ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАГАНДАР РАСМИЙ МААЛЫМАТТАРГА ГАНА ИШЕНИШИ КЕРЕК

  • 04.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги чет мамлекеттерге окууга тапшырып жаткандарды ортомчуларга алданып калбоого чакырды.

  • Өзгөчө Кытай менен Россияга тапшыргандардын ичинен ортомчуларга алданып калгандар көп болот. Ошондуктан абитуриенттер министрлик таркаткан расмий маалыматтарга гана ишенип, дайыма министрликтин сайтын карап турушу керек. Азыр биз маалыматтардын баардыгын өз учурунда сайтка жана фейсбуктагы баракчага жарыялап жатабыз, — дейт министрликтин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Мааткеримова Чынара  журналисттерге берген маалымат жыйында.

Иш-чарада чет мамлекеттер тарабынан бөлүнгөн бюджеттик орундар, ага тапшыруунун жолдору жана алдыда боло турган кабыл алуулар тууралуу кенен маалымат берилди.

Буга чейин министрлик тарабынан мамлекеттер аралык келишимдер боюнча бир канча мамлекеттердин жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга кабыл алуу жүргүзүлсө, учурда  Беларусиянын жана Латвиянын  жождоруна кабыл алуу жүрүп жатат. Эртеңден баштап Казакстан менен Тажикстандын окуу жайларына кабыл алуу башталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер