ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛУУ: АДИЛЕТ ЖАНА АЧЫК-АЙКЫН ТАНДОО

  • 05.03.2020
  • 0

Быйыл чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары бөлгөн гранттык орундарга  талапкерлер жаңы принциптер менен ачык-айкын, адилет тандалууда. Бул тууралуу 4-мартта Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн маалымат жыйынында министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Мааткеримова Чынара билдирди.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛУУ: АДИЛЕТ ЖАНА АЧЫК-АЙКЫН ТАНДОО

Министрлик биринчи кезекте чет мамлекеттер тарабынан бөлүнгөн гранттык орундар тууралуу маалыматты республиканын бардык аймактарына массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу өз убагында жеткирүүгө аракет кылып жатат. Экинчиден, талапкерлерди тандоо тартибин катуулатып, комиссиянын курамын бекемдеди.

  • Жакында эле Венгрия тарабынан бөлүнгөн 75 гранттык орунга тандоо КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өттү. Ага 350 талапкер катышты. Анда биринчи кезекте комиссиянын курамын чыңдоого басым жасадык. Ага эң биринчиден жарандык коомдон мүчөлөрдү чакырдык, камкорчулар кеңешинин, бизнес структураларынын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү дагы камтылды. Бакалаврга кабыл алуу тестирлөө аркылуу жүргүзүлдү. Талапкердин тесттен топтогон баллы дароо өзүнүн компьютерине чыгып, администратордун базасына түшүп, жыйынтыгы ошол замат билинди. Ошондон эле ким канчанчы орунда  экендигин көрүп кетишти. Магистратура менен докторантурага талапкерлер баарлашуу аркылуу  тандалды. Буюрса, эмдиги жылга кабыл алуунун  башка жолдорун карап чыгалык деп жатабыз , — дейт  Мааткеримова Чынара.

Чет мамлекеттерге окууга тапшыргандардын ичинен ортомчуларга алданып калып жаткандар дагы көп экендигин айткан жетекчи, каалоочуларга дайыма расмий маалыматтарга гана ишенүү керектигин эскертти:

  • Өзгөчө Кытай менен Россияга тапшыргандардын ичинен ортомчуларга алданып калгандар көп болот. Ошондуктан абитуриенттер министрлик таркаткан расмий маалыматтарга гана ишенип, дайыма министрликтин сайтын карап турушу керек. Азыр биз маалыматтардын баардыгын өз учурунда сайтка жана фейсбуктагы баракчага жарыялап жатабыз. Россиянын окуу жайларына кабыл алууну жана тандоону Роскызматташтык өзү гана жүргүзөрүн баса белгилеп кетүү керек, — дейт.

Министрлик тарабынан өткөн жылдын декабрь айынан бери өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттер бөлгөн орундар тууралуу маалыматтар байма-бай берилип келет. Учурда Белорусия бөлгөн сегиз орундун магистратура программасы боюнча эки адистикке документтер кабыл алынууда. Латвиянын жождорунда  билим алууну каалагандар дагы 1-апрелге чейин тиешелүү документтерин тапшырышы керек. Ал эми Тажикстан бөлгөн бакалавриат программасынын түрдүү багыттары боюнча 40 гранттык орунга ат салышууну каалагандар  документтерин даярдай бериши керек. Себеби жакынкы күндөрү бул мамлекет үчүн сынак ачылат. Казакстандын беш гранттык орунуна болсо бүгүнтөн баштап документтерди кабыл алуу башталды.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛУУ: АДИЛЕТ ЖАНА АЧЫК-АЙКЫН ТАНДОО

Жакында эле Кытай Эл Республикасы бөлгөн  19 гранттык орунга  сынак токтотулуп, 10 адамдын турган тизме (сунушталган жана резерв) дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай тарапка кароого жөнөтүлдү. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде дагы 13 гранттык орунга кабыл алуу токтотулуп,  17 адамдын турган тизме (сунушталган жана резерв) Кытай тарапка кароого жөнөтүлдү.

Кыргызстанга эң көп орун бөлгөн Россия болуп эсептелет. Бул мамлекет жыл сайын 400 чейин гранттык орун бөлөт. Быйылкы сынак 2-мартта жабылды.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, министрлик учурда чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, гранттык орундардын санын көбөйтүү аракетин көрүүдө.

 

КАЗАКСТАН

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛУУ: АДИЛЕТ ЖАНА АЧЫК-АЙКЫН ТАНДОО

 

Казакстандын кыргызстандыктар үчүн 2020-2021-окуу жылына карата бөлгөн беш гранттык орунуна документтерди кабыл алуу 5-мартта башталды. Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.

Беш орундун  үчөө бакалавриат, экөө магистратура программалары боюнча. Сынактан өткөндөр окуй турган адистигин жана окуу жайын өздөрү тандашат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  • Арыз;
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);
  • Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;
  • ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;
  • Флюорография;
  • Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  • Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
  • Соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Тапшырылуучу документтер жогоруда келтирилген иретте файлдык папкага чогултулушу керек. Толук эмес же документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген билдирмелер каралбайт.

Сынакка төмөнкү жетишендиктеги талапкерлер киргизилет:

Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;

Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.

Документтер Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257 (220-бөлмө). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин.  Тел: 0 (312) 62 15 19.

 

 

РУМЫНИЯ

Румыния болсо быйыл бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 85 гранттык орун бөлдү.  Ага Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек. Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот ( https://www.mae.ro/en/node/10251).

 

 

ЛАТВИЯ

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларынан да билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда документтер кабыл алынууда.

Бул мамлекеттен бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларына, илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүүгө, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектепке орундар каралган.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымтты www.viaa.gov.lv/scholarships  шилтемесинен алса болот.

 

АЗЕРБАЙЖАН

Учурда Азербайжан дипломатиялык академиясы 2020-2021-окуу жылына карата бакалавриат жана магистратура программалары боюнча чет өлкөлүк студенттерден документтерди кабыл алып жатат.

Чет өлкөлүктөр окуу чыгымын гана көтөргөн Алимердан бек Топчубашев атындагы стипендиялык программага катышса да болот. Стипендияга керектүү документтерди 2020-жылдын 5-апрелине чейин тапшыруу зарыл.

Бакалавриат программасы боюнча эл аралык мамилелер, бизнести башкаруу, экономика, социалдык мамиле, укук таануу, компьютердик сабаттуулук, магистратура программасы боюнча мамлекеттик башкаруу, билим берүү тармагындагы менеджмент, эл аралык мамилелер, бизнести башкаруу адистиктерине орундар каралган.

Ушул адистиктер боюнча билим алгысы келгендер кошумча маалыматты университеттин расмий сайтынан алса болот: https://www.ada.edu.az/.

 

 

 Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер