БИЛИМ — ӨНӨР АЗЫГЫ

  • 05.03.2020
  • 0

Нарын облустук балдардын билим борбору (НОББББ) 1997-жылы сентябрь айында ачылган. Ал эми азыркы тапта болсо, билим берүүнүн жаңы иш ыргактарын өркүндөтүү менен  орус, япон, англис, кытай  тилдерди, жаш журналист, мектепке даярдоо, шахмат, компьютердик сабатка үйрөтүү, көркөм өнөр, комуз, бий, улуттук кол өнөрчүлүк жана сандар дүйнөсү ийримдери  окутуп үйрөтүүгө жетишүүдө. Негизинен борбордо 14 ийрим иштеп, 74 тайпада 1381ден ашуун окуучулар тартылган, жалпысынан 20 мугалим эмгектенишет.

БИЛИМ - ӨНӨР АЗЫГЫ

 

— Борбордун артыкчылыгы бардык ийримдердин окуучуларынын бекер билим алгандыгында. Акыркы он жыл аралыгында эл аралык уюмдар менен да алакалаш иш алып келатабыз. Атап кетсек, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, кыргыз-япон «Жайка» адамды өнүктүрүү агенттиги, Ага Хан фондусу жана КРнын Шахмат федерациясы. Аталган уюмдар тарабынан борборго кыйла көп инвестициялар тартылды. Мисалы, «Жайка» эл аралык агенттиги тарабынан 2008-жылы борбордо япон-кыргыз ресурстук борбору ачылган. Ошол мезгилден бери карай, Япониядан сегиз ыктыярчылар келип, сабак өтүп тил жана япон маданиятын үйрөтүүдө. Япон өлкөсүнөн атайын келишкен ыктярчылардан мугалимдер жана окуучулар көп жакшы нерселерди үйрөнүүгө жетише алышты. Алардан тактыкты, калп айтпаганды жана убакытты үнөмдөп, туура пайдаланганды жана ар түрдүү ыкмаларды үйрөнүп келебиз. Алардын таалимин алып, япон тилинде эркин сүйлөп сабак берүүгө жетишкен окуутучубуз Нурзат Кубатова эки ирээт Японияга барып, билимин өркүндөтүп келүүгө жетишти, биз муну эң жогорку жетишкендик деп эсептейбиз, — дейт борпбордун директору Назира Айыпова.

Борбор мамлекеттик мектептен сырткаркы билим берүү мекемесинин артыкчылыктары болуп, окуучу балдардын, бош убактыларын текке кетирбестен пайдалуу, кошумча билим алууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн арттырып, өркүндөтүү жакшы натыйжаларды берүүдө.

Ата-энелер менен өтө тыгыз байланышта болуу менен, атайын үч бурчтук программанын алкагында «Мугалим, окуучу жана ата-эне» багытында, иш алып барат. «Мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо» концепциясын турмушка ашырууда коомчулукту, үй-бүлөнү жана окуучуну тыгыз байланыштырып, коомдук өзгөрүүлөрдүн башатында, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, жашоого кайдыгер карабаган жаңы муундун өкүлдөрү да пайда болууда.

Ал эми окуу программадан тышкары, борбордо шаардык, облустук жыл сайын салтка айланган «Жаш талант», «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам», «Биз 21- кылымдын интеллектуалдарыбыз», «Акыл ордо», «Куурчактар жарманкеси», «Шахмат мелдеши», «Япон күнү», «СПИД жана биздин коом», сүрөт  көргөзмөлөрү жана сынактары өтүлүп келет.

Борбордо окутуу үчүн төмөндөгү максаттар коюлган — балдарды окутуу, өнүктүрүү, тарбиялоо, аныктоо жана далилдөө. Бул жолу айрым ийримдер тууралуу айтып берүүнү туура көрдүк.

