КЕСИПТИК КОНКУРСТУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭЛЕКТРОНДУК БААЛОО МЕНЕН ЧЫГАРЫЛДЫ

  • 05.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим Министри Каныбек Исаков кесиптик лицейлердин жетекчилери менен жолугушуу учурунда, кесиптик билим берүү тармагынын жетекчилерине жаңыча багытта иш жүргүзүүгө өтүү зарылчылыгын белгилеп, жаштарды жумуш берүүчүлөр менен эмгек базары талап кылган кесиптерге окутулушу керектиги баса айтып кеткен эле. Ар бир окуу жайы жайгашкан чөйрөсүндө кадыр-баркка  жетишүүсү керек. Окуу тарбиялык иш аракети менен орчундуу орунду ээлөө да оңой эмес. Бүгүнкү кесиптин ээлери жаңыланган технологияны өздөштүргөн, компьютердик башкарууну билгендер болушу зарыл. Окуу жайлардын кесиптерге окутуу программаларына  ылайык кесипке үйрөтүүнүн алгачкы кадамы окутуучулар тарабынан теориялык сабактар өтүлүп, лабораториялык иштеринде окуучулардын билимдери бааланат. Муну менен катар эле өндүрүштөн үйрөтүүчү устаттары тарабынан чакан тайпаларга бөлүнгөн окуучулардын алган билимдери тетиктерди ажыратып-чогултуу, же атайын кесипке үйрөтүүчү полигондордо иш жүзүндө бекемделинет. Өндүрүштүк практикага даяр окуу тайпалары арасында бирдей кесиптегилердин конкурстары өткөрүлөт. Конкурс учурунда алардын алган шык билимдери бааланып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилет.

3-март күнү Бишкек шаарыбыздагы №4-кесиптик лицейинде “Ширетүүчү”, “Жыгачтан үй буюмдарын жасоочу” жана “Оңдоо курулушчу иштери”  кесиптеринде окушкан тайпалардын окуучулары арасында конкурс өткөрүлдү. Ага    эмгек рыногунда отуз жылдык иш тажрыйбасы бар “Алина Дистрибюшин” компаниясынын жетекчиси Асель Сейилханова, аткаруучу директору Роман Черноволос, ОсОО “БИЙ” –курулуш компаниясынын башчысы Азамат Нурлан уулу, баштапкы кесиптик билим берүү Агенттигинин жетектөөчү адиси Азамат Иманкулов жана бирдей кесипке даярдаган окуу жайларынын өкүлдөрү катышып, окуучулардын билим деңгээлин жана аткарган ишинин жыйынтыгын электрондук  баалоо аркылуу чыгарылаарына күбө болушту.  Кесиптик лицейинин жетекчилиги социалдык өнөктөштүктү чыңдоо менен базалык ишканаларга байланышты үзбөй келишет. Алардын жардамы менен окуу өнөрканаларына окуу куралдары жана үйрөтүүчү материалдар берилет. Ар жылы адистери лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендерине келип катышып турушат.

№4-кесиптик лицейдин Айнагүл Каныбек кызы жетектеген МРСР-18 тайпасынын окуучулары Темирбеков Даниэл, Ибраев Санжар Республикабыздагы курулушчу кесипке даярдоочу жогорку, атайын орто жана кесиптик окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн кесипти даңазалоо конкурсунда биринчи орунду жеңип алышкан.   Акыркы төрт жылдан бери кесиптик лицей курулуш тармагынын окуу жайлары арасында алдыңкы иш тажрыйба борборуна айланган жана башка окуу жайлардын устаттары келип кесиптик жогорулатуу курстарынан өтүп кетип турушат.

Эмгек базарына курулушчу кесиптер өтө зарыл. Ошондуктан окуу жайдын директору Эрмекгүль Усупбаеванын жетекчилиги менен эки өнөркана кайрадан оңдолуп, керектүү жабдуулар жана станоктор менен камсыздалып, конкурстар өткөрүлүп жатат. Жаштардын ден соолугун чыңдоо үчүн спорт залы да ишке берилген. Учурда атайын медициналык бөлмөнүн капиталдык ремонту башталыптыр.

Кесиптик лицейлердин жетекчилеринин иштерин анализ жасоо менен баалоо жаңыланган коомдо заманбап шаймандар, жабдуулар менен класс, өнөрканаларды жабдуу, жаштарды жеткиликтүү кесиптик шык билимге ээ кылуу жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз болуусу аркылуу жүргүзүү -бүгүнкү күндүн талабы. Баштапкы кесиптик системаны кайра жаңыланган түрдө түзүп жаңы нукка алып чыгып, базаларды күчөтүү менен заманбап шаймандарды үйрөтүү зарыл.

Эгемберди УСУПОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер