КОРОНАВИРУСТАН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • 19.03.2020
  • 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавирустан коргонуунун бир канча эрежелерин сунуштады.

Ар бир атуулга тийиштүү милдеттер:

  1. Ар бир 15 минута сайын кайнатылган ысык суу ичип туруу зарыл.  Анткени вирустун ысыкка туруктуулугу жок.
  2. Ар бир эки саат сайын оозду туздуу суу менен чайкап туруу керек;
  3. Мүмкүн болушунча көчөгө жана коомдук жерлерге чыкпоо керек;
  4. Ар бир эки саат сайын бөлмөнү тазалап, желдетип туруу зарыл.

Коомдук жайлар үчүн талаптар:

  1. Ар бир ишкер өз жумуш ордун, ишканасын дезинфекциялашы керек;
  2. Айыл аймагындагы көчөлөрдү, тротуарларды тазалоо керек;
  3. Жолдордо унаалардын, ал эми тротуарларда адамдардын санын чектөө зарыл;
  4. Жолдор жана тротуарлар санитардык тазалоодон өтүп турушу керек.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер