар техника менен тили бир, теңтуш. Мурда окуучу маалыматты мугалимден алчу. Азыр чынын айтканда, окуучулардын суроо-талабына шайкеш шарт түзүп иштөөгө тийишпиз. Жоопкерчилик албетте, биринчи кезекте жетекчиде болот. Жетекчи окуучу үчүн да, мугалим үчүн да тиешелүү шарттарды түзүп, анан талап коет. Тиешелүү шарттарды түзүү үчүн жетекчилер изденип иштөөгө милдеттүү.

Биздин мектеп 2016-жылдан бери инженердик-техникалык билим берүү боюнча дүйнөлүк эң алдыңкы окуу жайларынын бири, Москвадагы ядролук улуттук изилдөө университети менен тыгыз кызматташып келатат. Бул легендарлуу университет мындан үч жыл мурда өзүнүн 75 жылдыгын белгилеген. Ошол кызматташуу келишиминин негизинде, биздин физика жана математика мугалимдерибизи кезектешип барып,өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу курстардан окуп кетишет. Натыйжада алар өткөн тренингдер аркылуу биздин жогорку класстын окуучулары олимпиада тапшырмаларды аткарууну үйрөнүшөт. Белгилей кетчү дагы бир жагдай, олимпиадалардын жыйынтыгы боюнча мыкты ийгилик жараткан биздин бүтүрүүчүлөр Россиянын инженердик-техникалык алдыңкы жогорку окуу жайларында акысыз окууга укук алышат,-дейт Анара Хабибовна.

Бизде сынак тести 3-класстан башталат

— Биздин эң баалуу байлыгыбыз — адам ресурсу. Андыктан бардык аракеттерибиз адам ресурсун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Тилекке каршы, мектепте окуучулар көп. Бир класста 50-54 окуучу окуйт. Бул кырдаалды биз азыр өзгөртө албагандан кийин, ар бир балага жеткиликтүү билим берүү ыкмаларын, жолдорун издешибиз абзел. Андыктан  балдарга билим берүүдө мамлекеттик стандарт менен гана чектелбей, кошумча ыкмаларды пайдаланууга киришүүбүз керек болду.

АНАРА АБДУРАИМОВА: "БОЛОЧОКТО БИОИНЖЕНЕРДИК МЕКТЕП АЧУУНУ КЫЯЛДАНАМ"

Мугалимдин алдындагы биринчи милдет балдарга билим берүү болсо, ошол билим жугумдуу болуп жатканын, кайтарымын билүү ошондой эле маанилүү милдет болуп эсептелет. Биз адегенде балдарга сапаттуу билим берүүчү мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн мен жогоруда айтып өткөн Москвадагы жогорку окуу жай менен кызматташууну калыптандырдык. Андан тышкары, Бишкектеги Жаңы технологиялар эл аралык жапон борбору менен алака түздүк. Жапон борбору менен кызматташуунун негизинде, бир классты физика-математика, бир классты — химия-биология, дагы бир топту — информатика, физика, адабият, дагы бирөөнү — орус, кыргыз, англис ж.б. тилдер боюнча багыттарга бөлүү менен, гимназиялык компонентти колдонуп, окутууну колго алдык. Эми ошол балдарга окутуп жаткан билим канчалык жугумдуу болуп жатканын билүү үчүн балдардын билимин тесттен өткөрүү максатында, Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунан (ЦООМО) 3-4-класстын окуучуларынан өйдө тесттен өткөрүүгө кириштик. Албетте, ал көз карандысыз уюм болгондуктан, акча төлөө керек болгон үчүн адегенде ата-энелер арасында түшүнбөстүктөр пайда болду. Бирок азыр жакшы жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Анткени тесттин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн анализ бизге өтө пайдалуу болууда. Мисалы, биз ар бир баланын кайсы предметтен аксап жаткандыгын биле баштадык. Мисалы, сынак тестте орфография, пунктациядан ката кетиришиптир. Ал теманы балдар 6-7-класста өтүшөт экен, 10-11-класста кайталашпайт. Демек, даярдык көрүү учурунда ошондой жерлерди кайталатуу керек. Анализдин жыйынтыгында баланын билиминдеги боштуктарды толтурууга шарт түзүлөт. Натыйжада илимий-методикалык борбор түзүп, тесттин жыйынтыгы боюнча ар бир мугалимге өзүнчө программа менен иштөөгө өттүк.

АНАРА АБДУРАИМОВА: "БОЛОЧОКТО БИОИНЖЕНЕРДИК МЕКТЕП АЧУУНУ КЫЯЛДАНАМ"

Андан тышкары, бизде жайкы мектеп иштейт. Жайкы мектепте жыл ичинде начар баа алган балдарды окутабыз. Мугалимдер үч жума бою ошондой балдар менен иштейт. Балдар Жайкы мектептин алкагында Москвага жылына эки жолу барып келишет.

Ата-эне адегенде баласынын жөндөмүн аңдап-билиши керек

Анара Абдураимованын пикиринде, мектеп ата-энелер менен тыгыз иштеши керек. Мектеп-үй-бүлө-коомчулук үчилтигинин милдети бирдей, демек, жоопкерчилиги да бирдей деп эсептеген директор айым, мектепке ата-энелердин колдоосу өтө зарылдыгын айтат.

— Мага ата-энелер балдарын алдыңкы мектептерге окутууга аракеттенип, жолдун алыс-жакынын карабай ташып окутуп жатышканы жагат. Алар “фондуңарга акча төлөйм”-деп, дароо эле акчадан башташат. Арийне, ата-энелерге кулак кагыш катары айтаарым, акчасына эмес, эң оболу, баласынын жөндөмүнө карашы керек.

АНАРА АБДУРАИМОВА: "БОЛОЧОКТО БИОИНЖЕНЕРДИК МЕКТЕП АЧУУНУ КЫЯЛДАНАМ"

Албетте, мектептерди заманбап жабдууга мамлекеттин күчү жетишпейт. Ал үчүн ар бир жетекчи өнөктөштөрдү издеп таап, кызматташуусу керек. Ушул жерден жетекчи менеджер-уюштуруучу, психолог катары да жөндөмүн көрсөтүүгө тийиш. Мен ушул мектепке директор болуп келгенде, компьютердик класста компьютер жок болчу. Техника жагынан жардам берүүсүн өтүнүп кытай, түрк ж.б. элчиликтерине кат жазып кайрылганмын. Натыйжада түрк элчилиги бир миллион сомго компьютердик классты жабдышты, Россия элчилиги окуу китептерин беришти. Учурда бир кошумча билим берүү кызматын көрсөтөбүз,-дейт Анара Хабибовна.

— Адистер азыр кээ бир адистиктер жоголуп, керектен чыгып калганын айтышууда. Андыктан биз заман талабына ылайык, балдарды жаңы боло турган кесипке окутуп даярдашыбыз керек. Мен биздин мектепти болочокто биоинженердик багытта өзгөртсөк деп ойлойм. Бир жолу Белорусияга конференцияга барып калдым. Ага ПИЗАдан эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен Финляндиядан да адистер келишиптир. Алар менен баарлашууда “Силер кандай ыкмада окутасыңар, методисттер барбы?”-деп сурап калдым. Көрсө, аларда методисттер мектепте эмес, Билим берүү академиясында, басмаканаларда отурушат экен. Мугалимдер келбей калса, балдар электрондук китеп менен окуп, билим алуусун уланта беришерин айтышты. Биз да акырындап ошондой деңгээлге жетээрибизге ишенем. Мына, он-лайн окуулар кире баштады, мугалимдердин медиасабаттуулугу жогорулап, заман талабына шайкеш иш алып барууга бардык шарттар түзүлүп жатат.

Мен гимназияларга, лицейлерге окуу планын түзүүдө тандоо эркиндигин берсе деп ойлойм. Ар бир мектепте өзүнчө ийкемдүү план түзүп алууга мүмкүнчүлүк болсо жакшы болмок. Биз белгилүү мезгил аралыгында тиешелүү натыйжа берем деп милдеттенме алып, ошону ишке ашыруунун үстүндө иштемекпиз жана натыйжа көрсөтмөкпүз. Анын үстүнө, азыр мыйзам боюнча гимназия мектептеринин математикалык предметтерди өнүктүрүүгө укугу чектелүү экен. Бул түбүнөн туура эмес деп эсептейм. Андыктан мыйзамды кайра карап чыгуу керек,-дейт Анара Абдураимова.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер