“ӨРНӨК” —  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

  • 05.03.2020
  • 0

Нарын районундагы “Өрнөк” балдар чыгармачылык борборунун түзүлгөнүнө 24 жылдын жүзү болду. Ошондон бери бир топ айылдык балдар комузда кол ойнотуп, кыргыз бийлеринин ыкмаларын үйрөнүп кошумча билим алып келатышат. Жакындан баштап улуттук оюндар боюнча ийримдерди ачуу пландалууда.

“ӨРНӨК” -  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

“Өрнөктүн”  тарыхы

“Өрнөк” балдар чыгармачылык борбору 1996-жылы Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында ачылып, ушул күнгө чейин иш жүргүзүп келет.  2012-жылы Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков борбордун ишин алдыга жылдыруу максатын көздөп, Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин соцпедагогу Эсенбек Майрыков менен кеңешип, борбордун ишин өз колуна алууга сунуштаган. Эң кызыгы Э.Майрыков бир да сом албастан, мугалимдерге баш-көз болуп, чоң тажрыйбасы менен бөлүшүп,  иштетип келген. 2014-жылы гана Э.Майрыков борборго жетекчи катары дайындалган. 2015-жылы борбордун директору ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызмат ордун бошотуп берип, ага А.Табалдиев атындагы мектептин тарых мугалими, комузда кол ойноткон Кырчообаев Болотбек дайындалган.

Таланттуу балдардын борбору

“ӨРНӨК” -  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

“Өрнөк” балдар чыгармачылык борборунун максаты – мектептен тышкаркы билим берүүнүн натыйжалуулугун жакшыртуу, окуучулардын билимин, талантын, жөндөмүн, шыгын өстүрүү, мектептен тышкаркы убактысын туура пайдаланууга калыптандыруу, балдардын туура кесип тандоосуна багыттоо.

“ӨРНӨК” -  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

—          Борбордук милдети — мектеп жашындагы балдарга кошумча эстетикалык таалим-тарбия берүү, жан дүйнөсүн руханий жактан байытуу, илим-билимге, маданиятка, кол өнөрчүлүккө, искусствого болгон кызыгуусун арттыруу жана таланттуу өспүрүмдөргө ар тараптан колдоо көрсөтүү. Ата-бабаларыбыздан калган кыргыздын каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн, музыкалык аспаптарын, баа жеткис өнөрлөрүн унутта калтырбай келечек муунга өткөрүп берүү жана үйрөтүү болуп саналат, — дейт Болотбек Кырчообаев.

“ӨРНӨК” -  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

Ар бир ийрим биринен бири өзгөчөлөнүп, жаңылануунун үстүндө иштеп, салттуу методиканы колдонуу менен өнөр үйрөтүп, балдарды патриоттуулукка үндөшөт. Ийримдер билим берүүнүн инновациялык жолун издеп, замандын талабына ылайык иш жүргүзүп келишет.

“ӨРНӨК” -  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

“ӨРНӨК” -  АЙЫЛДЫК БАЛДАРДЫН ОРДОСУ

—          Борбордо тарбия алып жаткандардын жалпы саны — 210. Жана ар бир окуучу эки ийримге катышууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.  “Сайра комуз” ириминде 30 окуучу, “Мин кыял” бий ириминде 30 окуучу, “Мурас керемети” көркөм сүрөт ийриминде 30 окуучу, “Устат – шакирт” балдардын кол өнөрчүлүк жана баштапкы техникалык моделдештирүү ийриминде 30 окуучу, “Өрмөк согуу” ийрими – 30 окуучу, “Драма” ийрими – 15 окуучу, “Кол өнөрчүлүк” ийримине 15 окуучу катышат. “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” республикалык кароо-сынакта борбордун тарбиялануучусу Турар кызы Айдана 3-орунга чыгып, “Баластан” программасына тартылып келди, — дейт Б.Кырчообаев.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер