ЛИЦЕНЗИЯНЫН ТАЛАПТАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

  • 27.02.2020
  • 0

Министрликте өткөн жылы лицензия берүүнүн электрондук системасы иштелип чыгып, үчтүк режимде, http://license.edu.gov.kg/ дареги боюнча ишке берилди. Коллегияда азыр мындай кадамдын абадай зарыл болуп жаткандыгы, өзгөчө медициналык окуу жайларга лицензия берүүдө талаптарды күчөтүү керектиги КОЛЛЕГИЯДА айтылды.

ЛИЦЕНЗИЯНЫН ТАЛАПТАРЫ  КҮЧӨТҮЛДҮ

 

  • Билим экспорту абдан маанилүү жана өлкө үчүн зарыл. Бирок пайданын артынан кубалоо менен өлкөнүн имиджине көлөкө түшүрө турган абалга жетпешибиз керек. Негизи медициналык окуу жайдын сөзсүз түрдө клиникасы, лабораториялары, мыкты инфраструктурасы, эң негизгиси илимий кадрлары болушу керек. Азыр дал ушул багытта бир канча жаңы  окуу жайлар ачылууга   даярданып жатканын билебиз. Ошондуктан бул маселеге дыкат мамиле кылыш керек, — деген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова министрликке бул маселени катуу көзөмөлгө алуу  тапшырмасын берди.
Бөлүшүү

Комментарийлер