 

«Дилгирлик  келечекке жол ачат, келечек бүгүндөн башталат»

— Aр бир бала ѳзүнчѳ аалам. Мына ошол  ааламга сүңгүп кире алган мугалим гана окуучунун дарамет-шыгын арттырып келечекке жол ачат. Аруу дүйнѳлүү балдардын жан дүйнѳсүн байытып ар тараптуу билим берүү келечектеги Кыргызстандын ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ салым кошуу болуп эсептелет.  Нарын шаарынын чок ортосунда жайгашкан эки кабаттуу чакан имаратта миңдеген окуучулар бош убактысында ѳзүлѳрүнѳ эң керектүү кошумча билим алышат.  Борбордо «Дилгир» адабий ийрими иш алып барат. Аты эле айтып тургандай, баарын билүүгѳ дилгир, ынтызаар балдар билим алат. Бир кезде күзгү астында отуруп, текст кайталап ѳзүн журналист катары элестеткен окуучулар, азыркы убакта ѳз кыялдарын ишке ашырышкан. Асаналиева Асел, Туратбек кызы Гүлмира Нарын ТВда журналист, Тѳрѳгелди уулу Бакыт “Азаттыктын” кабарчысы, ошондой эле Кудайбердиев Нурдос, Ногоева Айзада Нарын ТВда «Балакай» балдарга арналган берүүнүн мыкты алып баруучулары,  ал эми Табалды кызы Наргиза Нарын ТВда «Эрудит тайм» программасынын алып баруучусу,  «Кыз жүрѳгү ыр түнѳгү» аттуу  8-мартка арналган телеберүүгѳ ыр жазган кыздардын ырларын эл алдына алып чыгуу менен жаш калемдердин тушоосун кесип, шыгын арттыра алдык, — дейт Н.Айыпова.

«Дилгир» адабий ийрими окуучулардын өнөрүн ѳстүрүү эл алдына алып чыгуу, башкача айтканда талантты таптоо боюнча бир катар иштерди алып барат. «Тамашоунун» 16-сезонун ѳткѳрүүдө сахнада ойноо, эл алдына чыгуу, сүйлѳѳ маданиятын ѳздѳштүрүштү. Жан дүйнѳсү жай таппай, оргуштап чыккан ыр саптарын кимге окутарын билбеген окуучулар үчүн «Ырларым менин сырларым» аттуу поэзия кечелерин, «жаш калем» кароо-сынактарын дайыма уюштуруп турушат.

— Тѳрѳгелди уулу Бакыт жана Нарынбек кызы Бурулсундун «Жашоо ыргагы» аттуу ырлар жыйнагын чыгардык. Дүйнѳ элине таанымал жазуучу Ч.Айматовдун туулган күнүнѳ арналган «Аалам билген акылман талант» аттуу адабий кече, “23-сентябрь — Кыргыз тили күнүнѳ” карата Нарын шаарынындагы 10-11-класстын окуучулар арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык сынагы  жана 8-мартка карата «Апам экөөбүз  бирге сулуубуз» аттуу сулуулар кароо-сынагы жыл сайын ѳткѳрүлѳт. Сынактын өзгөчөлүгү — кыздар апалары менен катышып, өнөрлөрүн көрсөтөт. Чыгармачыл окуучулардын жазган дил баян, жаңылмач, ырлар, эсселер жомоктор камтылган «Дилгир» балдар журналы жарыкка алты  ирээт чыгарылган. Журналдын жарыкка чыгышы менен окуучулардын эмгектери өз окурмандарын  тапты.  Сабактар практикалык жана теориялык негизде өткөрүлөт. Практикалык сабактарда  музейге, галереяга, театрга, Нарын ТВга,Таш-Рабатга, Борбордук Азия университетине, МЧСге, китепканага жана окуучулар кызыккан чөйрөдө өтүүгө аракет кылабыз, — дейт борбордун директору.

Тил Японияга жеткирет

БИЛИМ - ӨНӨР АЗЫГЫ

2008-жылы Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун жетекчисинин демилгеси менен япон тили ийрими ачылган. Улам жаңыга умтулуу ийгиликтин ачкычы боло алат.

— Япон тили ийримдин окуучулары япон өлкөсүнө барып окуп жатышат. Азыркы учурда Йокохама мектебинде Төлөнбекова Алтынай окуп жатат. 2016-жылы Кыргызстандагы Япония мамлекетинин элчилиги эки жумага Японияга окутуу программасы менен Капарова Алтынай барып келди. Биринчи окуучулардын арасынан Асанкулов Тилек БГУда окуусун улантып, андан кийин Киото шаарында бир жыл окуп келип,  азыркы учурда Нарын шаарында япон тилин окутуп жатат, — дейт жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер