К.ИСАКОВ: “БЫЙЫЛ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ТОЛУК  САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ”

  • 27.02.2020
  • 0

Коллегиянын жыйынында Каныбек Исаков жогорку кесиптик билим берүү тутумун санариптештирүүдө жасалып жаткан иштерге жана келечектеги пландарга дагы токтолду.  Негизинен электрондук документ алмашуу, “Бирдиктүү терезе», электрондук лицензиялоону ишке ашыруу, абитуренттерди он-лайн кабыл алууну уюштуруу, билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын толук киргизүү зарылдыгына басым жасап,  окуу жай жетекчилеринин алдына бир катар милдеттерди койду. Санариптешүү шартында билим берүү 27-февралда БМУда болгон билим берүү форумунун дагы негизги темасы болду.

 

АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ

К.ИСАКОВ: “БЫЙЫЛ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ТОЛУК  САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ”

Быйыл бардык окуу жайлар окуу процессин башкаруунун маалыматтык автоматташкан системасын, “Бирдиктүү терезе” модулун жана Дата борборун толук кандуу ишке киргизиши  керек. Ал  “Түндүк” маалымат алмашуу системасына кошулат.

  • Ушул жылы массалык түрдө ишке киргизилип жаткан “Бирдиктүү терезе” модулун ишке ашырууда окуу жайлар өтө эле кайдигерлик менен мамиле кылып жаткандыгы байкалат. Мындай ыргак менен кетсек, санариптештирүүнү биз каалаган, коомчулук күткөн деңгээлге чыгара албайбыз. Бул адам факторун төмөндөтүүдө чоң жардамчы. Негизи билим берүүнүн түрдүү багыттарында, мисалга алсак, окууга кабыл алууда, кызмат көрсөтүүдө, лицензиялоодо, ресурстарды бөлүүдө ж.б. адам факторун кездештирүүгө болот. Андыктан биз адам факторун мүмкүн болушунча чектеп, адамдарга жакшы шарттарды түзүп беришибиз керек, — деди министр өз сөзүндө.

 

 

ПАЙДА ЖАНА ИМИДЖ

К.ИСАКОВ: “БЫЙЫЛ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ТОЛУК  САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ”

Министрликте өткөн жылы лицензия берүүнүн электрондук системасы иштелип чыгып, үчтүк режимде, http://license.edu.gov.kg/ дареги боюнча ишке берилди. Коллегияда азыр мындай кадамдын абадай зарыл болуп жаткандыгы, өзгөчө медициналык окуу жайларга лицензия берүүдө талаптарды күчөтүү керектиги айтылды.

  • Билим экспорту абдан маанилүү жана өлкө үчүн зарыл. Бирок пайданын артынан кубалоо менен өлкөнүн имиджине көлөкө түшүрө турган абалга жетпешибиз керек. Негизи медициналык окуу жайдын сөзсүз түрдө клиникасы, лабораториялары, мыкты инфраструктурасы, эң негизгиси илимий кадрлары болушу керек. Азыр дал ушул багытта бир канча жаңы  окуу жайлар ачылууга   даярданып жатканын билебиз. Ошондуктан бул маселеге дыкат мамиле кылыш керек, — деген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова министрликке бул маселени катуу көзөмөлгө алуу  тапшырмасын берди.

 

АККРЕДИТАЦИЯДАН КАЧПАШ КЕРЕК

К.ИСАКОВ: “БЫЙЫЛ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ТОЛУК  САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ”

Министр жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилерин көз карандысыз аккредитациядан өтүүдөн качпоого чакырды. Аккредитация тескерисинче билим берүүнүн сапатын көтөрүүчү негизги инструменти болуп саналат.

Негизи 2017-2019-жылдар аралыгында аккредитациялык агенттиктер тарабынан 43 окуу жайы 372 программа боюнча, 107 жогорку жана орто кесиптик окуу жайы 503 программа боюнча, 42 кесиптик лицей, 196 башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча көз карандысыз аккредитациядан өткөн. Мындан тышкары үч жогорку окуу жайы институционалдык аккредитациядан өтүп, сапаттык деңгээлин тастыктап алышты.

Министрдин айтымында, эми окуу жайларга сапаттык баа берип жаткан көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин иштерине мониторинг жүргүзүлүп, аларга болгон  талаптар күчөтүлөт.

  • Азыр агенттиктердин дагы деңгээли ар түрдүү. Жакшы талап койгондору, ошол эле учурда формалдуу түрдө иштеп жаткандары дагы бар. Биз эптеп иштеген агенттиктерге чекит коюшубуз керек. Ата мекендик окуу жайлардын улуттук рейтингин чыгаруу системасын дагы андан ары бекемдеп, ар бир билим берүү программасынын, керек болсо  ар бир окутуучу-профессордун рейтингин чыгарууга жетишүү зарыл, — дейт Каныбек Исаков.

2018-2019-окуу жылы НААР агенттиги тарабынан Кыргызстандын жождорунун билим берүү программаларынын (адистиктердин)  жана профессордук-окутуучулук курамдын рейтингдери чыгарылган. Бул ыктыярдуу рейтингде мамлекеттик жождордон бакалавриат боюнча 179 программанын жана магистратура боюнча 19 багыттын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү берилген. Бул рейтингге сапатка жооп берем деген бардык окуу жайлар катышып, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшү керек. Себеби Кыргызстан жождорунун академиялык репутациясы башка өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүкүнөн төмөн. Бул өлкөлөрдөгү эң мыкты университеттер рейтингине Кыргызстандын эки гана окуу жайы кирген. Мыктылардын катарынан Казакстандан 24, Россиядан 105 окуу жайы орун алган. Демек, окуу жайлардын баардыгы эл аралык рейтингдерге катышып, бара-бара билим берүүнүн сапатын жана Кыргызстандын имиджин жогорулатышы керек.

 

 

 

ГРАНТ БѲЛҮШТҮРҮҮГѲ ЖАӉЫЧА МАМИЛЕ

К.ИСАКОВ: “БЫЙЫЛ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ТОЛУК  САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ”

Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигине жогорку окуу жайларга кабыл алууда мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан гранттык орундарды максаттуу, эмгек рыногуна ылайыктап бөлүштүрүү талабын койду.

  • Быйыл бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөштүк. Аны өз убагында чечип калышыбыз керек. Гранттык орундарды конкурстук негизде бөлүштүрүп, бюджеттик орунга тапшырып жаткан абитуриент кайсы окуу жайды тандаса акчаны ошол жакка жибергидей бололук. Ошондо окуу жайлар арасында атаандаштык  пайда болот. Атаандаштык бар жерде өнүгүү болот. Ошондуктан быйыл гранттык орундарды бөлүштүрүүгө жаңы ыкмаларды алып келгиле. Өзгөчө басым педагогикалык адистиктерге жасалышы керек. Бул адистикке тандоо дагы сапатсыз болуп жатат. Эптеп 110 баллдан жогору алган абитуриенттерди ала бербешибиз керек, — дейт А.Өмүрбекова.

Билим берүү жана илим министри дагы өз сөзүндө бул жаатта структуралык жана мазмундук дисбаланс (эмгек рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы айырма чоң) бар экендигин, эмгек рыногуна 73% гуманитардык жана социалдык-экономикалык багыттагы, ал эми техникалык жана айыл чарба багыттары боюнча 17% гана бүтүрүүчүлөр чыгарылып жатканын айтып, бул маселени чечүү биринчи кезектеги милдеттердин катарында тургандыгын белгиледи.

 

БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШ

К.ИСАКОВ: “БЫЙЫЛ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ТОЛУК  САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ”

Билим берүү уюмдары менен эмгек рыногундагы байланышты бекемдөө, анын ичинде жумуш ордунда окутууну ишке ашыруу, иш берүүчүлөр менен социалдык өнөктөштүктү жайылтуу маселеси дагы коллегиянын башкы темаларынын  бири болду. Бул маселени чечүү үчүн Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн билим форумунда Билим берүү жана илим министрлиги  менен КР Жогорку технологиялар паркы кызматташуу келишимине кол койду. Эми окуу жайлар багытына жараша түрдүү мекеме, ишканалар менен иштешип, студенттер теориялык алган билимин  практика менен айкалыштыра алышат.

 

ЫКШОО ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ…

Билим берүүнүн сапаты башкаруунун сапаты менен байланышкан. Андыктан 2020-жылы мектеп директорлорунун, райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын башчыларынын, лицейлердин, колледждердин директорлорунун, университеттердин ректорлорунун ишмердүүлүгүн баалоо критерийлери киргизилет. Башкача айтканда, ар бир жетекчи өзүнүн эмгегине жараша баасын алат. Жакшы иштегендерге артыкчылыктар берилип, ыкшоолуктун сазынан чыга албагандарга тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

 

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер