ЖРТга КОШУМЧА ЭКИ ПРЕДМЕТ КИРГИЗИЛДИ

  • 10.03.2020
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият боюнча кошумча предметтик тесттери киргизилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Буга чейин предметтик тесттер химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тилдери боюнча тапшырылып келген.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө бир сабакка төлөнүүчү акы кымбаттап, 370 сом болду.

Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына бара турган абитуриенттер тапшырат. Бул жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында өткөрүлөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер