РЕСПУБЛИКАЛЫК “БАЛАСТАН КУБОГУ” ТАЙМАШЫНЫН ТАНДОО ТУРУ ӨТТҮ

  • 24.02.2020
  • 0

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата “Баластан” интерактив журналы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштуруп жаткан “Баластан кубогу” таймашынын тандоо туру аймактарда жана Бишкек шаарында болуп өттү.

РЕСПУБЛИКАЛЫК “БАЛАСТАН КУБОГУ” ТАЙМАШЫНЫН ТАНДОО ТУРУ ӨТТҮ

27-январдан 1-февралга чейин “Баластан кубогу” таймашынын тандоо туру Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында болуп өттү. Таймашка өлкө боюнча 7 жаштан 12 жашка чейинки 2200 окуучу катышты. Алардын ичинен алдыңкы 120 окуучу финалдык турга жолдомо алды.

Сынак “Баластан” журналынын негизинде түзүлгөн 40 суроодон туруп, тест түрүндө өттү. Ар бир райондон 1-2 жана 3-орунду алган катышуучулар грамота жана китептер топтому менен сыйланды. Андан сырткары конкурска активдүү катышкан окуучулар мактоо баракчасы менен сыйланып, кызыктыруучу белектерге ээ болушту.

Ошондой эле уюштуруу иштерине жигердүү катышкан мугалимдер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан грамота менен сыйланды.

Таймаштын максаты – балдар арасында кыргыз тилин, балдар адабиятын жана маданиятын жайылтуу. Балдарды, ата-энелерди китеп окууга, журнал окууга тартуу болуп саналат.

“Баластан кубогу” таймашынын финалдык туру 28-февралда Бишкек шаарында өтөт. Финалдык турда жеңген катышуучуларга ноутбук, велосипед жана букридер сыяктуу байгелер ыйгарылат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер